ПАНКРЕАТИТ – БУЛ УЙКУ БЕЗИНИН СЕЗГЕНҮҮСҮ

Бишкектеги КММА медициналык борборунун врач гастроэнтерологу Нуржан Маданова "Панкреатит тууралуу билүү үчүн алгач уйку бези (поджелудочная железа) тууралуу маалымат алуу керек. Аталган без ашказандын артында орун алып, узундугу 15 сантиметрге чейин жетет" деп баштап, панкреатит тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди.

УЙКУ БЕЗИНИН МИЛДЕТТЕРИ

  • Тамак-аштагы белок, май, көмүртектерди курамдарга бөлүп, ажыратуучу (расщепление) панкреатит ширесин бөлүп чыгарып, өт жолу аркылуу 12 эли ичегиге куюп турат. Ширенин курамында ферменттер бар. Шире 12 эли ичегиге барганда гана активдешип, тамак-ашты аш кылууга катыша баштайт.
  • Кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүүчү инсулин гормонун бөлүп чыгарат.
  • Гликогенди глюкозага айландыруучу глюкагон гормонун иштеп чыгарат.

ЭМНЕДЕН УЛАМ КЕЛИП ЧЫГАТ?

Панкреатит – бул уйку безинин сезгениши.
Себептери бир топ:

Алкоголдук ичимдик ичүү
Оорулар: тепме, аскаридоз, гепатит, ашказан жана 12 эли ичегинин жарасы, өт баштыкчасынын оорусу (айрыкча таш оорусу)
Кээ бир гормоналдык, заара кубалоочу жана антибиотик дарылар
Инфекциялар
Ачуу, куурулган, майлуу жана тез даярдалган тамактарды көп жегендик
Ичтен жаракат алуу. Уйку безинин түтүгүнүн тубаса аномалиясы (ичкелиги, шишик, барсылдак). Тукум куучулук

Жогоруда айтылгандай, кээ бир факторлордо, мисалы, алкоголдук ичимдикти көп ичкенде же өт жолуна таш тыгылып калганда панкреатит ширеси 12 эли ичегиге жетпей эле активдешет да, уйку безинин өзүн эритип, "жеп" баштайт. Дагы бир мисал – ашказан жана 12 эли ичегиден операция болгондо уйку безинин башы шишип, панкреатит ширеси жакшы акпай, ошол жерден активдешип, уйку безинин өзүн эритип жок кыла баштайт. Ушулардан улам курч кармаган панкреатит жаралат. Убагында дарылабаса өнөкөт түргө, кант диабетине өтөт. Ал тургай чирип кетип (некроз) өлүмгө жеткирет.

ПАНКРЕАТИТТИН БЕЛГИЛЕРИ

Ичтин жогору жагынын оорусу (чалкалап жатканда оору күчөйт, эңкейгенде азаят)
Баш айлануу
Ич өтүү
Ич көбүү
Көңүл айлануу, кусу

Бат арыктоо

Булардан тышкары өнөкөткө айланган түрүндө:
Тамак ичкенден 40-60 мүнөттөн кийин оорутуу күчөйт (айрыкча майлуу, ачуу, куурулган, ышталган азыктарды жегенде). Заң суюк ботко түрдө, майланышып турат. Тамак-аш толук сиңбеген бойдон чыгат.

ДАРЫЛОО

Курч кармаган түрүн

  • Ооруканага жатып дарылануу.
  • Оору кармагандан 3 күн тамак жебөө, суюктук ичпөө.
  • Тамчылатма дары куюлуп, антибиотик дарылар берилет.
  • Ооруган жерге муздак компресс коюлуп, тынч жатуу сунушталат.
  • Дарылоо жардам бербесе операция жасалат.

Өнөкөткө айланган түрүн

  • Ооруканага жатуу.
  • 2-3 күн тамак ичүүгө болбойт.
  • Суюктуктардан газсыз минерал суусун, чай (күчтүү демделбеген), ит мурун кайнатмасын ичүүгө болот.
  • Диета кармалат.
  • Ферменттер, антибиотиктер, түйүлтүп оорутууну таратуучу дарылар берилет. Дарылоо жардам бербесе операция жасалат.

УЙКУ БЕЗИН КАЛЫПКА КЕЛТИРҮҮ ҮЧҮН ТУУРА ТАМАКТАНУУ

  • Тамакты аз-аздан 5-6 маал жеш керек
  • Бууга, сууга бышырылган тамак-ашты колдонуу
  • Татымалдар менен тузду азайтуу
  • Таттууларды (анын ичинде кантты) азайтуу
  • Газдалган суусундукту ичпөө
  • Кофе жана какао ичпөө
  • Тамекиден баш тартуу
  • Ичкилик ичпөө

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ

  • Майлуу, куурулган, ышталган, тез даярдалуучу азыктарды аз колдонуу
  • Ички органдар ооруганда убагында дарылануу
  • Тамеки, ичкиликтен баш тартуу
  • Спорт менен алектенүү

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 733, 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан