ЖАКПАЙ КАЛГАНЫНА НАМЫСТАНГАН ЖИГИТ КЫЗДЫ БЫЧАКТАП ӨЛТҮРГӨН

Он гүлүнүн бири ачыла электе бычакталып каза болгон Айкерим Ашырбек кызы болгону 19 жашта эле. Эми гана окуучуларга билим бере баштаган кызды турмушка чыгуудан баш тартканы үчүн бир жигит 11 жолу бычак сайып өлтүргөн. Каргашалуу окуя 27-октябрь күнү Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында болуп өттү.

«КЫЗЫМА ТУРМУШКА ЧЫГУУНУ СУНУШТАГАН ЭКЕН»

Маркумдун апасы Гүлай Алиева менен байланышканыбызда бир сыйра ыйлап алып, анан төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Биз Ысык-Көл районундагы Кожояр айылынан болобуз. Өзүм 6 эркек, 3 кыздын энесимин. Айкерим балдарымдын алтынчысы эле. 9-классты ийгиликтүү аяктап, Караколдогу Бийбосунов атындагы педагогикалык колледждин башталгыч класстар жана англис тили мугалими кесибин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Ушул жылдын сентябрь айында Бактуу-Долоноту айылындагы Атаев атындагы орто мектепке мугалим болуп жумушка орношкон. Кызым эки айдын ичинде бардык кесиптештеринин көңүлүн алганга жетишиптир.
27-октябрь күнү ал күндөгүдөй эле мектепке барып сабагын өтүп, кайра үйгө келе жатканда мыкаачы жолунан тосуп чыгып, кызыма бычак такап жолдун ылдый жагына алып барыптыр. Айкеримди өлтүргөн баладан «бычакты эмнеге алып жүрдүң эле?» деп сурашса, «өзүмдү коргоо үчүн» дептир. Эгер кызымды чындап эле жакшы көрүп үйлөнгүсү келсе, бычак эмес, жайнаган гүл алып келбейби. Ал жерден кызыма турмушка чыгууну сунуштаптыр. Өзү жаш болсо кайдагы күйөө, кызым макул болгон эмес экен. Буга намыстанып минтип кызымды өлтүрүп жатпайбы. Биринчи кызымды таш менен башка чаап, эс-учун билбей калганда бычактаптыр. Күрөө тамырын шылып салгандыктан кан токтобой, кызым ооруканага жетпей жан берди.

«МЫНДАЙ ОКУЯГА КАНКОРДУН ЭНЕСИ ТҮРТКҮ БОЛДУ»

– Кызым экөө интернет аркылуу сүйлөшүп жүрүшкөн деп айтылып жатат. Айкерим бизден эч нерсесин жашырчу эмес. Ал жигит менен сүйлөшүп жүрсө мага айтмак, аны таанычу да эмес экен. Мындай окуяга канкор жигиттин энеси түрткү болду. Себеби ал «ошол кызга үйлөн, ал жакшы кыз» деп баласын үгүттөптүр. Энеси эмне себептен чырактай жыйырмага чыга элек кызымды соттолгон баласына алып берем дейт? Жумушуна байланыштуу кызым окуучулардын үйлөрүн кыдырып, булардын үйүнө да барган тура. Анан баласы Айкеримди көрөт. Ошондон баштап ал аял «менин балама турмушка чык» деп мектепке келген сайын айта берчү экен. Аны мектептин мугалимдери да айтып жатышат.
Айкерим 9 баламдын эң эле жароокери, иш билгиси да эле, чыгармачылыкка жакын, акындык өнөрү да бар болчу. Балдардын күйүтү жаман экен, жакында бир уулум жол кырсыгынан каза болуп жүрөгүм эзилип жатса, эми минтип кызымдан айрылдым.
Айылыбыздын аксакалдары, жергиликтүү тургундар милицияга атайын барып, «ал зөөкүрдү чыгарып бергиле, таш бараңга алабыз» дешсе болбой коюшуптур. Ал эми анын апасын үйүнөн таппай жатабыз. Түп-орду менен жоголуп кеткенсип дайны жок. Угушубузча, ал Бишкекте экен. Баласын үгүттөгөн энеси да жоопко тартылышы керек.

«КЕЛЕЧЕКТЕ МЫКТЫ АДИС БОЛМОК»

Бактуу-Долоноту айылынын Атаев атындагы орто мектебинин директору Майрам Атаева буларды айтып берди:
– Август айында Айкеримди даярдоочу класстын окуучуларына мугалим кылып жумушка кабыл алганбыз. Биз жумушка аларда Кожояр айылындагы мектебинен жана окуган жеринен да жакшы мүнөздөмө беришкен. Өзү жаш, иш билгилигинен улам 2 айдын ичинде биздин сүймөнчүлүккө ээ болду. Тажрыйбалуу мугалимдерден калышпай окуучуларга сабак өтчү, келечекте өз ишин мыкты билген адис болмок. Мындан тышкары мектепке бий ийримин ачканына 2 жума болуп калган. Ал окуя болгон күнү түшкү саат 2лер чамасында жумуштарын бүтүрүп, мектептен чыгып кеткен экен. Бир киши анын бейтааныш жигит менен көлдү көздөй баратканын, бир убакта ал жигит Айкеримди жулкулдатып жатканын көрүп милиция кызматкерлерине кабарлаптыр.

«АЙКЕРИМ АКЫРКЫ КҮНДӨРҮ КӨЛДҮ КӨП АЙТЫП КАЛГАН»

Айнура Токтоназарова маркумдун кесиптеши жана курбусу. Ал дагы деле окуяга ишене албай жатканын айтат:
– Айкерим менен сентябрь айында жакындан таанышып, чогуу иштешип калдым. Ал адамгерчиликтүү жана жароокер эле. Биз дайыма чогуу жүрчүбүз. Каза болгон күнү экөөбүз ашканада бирге чай ичкенбиз. Ал күндөгүдөн башкача сулуу болуп, аябай жарашыктуу кийинип да алыптыр. Мен аны «бүгүн өзгөчөсүң го» деп тамашалагам.
Ал акыркы күндөрү көлдү көп айта баштаган. «Көлгө баргым келип жатат, сагындым, жээгинде басып келеличи» деп калчу. Экөөбүз дем алыш күндөрү барып келели деп пландаган элек. Көрсө, ажалы аны көлгө ээрчиткен тура, сөөгү көлдөн табылбадыбы. Аны бычактаган жигиттин карындашы Айкеримдин классында окучу, ошогобу же башкагабы билбейм, мектепке анын апасы көп келчү. Ал оюнда Айкеримди келин кылып алам деп жүрүптүр. Бир жолу келгенде мен аны «эже, үйүңүздө жумушуңуз жокпу, эмнеге эле ушул жакта жүрөсүз» деп урушуп салгам. 27-октябр күнү да ал аял менен Айкерим сүйлөшүп турганын көргөм.

«ШЕКТҮҮ БУГА ЧЕЙИН БИР ЖОЛУ СОТТОЛГОН»

Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов окуя тууралуу буларды айтып берди:
– 27-октябрда Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында киши колдуу болгон 19 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Бул кылмышка шектелип ошол эле түнү Бактуу-Долоноту айылындагы өз үйүнөн Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда туулган 24 жаштагы Т.К. кармалды. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектелип кармалган жаран 2013-жылы бейбаштык беренеси менен соттолуп, жазасын өтөгөн. Ал 2 жылдан бери Бактуу-Долоноту айылында жашап келген. Алгачкы тергөөдө белгилүү болгондой, кылмышка шектүү менен маркум интернет аркылуу таанышып сүйлөшүп жүрүшкөн. Кылмышка шектүү кызга кезигүүнү сунуштап, жолугушмакчы болушат. Жолугушууда кыз жигитти жактырган эмес жана мындан кийин байланышты токтотууну айткан. Буга намыстанган кылмышка шектүү кызды 11 жолу бычак менен сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал жерден ыкчам иликтөө тобу далил буюм катары канга боёлгон бычак табышкан. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда ал Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
dinadeka6
2016-11-08 14:22:36
Акмак десе мындайларга каттуу жаза бериш керек
+2
Nunu90
2016-11-08 15:47:26
Жаза женил болтат. Ошол учун кылмыш коп болуп жатат. Кимге ишеништида билбейсин. Аллах озун сакта. Жаткан жери жайлуу болсун
+3
AKCAHAT
2016-11-08 19:06:31
Мамбет бычак мн эмес гул , жылуу соз мн кыздын журогун багындырбайбы? Ушинтип атып кыздардын конулун суутуп бутушот
+3
_adil_
2016-11-08 19:27:09
ХХХ ХХХ жокко дуйнодо
-2
Krai
2016-11-08 20:54:35
_adil_,кара суу районунан ХХХ ХХХ ХХХ
-2
Rahim76
2016-11-08 21:08:35
_adil_,конкобайлардын кызын алайын десе керек да.
+4
ozgeldi
2016-11-08 23:58:27
Биз ХХХ Бишкекти басып алганбыз ХХХ ХХХ
-2
admin_superstan
2016-11-09 10:50:06
ozgeldi, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
-1
veryme
2016-11-09 02:08:47
Интернеттин пайдасы да зыяны да коп.интернеттен коп соз б.к соз болуп чатакташып акыры жолугушуп суйлошбуз деп ачууга алдырып,анустуно соттолгон бала болсо дайым эле бычак алып журуп конгондойго.кыргыздар интернетти колдонушту деле билбейбиз,жаман жагын тез синиребиз.канча уй-булолор да дал ушул интернеттин айынан бузулууда
+3
altyshka_23
2016-11-09 09:41:32
Озу биздин жигитердин ан сезими онукпой калган
+3
admin_superstan
2016-11-09 10:48:40
altyw555, Krai, _adil_, башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү! Билдирүүлөрүӊөр өчүрүлдү.
0
Firdaus-Muslim
2016-11-09 16:28:44
Өлүм жазасын киргизгенде мындай окуялар азыраак болот беле. Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Үй-бүлөсүнө сабыр берсин кудайым.
+3
Truelensk
2016-11-09 17:51:09
Бир туугандары эмне кылып журот ХХХ ХХХ бул кыз дагы канча жашап канча иш бутурот эле.
-3
admin_superstan
2016-11-09 18:01:02
Truelensk, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Оозеки
эскертүү!
-1
Айдай
2016-11-10 16:24:23
Уйлонгон кундо деле олтуруп салмак болуш керек, ал балага жин киргендейго. Соо киши эмнеге олтурот...
+3
alik25
2016-11-10 22:25:22
Туугандан бизде мыйзам иштебейт ошон учун мындай окуялар коп болуп атат, акча менен жогорудагылардын оозун жаап конуп алды.
+2
Bolunbo.kyrgyz
2016-11-12 08:02:26
Кунажын козун сузбосо бука жибин узбойт, кыздар жаман макоосунар силер эле куноосу жоктой чыга каласынар, колдо не бар тем боле таныбаган адам менен, бирок кудай жакшы адамды тез алат дейтго озуно
-3
bekmyrzat.kg
2016-11-13 00:45:24
Кудай сактай гоор
-1
Abutyan0
2016-11-16 20:14:18
Ээх жашоо деген ушул экенда, ажылың келсе кете бересиң!
-1
№ 731, 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан