ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (17-октябрдан 23-октябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Сиз чөйрөдөгүлөргө туура, калыс мамиле жасап жатам деп ойлойсуз. Чындыгында андай эмес экендиги айкындалып, мамилеңизди өзгөртүүгө мажбур болосуз. Таанышыңыздын арты менен керектүү буюмду карызга ала аласыз. Апта аягында акча колуңузга тиет жана бирөөлөрдү тосуп алуу, узатуу машакаты чыгат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Буга чейин бүткөн иштер өз жемишин бере баштайт. Уйкунун да, үй иштеринин да майын чыгарасыз. Жыйналбай жаткан короо-сарайыңыз иретке келет. Түзүлгөн кырдаалдан чыгууга жол таппасаңыз жакыныңызга кеңешке кайрылыңыз. Жылуу кийим-кечек сатып алуу максатында базар кыдырууңуз ыктымал.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жылдыздар болбогон нерселерге нерв коротпой, токтоо болууну сунушташат. Бир ок менен 2 коён атам деп бир нече ишке бир убакта киришсеңиз, жыйынтыгы начар болуп каларын эске алыңыз. Жетекчилик айлыгыңызды көбөйтүүсү мүмкүн. Курулушту бүтүрсөм дегендер досторуна таянышса болот.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сизди жакшы окуя менен авантюра күтүүдө. Ишке баш отуңуз менен кирип кетпей, өзүңүзгө убакыт табыңыз. Жакындарыңыз менен урушуп калуунун алдын алып, алардын ою менен болуп коюңуз. Кышка кам көрүп, отун, көмүр түшүрүүңүз мүмкүн. Теңин тапкандар баш кошуу тоюна камынып, убара чегишет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Өзүңүздү жакшы адамдардын, жакшы буюмдардын курчап туруусуна аракет кылууңуз абзел. Өзүңүздү сыйласаңыз, башкалар да сизди сыйлай башташат. Идеяңызды ишке ашыра баштоо менен көп акчалуу болоруңузду сезесиз. Кээ бирлер жашаган ордун алмаштырса, кээ бирлер курстарга окууга тапшырышат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аз сүйлөп, көп угуп, элден керектүү маалыматтарды убагында алууга жетишүүңүз зарыл. Болбосо жакшы мүмкүнчүлүктөрдөн куру каласыз. Өткөн күндөргө кайрылып, эмнеден ката кетиргениңизди баамдаңыз. Катаңызды билүү менен кийинкиде кайталабоого аракет кылганыңыз оң. Апта аягында гардеробду жаңыртууга киришүүңүз мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кимдир бирөөлөр сизге даттанып, колдооңузду күтөт. Ойлонуп көрүңүз. Оңой акча табууга азгыргандарга "жок" деп айтыңыз. Себеби арты жакшы болбойт. Акча тартыштыгына туш болуп, ал абалдан сизди досуңуз куткарат. Ашыкча салмактан арылам десеңиз, жашылча-жемиш диетасын кармаганыңыз жакшы.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Өзүңүздүн эмоцияңыз менен иллюзияңыздын курмандыгы болуп калуудан сактанууңуз кажет. Ошондо пландалган иштер маселесиз бүтөт. Чогуу иштегендердин бири сизди кайсы бир иштер үчүн жаманатты кылгысы келет, жол бербеңиз. Туугандар жакшылыгына чакырып, сиз белек артынып барууңуз күтүлүүдө.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жок дегенде аптанын 1-2 күнүн өзүңүзгө арнап эс алыңыз, иштерди жыйыштырыңыз. Муну менен өнөкөт чарчоонун алдын аласыз. Үйдөгүлөр менен чогуу бир жакка барууңуз ыктымал. Ошондой эле кыймылсыз мүлктү каттоодон өткөрүү иштери моюнуңузга жүктөлөт. Кызыгып кетип азырынча кереги жок буюмду сатып алуудан карманыңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Досторду көбөйтө берүүнүн жана аларга кучагыңызды жая берүүнүн кереги жок. Сандан көрө сапатка өткөнүңүз жакшы. Аптада эски тааныштардын коногу болуп, өткөн кезди эскересиз. Маанайды бузбоо үчүн бирөөлөр менен талашып-тартышпаңыз. Ден соолугуңузга кам көрүп, текшерилүүңүз мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Төрт дубалдын ортосуна камалып отура бербей, элге чыгыңыз. Негизи аптада күчүңүз жана өзүңүзгө болгон ишенич ашып-ташып, арты кандай болот деп күмөн санаган иштерди колго аласыз. Жан дүйнөңүздө да бурулуштун болушу күтүлүүдө. Мүмкүн, жаңы сүйүүгө кабыласыз. Акча роль ойноочу иштерди бирөөгө ишенич артпай, өзүңүз бүтүргөнүңүз жакшы.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Эскерүүлөрдүн, өзгөчө жагымсыздарынын туткунунан бошонуу керек. Жашоонун жаңы боёкторуна орун бериңиз. Ошондо сиз көтөрүңкү маанайда болуп, ал маанайды башкаларга да жуктурасыз. Апта ортосунда аян түштөрүңүздүн бири дал келет. Апта аягында жардамга муктаж болгон жакындарыңызга кол сунуп, маселесин чечип бересиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 728, 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан