Майып уулун караган эне: «БАЛАМДЫ КӨЗҮМДҮН ТИРҮҮСҮНДӨ АЙЫКТЫРЫП АЛАЙЫН ДЕЙМ»

Дөөлөттүү карылыкта уулунун урматын, келининин кызматын көргөн аксакал, байбиче болууга эмне жетсин. Бирок бардык карыларыбызга мындай таттуу турмуш, бактылуулук буюрган эмес экендиги зээн кейитет. 5 жылдан бери баласы менен кошо ооруган эненин арманы кандай болорун элестетип көрдүңүзбү?

«УБАГЫНДА ДАРЫЛАСА АЙЫКМАК ЭКЕН»

Кеңсебизге Ысык-Ата районунун Биринчи Май айылынын 65 жаштагы тургуну Сабира Осмоналиева кайрылган. Ал баласынын биринчи топтогу майып болуп калышына дарыгерлер күнөөлүү экенин айтат:

– Абышкам экөөбүздүн 3 балабыз бар. 2 уулум үй-бүлө күтүп, өзүнчө жашашат. Ортончу уулум Мурадил 1977-жылы төрөлгөн. Азыр 39 жашта. Биринчи топтогу майып. Ал эл катары үйлөнгөнү менен, балалуу боло албай келинчеги экөө ажырашып кетишкен. 2012-жылы 25-январда жүрөгүнөн инсульт алып, Кант шаардык ооруканасына оор абалда түшүп калды. 3 күн бою жандандыруу бөлүмүндө жатты. Ал жакта жатканда эч кандай жылыш болбогондугуна байланыштуу башкы дарыгерге барып «Бишкектеги ооруканага алып кетели» десем, «балаңар шаарга жетпейт» деп койду. Анын жасаган мамилеси адамга эмес, айбанга да жакпайт эле. Кийин башка оорукананын дарыгерлери балама жардамды так жана өз убагында көрсөткөндө жок дегенде колу-буту иштемек экендигин айтышты. Канттагы дарыгерлердин шалаакылыгынан балам майыпка айланып калды.
Көп жөтөлчү болду. Кийин Бишкектеги ооруканага алып келдик. Бул жактан бир нече медициналык кароолорду жасаттык. Баламдын өпкөсүнө катуу суук тийиптир. Инсульт алганда башына, тагыраагы, мээнин кара куш бөлүгүнө кан уюп (тромб) калган экен. Эми кайсы ооруканага алып барбайын «кеч болуп калды» деген гана жоопту угам. Балким, чет өлкөдөн айыгып кетет деп үмүттөнөм, бирок каражатыбыз, шартыбыз жок. Анткени ал жактагы операция жасоонун наркы сом эмес, доллар да эмес, евро менен болуп жатпайбы.

«КИМДЕН ЖАРДАМ СУРАШТЫ БИЛБЕЙ КАЛДЫМ»

– Азыр балам төшөктөн турбайт, кыймылы жок. Тилден да калган, сүйлөбөйт. Кашында дайыма бир киши болушу керек. Ичкени суюк тамак, памперс киет. Жөтөлү токтобойт. Анысын дарылаганга аракет кылдым, бирок жыйынтык жок. Айлам кетип адал, арам экенине карабай ар түрдүү жаныбарлардын майын ичирдим, болбоду. Ооруканадан чыгарда уулумдун кекиртегине какырык, шилекейи чыгып туруучу түтүкчө (трубка) тагып берген. Анысын мезгил-мезгили менен алмаштырып туруу керек. Тилекке каршы, андай шайман Кыргызстанда жок болуп чыкты. Орусиядан алдыртайын десем документалдуу түрдө жана эмнеге алып жатканымды көрсөтүү керек экен. Ал жакка ким барып алып келет?
Сопсоо жүргөн баламды күтүүсүз жерден оору менен дарыгерлер майып кылып койду. Алардын үстүнөн арызданган жокмун. Себеби уулум деп чуркап жүрүп көп убакыт өтүп кетти. Анын үстүнө ал дарыгерлердин аты-жөндөрүн деле унутуп калдым. Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылдым, ал жактан биринчи топтогу майып деп, Социалдык камсыздандыруу фондунан айына 2000 сом акча бөлүнүп берилет. Өзүм 4000 сомго жетпеген пенсия алам. Ичкен ашыбызга, баламдын дары-дармектерине бул каражат жетпейт. Күнүмдүк оокатыбыздан артпайт. Балам жүрөктү эзип телевизордон көргөн ооруканаларды, дарыгерлерди, дары-дармектерди тамгалардын жардамы аркылуу айтып, «мени алып барбайсыңарбы» дейт. Тамгаларды көзү аркылуу түшүндүрөт. Көңүл бурбай коёюн десең көңүлүн кыя албайсың. Азыр кимден, кайдан жардам сураарымды билбей турам. Көзүмдүн тирүүсүндө айыктырып алсам, адам санына кошуп койсом экен дейм.

"Кекиртегиндеги түтүктүн эскилиги жетти. Жаңысын алганга акча жетпей жатат".


Бактыгүл Момбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мурадил Жабиев баса да, сүйлөй да албай, 4 адамдын кароосунда
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
kanu
2016-10-18 21:20:00
колунда барлар жардам берип койсо сообу тийет,байкуш энеге аябай кыйын да,энелерге баланыкын бербесин,ойлонуп журуп карып кетишет бат эле
+1
Kyialkech
2016-10-18 22:10:12
Мен да ыйладым. Бироого зар акча бироого кор. Аллахым озу таразалайт. Аллах озунузго жар болсун.
+1
Bibi2009
2016-10-18 23:44:22
Аллахым озу шыпаа берсин, ылайым балдарыныздын топнудо кулуп жайнап журун
0
Psixolog_po_jizni
2016-10-19 10:04:21
Алты саныбыз аман болгонуна шүгүр дебей көөп нерселерге нашкүр пенде экенбиз, атаандашып ич күйдүүлүк кылып, ушак таратып, байлыкка такыр тойбой кудайга шүгүр айтканды унутуп. Эң биринчи ден соолук, өмүр берсин калганы болот. Ооруну берген кудайым шыпасын кошо берсин ылайым сакайып кетиниз. Апанын сүйүүсү гана өзгөрбөйт деген туура сөз экен, эне жүрөгү ушундай да сизге Аллахым ден соолук өмүр берсин, балаңыз аман эсен сакайып кетсин аминь
0
Sirduusezim
2016-10-19 13:42:29
Шыпаасын берсин эчким орубасын ушуларды коруп мен шугур дейм, анан чойромдогулор кемсинтсе жашагым келбей кетет
0
Krai
2016-10-19 13:47:59
Биздин байлар 2млнго бир машинесинин номерин алгыча ушуга окшогондорго жардам берсе кудай ай аркы дуйнодо да жузу жарык болоор эле го
+3
Sara07
2016-10-19 20:18:36
Банктан счет ачышса ,колубуздан келишинче жардам берет элек. Коп тукурсо кол болот . Айыгып кетиниз !
+1
nazi-kadyrovna
2016-10-19 22:40:18
коруп аябай ыйладым анын кулагы угат да алдында суйлобосонуздор тушунуп ыйлап атпайбы кудайым ай шыпаасын бере кор жок дегенде апасынын аты жону толук адреси болсо кичине болсо да кыргыз элим жардам бере эле
+1
znanylay
2016-10-20 13:23:54
Кандай оор тагдырлар бар бул жашоодо(((.Кандай өкүнүчтүү,тооону жыга турган мезгилде минтип жардамга муктаж болуп төшөктө жатканы...Кудай таалам шыпаасын берип,жакшы болуп кетсин!
0
azder19
2016-10-20 19:50:39
Аллах шыпаасын берсин энелер аман болушсун
0
Bek94
2016-10-21 02:50:57
Эх жашоо жашоо неге мынча татаал. жүрөгүм ооруп кетти кээде нараазы болуп кетесиң тагдырга.
0
princessa0712
2016-10-21 05:17:02
эээ кудайым шыпасын берчи ушу байкевизге. коруп алып ыйлап отурам. атасын коруп бооорум ооруду. Аллах шыпаасын берсин омийн
0
Begimjan
2016-10-21 21:10:39
э алла бир гана сиз бар сизден башка алла жок,озунуз жардам бере корун энелерди ыйлатпан.
0
Naima2604
2016-10-24 13:43:03
Эх адамзатбыз баардык нерсеге шугур кылышыбыз керек биринчиден ден-соолугубуз чын болсун. Мурадил агабызга кудайым шыпаасын берсин коруп алып ич ичимден сыздап кеттим.Коргон билгендер болсо Мурадил агабызга дубаа кылып туралы.
0
Sofy
2017-04-01 19:02:38
Admin kak mojno im pomoch'? Pochemu kontaktnyh dannyh ne ostavlyaete?
0
№ 728, 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан