"Азия MIX" командасы КВНдин Жогорку Лигасынын финалына өттү. Мекендештерибиз дагы бир жолу мыкты команда экенин даңазалап, эң жогорку упай алып атаандаштарын артта калтырды. Оюнга Михаил Галустян, Константин Эрнст, Юлий Гусман, Валдис Пельш жана Константин Лавроненко калыстык кылышты. Эми бул сезондун финалы 23-декабрда болот. КВНде акыркы жолу оюн көрсөтүп жаткан мекендештерибиз бул ирет да ийгиликке жетет деген ишеничтебиз.