ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 7-НОЯБРДАН 13-НОЯБРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)
Ишиңизде күтүлбөгөн ийгилик жаратып, мактоого татыйсыз. Бир ишти чогуу бүтүрүү жаатында сунуш түшүп, ойлоносуз. Үйдө бир аз түшүнбөстүктөр орун алат. Апта акырында уккан жаңылыгыңызды жакшылап тактаңыз. Болбосо артында кейийсиз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Катуу стресстен, чыңалып иштөөдөн ден соолугуңузду бузуп алуу коркунучу бар. Демек, эс алууну чогуу ала кетүүңүз кажет. Сиздин кийлигишүүңүз менен тууганыңыздын бир маселеси чечилет. Акчалуу болосуз. Жаңы үйлүү болгондорго чачыла чачып барууңуз мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Өз күчүңүзгө ишенип аракет кылуу менен ийгиликти камсыз кыла аларыңызга ишениңиз. Жетекчилик жана жамааттагылар менен мамилелер ширелет. Үй-чарба жумуштарын жасап жатып, учтуу шаймандарга кол-бутту тилдирип алуудан сак болуңуз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана сатууга, үйгө буюм алууга ылайыктуу. Жеке мамилелерде интрига, ишенбестик өкүм сүрөт. Куру кыялдардан качып, киреше алып келчү гана иштерге кол созуңуз. Дем алыш күнү кырдаалды колго алып, жөнгө салып кетиңиз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Каржылык абалыңыз ойлондуруп, тапканыңызды туура бөлүштүрүүгө түртөт. Туура чечим кабыл алуу жөндөмүңүз чырлуу окуядан кыл сууругандай алып чыгат. Бирөөлөрдүн укугуңузду тепселөөсүнө жол бербеңиз. Апта акырында буга чейин табышмактуу болуп келген нерсенин сыры ачылат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ийгиликке жетүү үчүн тер төгүп иштөө керектелет. Оң жана терс эмоциялардан улам маанайыңыз бирде көтөрүлүп, бирде түшүп турат. Досторуңузга сиздин жардам керек болот. Абал сиз каалагандай өзгөрүшү үчүн чөйрөдөгүлөрдүн анча-мынча кылыктарына чыдоо кажет.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жамааттагы позицияңызды бекемдөөңүз керек. Алдыга жылуу үчүн ички резервдерге таяныңыз. Жаңы өзгөрүүлөргө каршы чыкпай, ага ыңгайлашканыңыз дурус. Жакындарыңыз үчүн акча коротуп, ордун толтуруу жолун издейсиз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын башында өзүңүздү жакшы сезбөөңүз ыктымал. Апта ортосунда келечекке план курууга түрткү болуучу жаңылык угасыз. Эски достор менен шеринеге чогулууңуз мүмкүн. Апта аягы үйдөгүлөргө да убакыт бөлүүнү талап кылат. 


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Байланыштарыңыз аркылуу көп иштерди бүтүрөсүз. Сапарга чыгууңуз да күтүлүүдө. Бирөөлөр менен урушуп калбоо үчүн эмоцияңызды ичке жутуңуз. Көп акча жумшалуучу ишти артка жылдырбасаңыз, чыгымдардан башыңыз чыкпай калат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сиз күтпөгөн жактан киреше кирет. Тегеректегилердин ушагына кулак салбай эле коюңуз.Сизди тажатып жиберген адамдардан кутулсаңыз болот. Кырсыктын алдын алып, коопсуздук эрежелерин бузбаңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Иште мүмкүнчүлүктү толук колдонбой жатканыңызды сезесиз. Юридикалык маселелер оңой чечилет. Сүйүү жаатында чыңалган мамиле үзүлүп кетүү коркунучуна кабылуу алдында. Кайрадан элдешип, сезимдерди тутандыруу колуңузда.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Каржылык ийгиликке жетүү үчүн керектүү адамдарды пайдалана билиңиз. Адистигиңиз жаатында билимиңизди өстүрүү зарылчылыгы бар экени билинет. Эс алуучу жайлардын бирине баш багууңуз ыктымал.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 731, 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан