ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (31-октябрдан 6-ноябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Адамдарды талдай билип, ишенимдүүсү менен гана кеңешип, акчаңызды үнөмдөңүз. Долбоорго катышууга же чырдуу иште калыс болууга чакыруулары мүмкүн. Жакын тууганыңыздын тоюна барууңуз мүмкүн.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Чоң иштерге киришүүгө мүмкүнчүлүгүңүз кеңейет. Жумушта көрө албастар бут тосушу мүмкүн, абайлаңыз. Документ иштерин бүтүрүүдө адистин жардамына кайрыласыз. Балдарга жылуу кийим алып бересиз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Социалдык абалыңызды жакшыртуу үчүн керектүү адамдарды керектүү жерде колдонуп калууңуз кажет. Үйдө тартипти катуу кармаганга кылган аракетиңиз өзүн анча актабайт. Жеке жашоодо мамилелер жанданат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Иш күнүңүздү туура бөлүштүрүп иштесеңиз көп нерсеге жетишип, чөнтөгүңүздү кампайта аласыз. Кимдир бирөөлөр жашооңузга киришкиси келет, жол бербеңиз. Үйүңүздү уурулардан сактап, кышка кам көрүңүз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада ооруп калбоо үчүн муздак тамак-аш жебеңиз, суукта жүрбөңүз. Алыстан келген кабар боюнча сапарга чыгасыз. Эпчилдик кылсаңыз бир иштен олжо өндүрө аласыз. Бузулган буюмдарды оңдотууңуз керек болот.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бойдоктордо күтүүсүз башталган роман кыска убакытта аяктайт. Үй-бүлө мүчөлөрүнө байланышкан маселелерди чечүүдө бир топ акча керектелет. Мүмкүн, жакындарыңыздан карыз сурайсыз. Апта аягында базар кыдырасыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бой көтөрүүчүлүк максатка жетүүдө тоскоолдук кыларын эске алыңыз. Кыймылсыз мүлк жаатындагы чырга аралашууңуз ыктымал. Жакшы таанышыңыз жаңы иш сунуштайт, ойлонуп көрүңүз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Карьера жаатында жогорку кызматтагылардан колдоо күтө берсеңиз болот. Пландардын иш жүзүнө аша тургандарына гана киришиңиз. Гардеробуңузду жаңыртууңуз ыктымал.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Каржылык абалыңызды оңдоого киришпесеңиз, жашооңуз кыйындай баштайт. Жан шеригиңиз үйдөгү чыңалган абалды жөнгө салат. Бирөөлөргө колдонууга буюм бербөө керек. Кайтарып алууңуз кыйын болуп калат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Иштер менен жолдо жүрүп, кызыктуу адамдар менен таанышасыз. Кээ бирлерде унутулган сүйүүлөр жанданат. Сасык тумоого чалдыкпоо үчүн суукта иштебеңиз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Балдардын талабын аткарып аларды бир жактарга алып барып эс алдырып келүүңүз мүмкүн. Айрымдардын мал сатып алуу тилеги ишке ашат. Юристке кеңешке кайрылууңуз ыктымал.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Сизге жакын адамдардын арты менен иштерди оңой бүтүрөсүз. Жол жүрүүдө бирөөлөр менен чатакташпоого аракет кылыңыз. Апта аягында акча келип түшөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 730, 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан