Токтобүбү Черикчиева: "КОНЦЕРТТЕН ТАПКАН 2 МҮШӨК АКЧАНЫ 5 КҮН УКТАБАЙ КАЙТАРГАНБЫЗ"

2-классынан тарта комуз мектебине барып, 15 жашында филармониянын астанасын аттап, алгач элге комузчу катары таанылган Токтобүбү Черикчиева кийин эстрада жылдызына айланды. "Кечээ эле кичинекей кыз эле" деп улуу муун эскергендей, жылдар суудай агып, ырчынын сахнада жүргөнүнө быйыл 30 жылдын жүзү болуптур.

Туулган жылы
– 1969-жыл, 5-апрель
Туулган жери – Ак-Талаа району, Баетов айылы
Сыйлыгы – "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин ээси
Ырларынын саны – 30дан ашуун

"АПАМ ЖЕКЕ ЖАШООСУН МЕН ҮЧҮН КУРМАН КЫЛДЫ"

-Мен 3 жаштан өтүп калганда апам менен атам ажырашып кетишиптир. Апамдын жападан жалгыз кызы менмин, кийин турмушка да чыккан жок, жалгыз өзү мени канаттууга кактырбай аталуудан артык бакты. Райондун борборундагы универмагда иштечү, айылга жаңы түшкөн модалуу кийимди эң биринчи чоңдордун балдары, анан мен кийчүмүн. "Союз маалында бош жүргөн адам болгон эмес" деп улуу муун айтып калат эмеспи, апам да элге кошулуп сакманга, чөп чапканга барчу. Ал жакка жеткиче айдоочунун жанындагы орундукка жайгашып алып, жолду катар заңкылдап ырдап барар элем. Кайсы ырды ырдаганымды деле билбейм, эл кол чаап сүрөп койсо, өзүмдү асманда учуп жүргөндөй сезчүмүн.
2-класстан тарта музыкалык мектепке бара баштадым, агайым Нурак Абдырахманов болчу. Бир жыл сабак бергенден кийин агай Ак-Талаадан борборго которулуп кетти. Арадан жылдар өтүп 8-классты аяктаганымда комузчу деген күбөлүк да колума тийди. Анан эле "борборго барып окуумду улантам" деп чыктым. Апам менин жолумду торогон жок. Ал киши өзүн мен үчүн курман кылды десем болот. Автобуска түшкөндөн тарта борборго жеткиче көзүмдөн жашым салаалап агып ыйлап келгем. Апам айына бир жолу этти чала кууруп банкаларга салып алып, боорсок бышырып мага келип кетчү. Келген сайын кучактап алып буркурап ыйлайм. "Өзүмдү алаксытайын, апамдын мага болгон ишеничин актайын" деп бүт дитимди, эси-дартымды окууга бургам. Апамдын бул дүйнөдөн өтүп кеткенине 6 жыл болду. Арбагы ыраазы болсун деп ар бир ийгилигимди ага арнайм.

"Биринчи жолу Москваны 15 жашымда көрдүм".



"ТОПТОГУЛАРДЫН БАЛДАРЫН БАГЫП, КИЙИМДЕРИН ЖУУЧУМУН"

-Ушунчалык бактылуу кыз экенмин. Филармониянын алдындагы 2 жылдык студияны аяктагандан кийин кыргыз маданиятынын каймактары, залкарлары Эстебес Турсуналиев, Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Мыктыбек Үмөталиев, Толтой Мураталиев, Уркаш Мамбеталиев иштеген "Эл шайырлары" тобуна кабыл алындым. Эң жашы эле мен болчумун. Баары мени кызындай жакшы көрүп эркелетишчү. Союз мезгилиндеги гастролдор айлап узарчу. Кыркынга да, кыштоого да, жайлоого да, каякка айдабасын барып концерт берчүбүз. Чоң эжекелер балдарын жанында алып жүрүшөт, алардын балдарын багып, чайын кайнатып, байкелердин кийимин жууп, үтүктөп да берчүмүн.
Топто жыйырмадай киши барбыз, сыйлайбыз деп айыл аксакалдары же башкармалар концерттен кийин баарыбызды коноктойт. Мына ошондо чыныгы концерт башталчу. Менин таң калганым, Эстебес агай тынбай 3-4 саат деле төгө берчү. Улууну сыйлоо, алдынан кыя өтпөө деген ал учурда мыйзам эле. Улуулар ырдап, төгүп, каалоосун айтып бүтмөйүнчө мага окшогон жаштарга кезек келчү эмес, таң ата баштаганда гана бир аз ырдап калганыбыз болбосо. Анан да улуулар сыртка чыкмайынча бутуң уктап, уйкуң келип, көзүң карайласа да ордуңдан жылмай жок. Таң атканда коробкаларга устукандарыбызды салып беришет, аны мен байкуш көтөрүп барып автобуска салам, анан мейманканага жөнөчүбүз.
Бул топто 25 жылдай иштедим, анын 15 жылы эң кичүүсү катары айткан жактарына чуркап жүрүү менен өттү. 15 жылдан кийин менден кичүү Гүлгаакы Сагындыкова деген кыз келди, анан "өх" деп бир аз эс алып калдым.

"Эл шайырлары" тобу. Биринчи катарда, солдон оңго карай: Эстебес Турсуналиев, Мыктыбек Үмөталиев, Ашыралы Айталиев. Экинчи катарда, солдон оңго карай: Толтой Мураталиев, мен, Райгүл Деркенбаева, Нуржамал Табалдиева, Абдылда Нуралиев".



"ТӨРӨП ЭЛЕ ЖУМУШКА ЧЫГЫП ЖАТТЫМ"

-Биринчи жолдошум Бектен "Ак марал" бий тобунун алдыңкы бийчиси болчу. Экөөбүз Италияга 2 жолу гастролго чогуу барып, сүйлөшүп калдык. Мамилебиз келишип, 20 жашымда ал кишиге турмушка чыккам. Бирок киши колдуу болуп каза болуп калды. Кийин турмушка чыгып бир уул, бир кыздуу болдум. Мен бала бакканды деле билген жокмун. Төрөп эле жумушка чыгып кетип жаттым. Апамды айылдан шаарга көчүрүп келип алгам. Мамлекет келечеги бар деген артисттерге Жал кичи районунан 1 бөлмөлүү үй берген. Апам балдарымды карап такай менин жанымда болуп, ошол үйдө жашадык.

"Мага жардам берген Кудай, анан апам болду. Өмүрүмдө бир жолу директордун кабинетине кирип бир нерсе сурап көргөн эмесмин. Жумушта бухгалтерияны, кассаны, анан сахнаны билем. Башынан эле өзүм менен өзүм болуп келе жатам. Мени айрымдар "одинокая волчица" деп коюшат".



"КАЧАН ӨЛТҮРҮП КЕТЕТ ДЕП КОРККОНУБУЗДУ СУРАБА"

-Ырчы катары элге алынгыча эле мени көпчүлүк комузчу деп таанып калышкан. 1990-жылы Асанкан Жумакматов жетектеген чакан топ Германияга гастролго бармай болду. Андай алыскы сапарда бир адам бир нече роль аткарса пайдалуу эле. Асанкан агай "Токтобүбү, сен жакшы ырдайсың, кыңылдаганыңды угуп калам, ырдап көрчү" деди. "Сен кызыл гүл жайнаган" деп комуз менен ырдасам, "болду, жетет, Германияга сен барасың. Ырдайсың, күү ойнойсуң, ооз комуз чертесиң" деди. Ошондон баштап ырчылыгым башталды. Ушул эле жылы "Жолугуу", "Кайыр кош" деген ырларды эстрада жаатында ырдап чыктым.
"Жалгыздыктан тажап бүттүм" деген ырым 1996-жылы жазылган. Негизи бул ырдын сөзү да, обону да
Элмирбек Иманалиевге таандык. Бирок Элмирбек менен макулдашып алып, ырдын текстин Шайлообек Дүйшеев агайга жалгыздык жөнүндө кайра жаздырып чыккам. 1997-жылы "Жалгыздыктан тажап бүттүм" деген аталыш менен борбордо Нооруз майрамына карата 4 күн концерт бердим. Элдин көптүгүнөн филармониянын айнектери талкаланганы эсимде. Билеттерди 20 сомдон сатып, 2 мүшөк акча тапкам. Мындай акча кармап көрбөгөн жаныбыз апам, аталаш иним, мен болуп акчаны үйгө жеткиргиче коркуп бардык. Анда Жалдагы 1 бөлмөлүү үйдө жашачубуз. Ошол үйдү чоңойтуп 2 бөлмөлүү кылып алалы деген планым бар эле. "Бирөө бизди өлтүрүп, акчабызды тартып кетпесе экен" деп алаңдаганыбызды сураба, түнү менен уйку жок. 8-кабатта жашачубуз, лифт келип токтосо эле көздөрүбүз тостоюп, сыртты тыңшап отуруп калабыз. Ошентип ал акчаны 5 күн кайтарып жатып үй алганбыз.

"Мыктыбек Арстанбек уюштурган "Жалаң кыздар жана мен" долбоорунда түшкөн сүрөтүбүз".



"КАЙРАДАН ЖАЛГЫЗДЫК БАШКА КЕЛГЕНДЕЙ ЖАМАН БОЛДУМ"

-Эл шайырлары" тобунда 25 жыл иштегенден кийин кетүүгө аргасыз болдум. Атадан көрбөгөн мээримди филармонияга келип Эстебес, Ашыралы, Асанкул агайлардан көрдүм. Алар мага өз кызындай мээрим төгүштү, эркелетишти. Ушулардын көзү өткөндөн кийин иштегим келбей, жалгыздык кайра башка келгенсип аябай жаман болдум. Азыр ошол убакты эстесем ыйлагым келип кетет.
Бир жагым кемигенсип, мага жакшы сөз айтчу эч ким калбай калгандай боло бергенде 2010-жылы арыз жазып, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы элдик оркестрге которулуп кеттим. Ушул убакка чейин ошол жерде эмгектенип келем.

Самара Токтакунова, устаты: "МЕН ҮЙРӨТКӨН КҮҮЛӨРДҮ УНУТТУ ДЕП ТААРЫНЫП ЖҮРӨМ"

– Мен Токтобүбүгө таарынып жүрөм. Мурун окуучуларым комуз үйрөнгөнү үйгө келишчү. Алгач алардын курсагын тойгузам, анан шашпай комузга киришчүбүз. Ошондой шакирттеримдин бири Токтобүбү менин колума 15 жашында келген. Музыкантта эс тутум, угуу жана ыргакка түшүү жөндөмү болуш керек. Менин окуучумда бул үчөө тең "5" деген баада, өтө күчтүү музыкант. Эмнеге таарынып жүрөм? Мен үйрөткөн күүнүн баарын унутту. Кайран эмгегим өлдү. Менден кийинки эле ансамблдин солисти ушул болмок. Таза, түз, жылдыз болуп кетпей, жумушка жоопкерчилик менен мамиле кылып жүрсө, эмгиче Эмгек сиңирген артист наамын алат беле. Өткөндө жолугуп калсак "эмнеге мага көңүл бурбайсыз, окуучуңузмун го" деп таарынат. Түз жүргөндөй көрүнөт, бирок арасында ушак-айыңга аралашып, шоктонуп коёт окшойт. Ал ырдагандай эч бир ырчы ырдай албайт. Угармандын оюн, ички туюмун, сезимин таап ырдайт. Азыр деле кеч эмес. Кудай берген талантын аздектеп, бийик алып жүрсүн. Ага Токтобүбүнүн алы жетет.

Нуржамал Табалдиева, ырчы: "КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫН БААРЫН ЖЕҢЕ БИЛДИ"

– Токтобүбү менен "Эл шайырлары" тобунда көп жыл чогуу иштедик. Жалгыз кыз деп баарыбыздын боорубуз ооруп, колдошубуз керек деп турчубуз. Биз жумушка келбей калсак же кечигип келсек топтун жетекчиси Эстебес агай бизди кадимкидей урушчу. Токтобүбү ошондой кылса ага сүйлөй алчу эмес. Эшиктен кирип келип "жезде, саламатсызбы?" деп бетинен өөп койсо эле бүттү, жайдары болуп жатып калчу. Айылдан келгенде Самара эженин колуна түшкөн. Эженин окуучуларынын ичинен угуу жөндөмү күчтүүсү, эң кыйыны Токтобүбү эле. Кийин эстрадага өтүп кеткени бир аз капа кылды. Ырдаганы деле жаман эмес. Угармандын жүрөгүн эзип, алдын ойго салып, артын ыйлатып коёт. Адамгерчилиги бийик, сөзгө туруктуу, ак көңүл адам. "Ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт" болуп, бул мүнөзүнүн азабын көп тартты. Экинчи турмушунан да жолу болбой кыйналды. Бирок кандай кыйынчылык болбосун баарын жеңе билди. Учурда радиолордун биринде арабыздан өтүп кеткен залкарларды эскерип "Чексиз" деген уктурууну алып барат.

Сагын Ниязалиева, режиссёр: "КОНЦЕРТИНДЕ ЭЛ ТУРУП АЛЫП КОЛ ЧАБЫШКАН"

– Ал кез азыркыдай өнүгө элек учур. 1997-жыл. Токтобүбүнүн биринчи концертин мен уюштуруп, телевидениеге тарткам. Анда ырчы популярдуу болсо билеттер калбай калчу. Концерттин алдынан мен, Токтобүбү, айдоочу болуп түнү бою камыр менен афиша чаптап чыкканбыз. Ошол кезде ал Ибрагим Жунусовдун "Колукту" деген чыгармасын ырдап чыгып, 2 кишинин бири эле ушул ырды созуп калган. Эстрада менен фольклорду айкалыштырган өзгөчө концерт болгон. Соңунда Асанкан Жумакматов өзү дирижёрлук кылып, Токтобүбү оркестр менен ырдап, көшөгөнү "Маш ботой" күүсү менен жапканда эл бир топко кетпей туруп алып кол чабышкан.

"Кызым Медина менен".


"Балам Чыңгызга "мага сендей кезимде мамлекет 1 бөлмөлүү үй берип койгон. Иштесең эле тиштейсиң" деп көп айтам".


Сүйүн Кулматова
(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Maha-0711
2016-10-17 18:14:29
Токтобуунун уну аябай тунук узаак созот
+6
aziziko
2016-10-17 20:32:27
Мирбек Атабеков менен Гулзада Рускулова тороло электе ырдап чыгыптыр . Уялсанар боло чондор . Акча суйлоп калган Кыргызстанда баары
+15
tamara86
2016-10-17 22:01:39
Урматтуу админ Кенже Кобокова тууралуу макала жазсаныздар деп суранат элем.Ырлары абдан жагат
0
ilgis1991
2016-10-18 02:39:47
Самара эженин айтканын тушунгон жокмун.....
+2
tavanova.sarah
2016-10-18 09:43:36
Барибир мурунку муундун адамы, мурунку муундун тарбиясы! Создору орду орду мн! Азыркы ырчылардай чалды-куйду, аалы жетишинче мактанган интервью эмес!
Шикирттери бар бекен?
Ийгилик!
+6
munarik
2016-10-18 13:13:52
Токтобубу эженин уну озгочо,кайталангыс!Чынында Гулзада менен Мирбектин жанында таланты ото бийик.Коздору корбойбу чыныгы таланттарды?Элге эбак эле эмгеги синген,бийлик баалабаса дагы сизди эл баалайт.Бар болунуз эжеке!Талантынызга таазим!!
+6
munarik
2016-10-18 13:15:12
Самара эже ырчынын комузда ойноп куу чертсе коп ийгиликтерге жетмек деп ойлойт экен да
+3
shamshiev.80
2016-10-18 13:40:48
Балдарынын атасы жонундо айтып койсо жакшы болмок
+2
Amankg
2016-10-18 17:52:31
Токтобубу эже сиздин унунузго эч ким жетпейт. Нукура кудай берген талант. Сиздин ырларынызды чын журоктон угабыз. Ишинизге ийгилик каалайбыз. Чыгармачылыгыныз оркундой берсин
+3
burkut100
2016-10-19 11:07:45
Балдарынын атасын такыр айтпайт го, кайсы интервьюсун окубайлы
0
dobrajelatel
2016-10-19 23:42:46
Окмот эмес эл баалайт. Эл оз иргеп алат кимдин эмгеги канчалык сингенин. Наамы жок болсо да Токтобубу Черикчиева алардан ойдо, кадыр-баркы таланты менен.
+1
Kroxa
2016-10-20 07:26:50
Эл артисти жаштарга берип койду Токтобубу качанкы союз маалынан бери журуп алаэлек,уят биздин маданият министири иштебей эле акча чечип ким кимдин тоюнда бекер ырдаса эл артисти азыркы жаштар той алпарып кечее чыгып бугун эмгеги синип кетет...уяаат ай уяаат...
0
azamat.k
2016-10-23 14:58:37
Черикчиеванын ырынан деп ырдайт элек да.
0
Aijash90
2016-10-23 17:49:05
Оа көп эле шоктонот окшойт...сигаретти түтөтүп атканын Ош нуру гостиницанын алдында көргөм өтүп бара жатып
-1
Misi
2016-10-24 07:24:44
Azamatsyz eje, ununuzgo bereke!!!Siz daiyma el artisrisiz, eliniz siz menen, talantynyzdy el baalait!!!
0
№ 728, 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан