«КУМТӨР» 9 АЙДА 5 МИЛЛИАРД СОМ САЛЫМ КОШТУ

"Кумтөр" кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, "Кыргызалтын" ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн "Кыргызалтын" сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү өлкөнүн аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз "Кыргызалтын" ААКсы гана ээ.

«Centerra Gold Inc.» («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» («Кумтөр») 2016-жылдын III чейрегиндеги өндүрүштүк жыйынтыктарын чыгарышты. 9 ай ичинде "Кумтөрдө"
350 198 унция же 10 892,38
килограмм алтын өндүрүлүп, өлкө бюджетине 5 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөр которулган.
2016-жылдын үчүнчү чейрегинде "Кумтөрдө" 166 030 унция же 5164,11 килограмм алтын өндүрүлгөн. Бул мезгил ичинде 1,6 миллион тонна руда иштетилген. Фабрикага келип түшкөн руданын курамында алтын орточо 4,11 г/т, ал эми ылгап алуу 81,4 пайызды түздү. 2016-жылдын III чейрегинде сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 164 847 унция же 5,13 тоннаны түздү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 220,2 миллион долларды түздү.
9 ай ичиндеги Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, социалдык фондго которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 5 миллиард сомдон ашты. Аталган сумма «Кумтөр Голд Компани» өлкөнүн эң ири салык төлөөчү өндүрүштүк ишканасы экенин кабарлайт. Төмөндөгү таблицада салыктар менен милдеттүү төлөмдөр канча болгону ар бир чейрек боюнча берилген.
«Центерра» компаниясынын Башкы аткаруучу директору Скотт Перри 2016-жылдын үчүнчү чейрегинин өндүрүштүк натыйжаларына комментарий берүү менен төмөнкүлөрдү белгиледи: «SB зонасынан келип түшкөн металлга бай руданы казып алуу жана фабрикалык кайра иштетүүнүн жүрүшүндө 166 030 унция алтын өндүрүү менен "Кумтөр" өткөн чейректе өндүрүштүк жогорку ийгиликтерге жетишти. Негизги фонддорду колдоого сатып өткөрүлгөн продукциянын жалпы чыгымдары 555 долларды түзүүсү, бардык тармак боюнча алганда эң мыкты көрсөткүч жана биздин баштагы эсептөөлөрүбүздөн алда канча жогору. Үчүнчү чейректе «Кумтөр» тарабынан өндүрүлгөн эркин каражаттын суммасы – 106 миллион доллар. Бирок «Кумтөр» долбоору өндүрүштөн тапкан каражатка уруксат жоктугунан компания ар чейректик дивиденддерди төлөөнү ушул жылдын декабрына чейин калтырууну чечти. Үчүнчү чейректеги кирешелер боюнча биздин маалыматка ылайык, компания "Кумтөрдөгү" алтын өндүрүүнүн жылдык эсептик көлөмүн 520 000-560 000 унцияга чейин көбөйттү. Мындан сырткары биз негизги фонддорду колдоо үчүн жалпы чыгымдардын эсептик көрсөткүчүн 6 пайызга төмөндөттүк. Эми бул көрсөткүч сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына "Кумтөр" үчүн 692 долларды түзмякчү».
"Кумтөр" кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбор Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылган эң ири алтын кен ишкана. 1997-жылдын май айында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2016-жылдын 30-сентябрына чейин "Кумтөрдө" жалпысынан 10,70 миллион унция же 333,9 тонна алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компанинин» быйылкы жылдын 9 айындагы өндүрүштүк жыйынтыктары толугу менен
www.kumtor.kg сайтында.



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mirzohidjon
2016-11-28 19:49:04
Башкасын билбейм го бирок ушул Кумтор акам президент болот, мага ишенип койгула алтындарым, Кыргызстан оңолот, Кудай колдойт.
0
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан