АТАМБАЕВ ЖАНА АНЫН ЖАН-ЖӨКӨРЛӨРҮ КАНТИП «ДАСТАНДЫН» МҮЛКТӨРҮН МЕНЧИКТЕШТИРИШКЕН?

2008-жылдын 13-ноябрында Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда «Дастан» Трансулуттук корпорациясы (ТУК)» ачык акционердик коомунун (ААК) базасында кыргыз-орус биргелешкен ишканасын түзүү боюнча макулдашууларга кол коюлган. Мындай чечим Орусия президенти Дмитрий Медведевдин Кыргызстанга болгон расмий иш сапары учурунда жарыяланган эле. Жаңы түзүлгөн биргелешкен ишкана көп пайда алып келери, ишкананын акциясынын баасы көтөрүлө тургандыгы, орус тарап ал акцияны сатып алууга даяр экендиги баарына белгилүү болчу. Төмөндө сөз дал ошол дүйнөдөгү уникалдуу, стратегиялык мааниси бар аскер багытындагы заводдун кээ бир объектилери кантип Алмазбек Атамбаев жана анын жан-жөкөрлөрүнүн колуна өтүп кеткендиги туурасында болмокчу.

МАКСИМ БАКИЕВДИН АЯГЫНА ТОЛУК ЧЫКПАЙ КАЛГАН «ОПЕРАЦИЯСЫ»

Атасы Курманбек Бакиевдин жанында жүргөн Максим Бакиев инсайдерлик маалыматтардан кабардар болгондуктан, мындай ыңгайлуу жана пайдалуу учурду колдон чыгарып жибергиси келбей, өзү жана достору менен «Дастан» аркылуу кирешеге ээ болгусу келет. Кыргыз-орус биргелешкен ишканасы түзүлөрүн алдын ала билип Максим Бакиев «Фаберон» ЖЧКсы аркылуу «Дастан» корпорациясынын акциясынын 44,08877 пайызын жана «ТопИнвест» ЖАКсы аркылуу 6,36817 пайызын сатып алып стратегиялык ишкананын 50,5 пайыздык акциясына ээ болуп, «Дастан» ТУК» ААКсынын кожоюну болот. «Дастан» уникалдуу, дүйнөдө аналогу жок торпедаларды жасап чыгаруучу аскер заводдорунун бири. Ошентип Максим Бакиев заводго кожоюн болгон соң досу жана эң ишенген адамы Алексей Ширшовду директорлор кеңешинин төрагасы кылып дайындайт. «Дастанды» орустарга сатардан мурун заводго түздөн-түз тиешеси жок кээ бир ишканаларды өздөрүнө алып койгусу келет. Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2,7 гектар жерге салынып бүтө элек ден соолукту чыңдоочу комплекс ошолордун бири эле. Максим Бакиевдин бул ою 2008-жылдын 24-декабрында ийгиликтүү ишке ашып, аталган комплекс Д.Гладышев жетектеген «АртСтройДизайн» ЖЧКсына 26 миллион 404 миң 700 сомго сатылат. «АртСтройДизайн» ишканасы Максим Бакиевдин фирмасы болгон. Бул фактыны Максим Бакиевди соттогон сот далилдеген. Келишим боюнча, сатылган комплекстин акчасы 2010-жылдын мартына чейин төлөнүп берилиши керек болгон. Бирок ошол мезгилде өлкөдө түзүлгөн революциялык кырдаалдын натыйжасында келишимде көрсөтүлгөн каражат төлөнбөй калат.

«КЫРГЫЗАВТОМАШТАН» БАРГАН ЖЕТЕКЧИЛЕР, КАЙРАДАН САТЫЛГАН ЖЕР

2010-жылы 7-апрелде болгон элдик революция Максим Бакиев жана анын досторунун ой-максаттарынын быт-чытын чыгарат. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү декреттин негизинде Максим Бакиевдин мүлктөрүн, анын ичинде «Дастан» трансулуттук корпорациясынын 50,5 пайыздык акциясын улутташтырат. Ошентип мамлекет трансулуттук корпорациянын 98,46 пайыздык акциясынын ээси болуп калат. Убактылуу өкмөттүн кайрылуусу менен Бишкек райондор аралык сотунун 2010-жылдын 20-майдагы чечиминин негизинде Кой-Таш айылында 2,7 гектар жерге курулуп жаткан ден соолукту чыңдоочу комплекс дагы кайрадан «Дастанга», демек, мамлекеттин менчигине кайтарылат.
Убактылуу өкмөт «Дастанды» мамлекетке кайтарган соң ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары жана кийинчерээк премьер-министр катары Алмазбек Атамбаев толугу менен трансулуттук корпорацияны көзөмөлдөп, ишкананын жетекчилигине өзүнүн менчик «Кыргызавтомаш» заводунда иштеп жүргөн жакын адамдарын дайындай баштайт. Мисалы, Атамбаевдин кол алдында көп жылдар бою иштеп, анын заводдогу иштерин такай аткарып жүргөн Албек Ибраимов «Дастан» ачык акционердик коомунун директору болуп дайындалат. Ибраимов кезегинде «Кыргызавтомашта» түрдүү кызматтарда иштөө менен аягында «Автомаш Эко» ЖЧКсында директор кызматын аркалаган. Ал эми башкармалыктын дагы бир мүчөсү, коммерциялык иштер боюнча директору болуп Асылбек Найзабеков дайындалат. Найзабеков да «Кыргызавтомашта» ар кандай кызматтарда иштеп, аягында «Автомаш-энерго» ЖЧКсында башкы директор болуп иштеген, Атамбаевдин жакын адамдарынын бири болгон. Ал эми «Дастандын» директорлор кеңешин «Автомаш-Радиатор» ЖЧКсында башкы директор болуп иштеген Юрий Васильев башкарып калат. Ошентип Атамбаев бул ишкананы премьер-министр катары гана көзөмөлдөбөстөн, өзүнүн кол алдында иштеген адамдарын жетекчиликке коюп, толугу менен түз көзөмөлдөйт. Албек Ибраимов кызматка келген соң Максим Бакиевдин тушунда жасалган иштер кайталана баштайт. Ал «Дастанга» кайтарылган Кой-Таш айылында жайгашкан ден соолукту чыңдоочу комплексти 2012-жылдын 11-апрелинде Анарбек Укуев деген жаранга 22 миллион 537 миң 900 сомго сатат. Ал эми Укуев 2015-жылдын 8-майында аталган комплексти Албек Ибраимовдун аялы Айнура Ибраимовага 24 миллион сомго сатат. Айнура Ибраимова 2015-жылдын 12-майында Алмазбек Атамбаевге 33 миллион сомго сатат.

АЛБЕК ИБРАИМОВ ЖАНА АНАРБЕК УКУЕВ ЖАКЫН ДОСТОРДОНБУ?

Эң кызыгы эми башталат... Жогоруда аты аталган Анарбек Укуев бул чынжырга кокусунан кошулуп калган адам эмес. Ал Албек Ибраимов менен жакшы тааныш. Албек Ибраимов «Дастанга» келерден мурун «Бишкек эркин экономикалык зонасын» башкарып турган. Укуев ал жерде курулуш иштери менен алектенген. Анарбаек Укуев 24.kg агенттигине Албек Ибраимов менен жакын тааныш экендигин айткан. Ошондой эле Ибраимов дагы Укуев менен көп жылдардан берки тааныш экендигин жашырбай айтып келет. Демек, бул достор дагы кадимки Максим Бакиевдин схемасын пайдаланышкан деп түшүнсө болот. Дал ошондогудай эле 2,7 гектарда жайгашкан ден соолукту чыңдоочу комплекс колдон-колго өтүп отуруп, Албек Ибраимовдун мурдагы жана азыркы шефине келип токтогон. Коомчулук бул схеманы жакшы аңдап, түшүнүп калды. Ошентип бул иш-чарада Максим Бакиевдин схемасына окшоп 1-2 адам аркылуу өткөрүлүп, жер тилке президент Алмазбек Атамбаевге багышталган тура деп жыйынтык чыгарууга болот.

«КҮНӨСТҮҮ ЖЭЭК» ПАНСИОНАТЫ ДА КОЙ-ТАШТАГЫ КОМПЛЕКСТЕЙ ЧЫНЫГЫ ЭЭСИН ТАПМАК БЕЛЕ?

Максим Бакиев жана анын достору Кой-Таштагы ден соолукту чыңдоочу комплексти эле эмес, «Дастанга» тиешелүү Ысык-Көлдүн боюнда жайгашкан «Күнөстүү жээк» («Солнечный берег») пансионатын дагы сатып алышат. «Дастан» ишканасы пансионатты 2008-жылдын 26-декабрында ошол эле Д.Гладышев жетектеген «Билдинг Констракшн Групп» ЖЧКсына сатат. Революция болуп, 2010-жылдын 23-июнунда соттун чечими менен «Күнөстүү жээк» пансионатынын акциялары «Дастан» корпорациясына, демек, мамлекетке кайтарылат. Кийинчерээк, пансионат 2013-жылдын 18-февралында Абдыразаков Эркинбек Талипович деген жаранга сатылат. Ал кезде Албек Ибраимов кызматтан көтөрүлүп, президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары кызматында иштеп жаткан. Бирок «Дастандын» директорлор кеңешин дале Юрий Васильев жетектеп турган. Абдыразаков дал Укуев сыяктуу эле арадан убакыт өткөрүп, 2016-жылдын 26-апрелинде аталган пансионатты Бекташева Токтокан Тайлаковна деген жаранга сатат. Эң кызыгы, ал адам Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын экс-лидери, азыр парламенттин спикери Чыныбай Акуновичке кудагый экен. Ал эми пансионатты Бекташеванын келини, Ч.Турсунбековдун балдызы Гүлдана аттуу айым башкарып келе жатканы айтылууда.Прессада учурунда Максим Бакиев ээлеп алган менчиктерге эми Атамбаевдин жакындары кантип ээлик кылып жаткандыгы жөнүндө чуу чыккандан кийин 2016-жылдын 22-сентябрында аталган пансионат Бекташева Токтокан Тайлаковнадан Буларов Мазур Мелисович аттуу жаранга өттү. Эгерде «Ата Мекен» партиясы Максим Бакиевдин мүлкү Алмазбек Атамбаевге өтүп кеткендиги жөнүндө фактыны коомчулукка жарыялап, шектүү иштин бетин ачпаса, «Күнөстүү жээк» пансионаты дагы Кой-Таштагы комплекс сыяктуу чыныгы ээсин тапмак беле?
«Күнөстүү жээк» пансионатына байланышкан дагы бир маанилүү жагдайга токтолуп кетүү керек. «Дастан» корпорациясы 2010-2013-жылдар аралыгында аталган пансионатка 20 миллион сомдон ашык инвестиция салып, аягында пансионатты жарыбаган акчага саткан. Тактап айтканда, Эркинбек Абдыразаков аталган пансионатты болгону 47 миллион сомго сатып алган. Иш жүзүндө пансионат болгону 27 миллион сомго гана сатылып отурат. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын текшерүүлөрүнүн натыйжасында «Дастан» аталган сатуу-сатып алуу иш-чарасынан 128,4 миллион сомдук жоготууга дуушар болгон. Пансионаттын жайгашкан жери эле 9 гектарды түзөт. Өнүккөн инфраструктурасы бар. Ушулардын баары болгону 47 миллионго бааланып, 128 миллион сомго арзан сатылып кеткен. Пансионаттын өз баасы 175,4 миллион сом экендигин Эсептөө палатасы аныктаган. Элмира Ибраимова Эсептөө палатасынын төрайымдыгынан дал ушул "Дастан" корпорациясын текшерүүлөрдөн улам алынды деген кептер Ак үйдө көшөгө артындагы талкууларда айтылып жүрөт (ред. учурда Эсептөө палатасын буга чейин президенттин жардамчысы, Президенттик аппарат башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп келген Улук Марипов жетектөөдө). Ошентип Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү пансионатты реалдуу баасынан эселеп арзан баада саткан. Абдыразаков бул сатуу-сатып алуу схемасында Анарбек Укуевдин ролун аткарганын түшүнүү кыйын эмес.

Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 31-августунда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилеп жатканда «мародёрлор табылат!» деп убада берген. Азыр Бакиевдердин менчигин алган адамдарды кыргызда «мародёр» деп билишет. Элдин ушул аныктамасынан алып караганда кимдер мародёр болуп чыгып жатат?..







К.Жунушбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 728, 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан