ОРУСИЯДА МИГРАНТТАР ҮЧҮН ЖАҢЫ МЫЙЗАМДАР ИШТЕЙ БАШТАДЫ

Орусияда четтен келген мигранттар үчүн бир жылдык медициналык камсыздандыруу 4 эсеге кымбаттады. Буга чейин ыктыярдуу медициналык камсыздандыруучу күбөлүктү мигранттар жумуш берүүчүнүн талабына ылайык миң рублдун тегерегиндеги суммага сатып алышчу. Акыркы күндөрү Москва шаардык полиция кызматкерлери мигранттардан документке кошо медициналык камсыздандыруу күбөлүгүн да талап кылып жатышат. Аталган күбөлүк жок болсо, мигранттарга 5 миң рубль айып пул салынып, Орусиядан чыгарып жиберүүгө чейин жетүүдө.

ТИШ ООРУП ЖЕ КОЛ СЫНСА КҮБӨЛҮКТҮН ПАЙДАСЫ ТИЙБЕЙТ

Мындай мыйзам долбоору 1996-жылдары эле Орусияда кабыл алынып, бирок 2011-жылдан кийин гана Санкт-Петербургда, эми болсо Москвада күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Баасы 1 миң-1,5 миң рубль болгон медициналык камсыздандыруучу күбөлүк менен 25 миң рублдук, ал эми 3,5 миң-4 миң рубль болгон күбөлүк менен 100 миң рубль турган медициналык кызмат алууга болот. Башкача айтканда, 25 миңден 100 миң рублга чейин күбөлүк баасына жараша медициналык кызмат көрсөтүлөт. Бирок бул медициналык камсыздандырууга кадимки “Тез жардам” кызматы эле кирген. Эгер кол сынып же тиш дарылатуу керек болсо жогорудагы медициналык камсыздандыруу күбөлүгү жарабайт. Бул документти мигранттар да, текшерүүчүлөр да толук түшүнө беришпейт. Мигранттар күбөлүктү Орусияда жүрүүгө керек болгон кагаздардын бири катары эле көрүп калышкан. Орусиянын Борбордук банкы 2016-жылдын 1-июнунан тарта чет элдик мигранттар үчүн дагы жаңы өзгөртүүлөр киргизилгенин маалымдады. Алсак, камсыздандыруучу ишканалар четтен келген мигранттарга минималдык камсыздандыруу көлөмү 100 миң рублга барабар камсыздандырууну гана бере алышат. Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруучу күбөлүк Орусиядагы кыргызстандык мигранттар үчүн жылына 4 миң рублду түзөт.

“ПОЛИЦИЯ КҮБӨЛҮГҮ ЖОКТОРДУ ДЕПОРТАЦИЯ КЫЛАТ ЭКЕН...”

Жогорудагы маалымат боюнча тактоо жүргүзө келгенде кыргыз өкмөтүнө караштуу Миграция кызматы мындай маалыматтан кабары жоктугун жана тийиштүү адистер кызмат сапарында жүргөнүн белгилешип, жооп бере алышкан жок. Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин сайтында да мындай эскертүү болгон эмес. Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигрант Гүлзада Исакова 22-сентябрда 9 ай үчүн медициналык камсыздандыруучу күбөлүктү 1290 рублга сатып алганын, анткени акыркы учурда полиция кызматкерлери документтерге кошо күбөлүктү да текшерип жатканын билдирди. “Полиция текшергенде бул күбөлүк жок болсо депортация кылат экен дегенинен жасаттым. Негизи бул документти жумушта сурай бербейт”,- дейт Исакова. Дагы бир мигрант Гүлсия Аширалиева “полиция ошол документти кошо текшерип жатыптыр, аны 3 айга, 6 айга же 1 жылга деп мөөнөтүнө жараша акча төлөп алса болот” деп жооп берди.
7-октябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасы миграция мыйзамдарын бузган мигранттарды өлкөдөн чыгарууга каршы мыйзам кабыл алды. Ага ылайык, мыйзам бузду деп кармалган мигранттын Орусияда жүрүү убагын, мыйзамды сактагандыгын, үй-бүлөсүн жана бир топ жагдайларды эске алып соттор депортация кылбашы мүмкүн. Бирок мыйзамды экинчи ирет бузса өлкөдөн чыгарылат. Аталган мыйзам Москва, Санкт-Петербург шаары менен Москва, Ленинград облустарындагы мигранттар үчүн каралган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 728, 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан