Азамат Байматов, футболчу: "АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮНДӨ ОЙНОГОН АЛГАЧКЫ ЛЕГИОНЕР КЫРГЫЗМЫН"

"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2009-жылдын супер спортчусу" наамынын ээси Азамат Байматов УЕФАнын Чемпиондор Лигасында ойногон алгачкы кыргыз. Футболчу Кыргызстанда жеңүү керек болгон бардык сыйлыктарга ээ болуп, учурда чет элдик футбол талааларын багынтып жүргөн убагы. Бүгүн белгилүү футболчунун өмүр-таржымалы, оор сыноолор менен коштолгон спорттогу карьерасы жана, албетте, баарына кызык жеке жашоосу тууралуу маалыматтарга токтолобуз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Толук аты-жөнү
– Байматов Азамат Асылбекович
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 3-декабрь
Туулган жери – Ош шаары
Бою – 187 сантиметр
Салмагы – 82 килограмм
Ойногон клубдары – "Ак-Буура" (Ош), "Алай" (Ош), "Дордой" (Бишкек), "Вентспилс" (Латвия), "Сибирь" (Орусия), "Ситра" (Бахрейн), "Аль-Риффа" (Бахрейн)
Ийгиликтери – Кыргызстандын Көз карандысыздык кубогунун (2008) ээси, Кыргызстандын чемпиону (2008), АФКнын президентинин кубогунун (2008) күмүш медалынын ээси, 2010-2012-жылдары Кыргызстандын мыкты футболчусу, 2015-жылы Бахрейн Премьер-лигасынын биринчи айлампасында "Мыкты легионер футболчу" деп табылган.
Спорттогу жана жашоодогу кумири – Дэвид Бекхэм
Күйөрмандык кылган командасы – "Реал Мадрид" (Испания)
Трансфердик баасы – transfermarkt.de сайтынын изилдөөсү боюнча, 50 миң еврого бааланат.
Гонорары – Сыр тутат
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

"КИЧИНЕМДЕН ЭЛЕ ЖАРАКАТ АЛЫП БАШТАГАМ"

– Мен жашаган Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунда футбол аянтчалары абдан көп эле. Эшиктин алдында дос балдар менен топ кубалап жүрүп чоңойдум. Мугалимдерим, досторум, кошуналарым баары менин футбол менен ооруганымды билишчү. 6-классымдан тарта мектептин футбол курамасында ойной баштагам. Бир жолу футбол ойноп жатып манжамды сындырып алып апама ыйлап бардым. Апам ооруканага алып барып колума гипс салдырып берген. Азыр ойлосом, жаракат алганды ошондо эле баштаган экем.
Шаарда 4-кабатта жашачубуз, апам балкондон чыгып "Азамат, ташта топту, тамак муздап калды" деп кыйкыргыча ойной берчүмүн. Бир жолу ошентип үйгө келсем суу чыкпай калыптыр, чаканын түбүндөгү сууга колумду жууп тамак ичип, артынан ысык чайды шаша иче салам деп тилимди күйгүзүп алдым. Ашканага чуркасам суу жок. Үйдөгү муздаткыч менин боюм менен тең эле, тилим оорутканынан чыдабай башымды тоңдургучка салып жалап жиберип жатпаймынбы. Тилим музга жабышып чыкпай калса болобу же "апа, жардамга" деп кыйкыра албайм. Күчкө салып тилимди муздан тартып жиберсем канап кетти. Ошол жоругум такыр эсимден кетпейт.

"БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИНДЕ ЭҢ СУЛУУ ЖИГИТ БОЛОМ ДЕП..."

– Мен ар кайсы подъезддин алдында балдар менен футбол ойноп жүргөндө көбү "сабактан начар окуп калат" деп сөз кылып калышчу. Ата-энем кичине кезимде эле чет өлкөлөрдү кыдырып жүрөрүмдү билишкендей "спорт менен окууну чогуу алып кетишиң керек" деп көп айтчу. Ошондон улам башка нерсеге алаксыбай окуу жана спорт деп жүрүп мектепти бүттүм.
Бир жолу мектептеги кыздар мен жөнүндө жаман сөз айтып намысыма тийип коюшту. Ошондо ичимден "карап тургула, бүтүрүү кечесинде эң сулуу жигит мен болом" деп максат койдум. Акча чогултуп кымбат аппак костюм-шым алып кийип баргам. Ошондо суктанып карашкан көз караштар азыркыга чейин эсимде.

"АКЧА ТАПКАНДЫ ЭРТЕ ҮЙРӨНДҮМ"

– Чоң үй-бүлөдө өскөндүктөн ата-энемди көп кыйнагым келчү эмес. Кичинемден акча таап, мектептин ремонтунун акчасын өзүм берип, колдон келсе карындашымдыкына каралашканга аракет кылар элем. 10-классымда "Ак-Буура" футбол клубунда ойноп калдым. 11-класс болгондо "Алай" командасына кабыл алышты. Алгачкы алган 3 миң сом айлыгыма кубанганымды айтпа. Ошол кезде 3 миң сом чоң акча эле. Үйдөгүлөргө канча сомун берсем деп абдан ойлондум, анан ата-энемди чакырып алып "апа, сизге 500 сом, ата сизге 500 сом, а бул 500 сом мага калсын" десем, апам "анча акчаны эмне кыласың?" дебеспи, "тамактанып, жол кире кылышым керек" деген шылтоо айттым. Бирок жанымда катып койгон дагы 1500 сомум бар эле (күлүп).
Мектепти аяктап ОшМУнун дүйнөлүк тилдер факультетине тапшырдым. Азыр англис тилин жакшы билгендигим ошондо жакшы окуганымдын далили. Окууга тапшырып жатып да ата-энем кыйналат деп "Алай" клубунун президентине кирип, "мага окуу акысын төлөгөнгө 12 миң сом бериңиз, айлыгымдан ай сайын миң сомдон кармап турасыз" деп шартымды түшүндүрсөм, ал киши макул болгон.

"21 ЖАШЫМДА УЛУТТУК КУРАМАНЫН КАПИТАНЫ БОЛГОМ"

– 2007-жылы "Алай"командасы менен Жогорку Лигада ойноп 3-орунду алганбыз. Ошондо мени Кыргызстандын жаштар курамасынын ошол кездеги машыктыруучусу Анарбек Ормомбеков байкап калып өз командасына чакырган. Андан соң "Дордой" командасы катарына чакырды. Оштогу машыктыруучуларым "Дордой" деген чоң клуб, жалаң профессионалдар ойнойт, сен ал жакка жакын жолой албайсың" деп айтышчу. Ата-энем да "Бишкекте кыйналасың" деп каршы болуп туруп алышты. Бирок мен корккон жокмун. Окуумду 3-курстан Юридикалык академияга которуп, өлкөнүн №1-клубу деп эсептелген "Дордой" клубуна негизги оюнчу болуп кабыл алындым. 21 жашымда улуттук кураманын капитаны болдум.

"УЕФАНЫН ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫНДА ОЙНОДУМ"

– 2009-жылы январь айында Москвада Шериктештик кубогу өтүп, ошол мелдештерде менин оюнумду латвиялыктар жактырып калып "Вентспилс" клубуна чакырышкан. Бир жыл келишим түзүп Латвияда ойноп жүрдүм. Аталган клуб менен ондогон Европа өлкөлөрүнүн курамасы менен беттештик. Эл-жер көрдүм, дүйнөнүн мыкты футболчулары менен бир талаада ойнодум. Бала кезден бери кыялданган УЕФАнын Чемпиондор Лигасында ойноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум.
Учурда Бахрейндин "Аль-Риффа" клубунда ойноп жүрөм. Кыргыз футболунун тарыхында Араб өлкөлөрүндө ойногон алгачкы кыргызстандык легионермин десем жаңылышпайм. Келишимибиз 2018-жылы бүтөт. Жакынкы максаттарымдын бири – аталган клуб менен Бахрейн падышалыгынын кубогун утуу жана ушул өлкөнүн чемпиону болуу.

"КАПИТАНДЫКТЫ УБАКТЫЛУУ БАШКА БИРӨӨ АЛЫП ЖҮРӨТ"

– "Азамат эмнеге улуттук курамга капитан болбой калды?" деп капалангандарга айтар элем: Бул футболдогу кадимки көрүнүш, мен курама команданын капитаны болбосом деле улуттук команда үчүн мелдештерге чыгып, балдарга жардамымды берип, оюн талаасында ошол эле лидерлик мүнөзүмдү колдонуп келем. Бул башкы машыктыруучубуз Александр Крестининдин өзүнүн ыкмасы. Аталган багыт деле туура. Капитан боломбу, жокпу мен үчүн маанисиз, башкы максатым – Кыргызстан курамасын Азия кубогуна алып чыгуу. Курама командада эч нерсе алмашкан жок, болгону капитандыкты убактылуу башка оюнчу алып жүрөт. Ал эми расмий оюндарда капитанды биз өзүбүз шайлайбыз. Сүйүнгөнүм, мен ушул убакка келип бир да жолу машыктыруучум менен урушуп же келишпей калган учур болгон эмес.

Анара Култаева, апасы: "ООРУСА ДА ФУТБОЛГО БАРАМ ДЕП ТУРЧУ"

– Биздин үйдүн алдында волейбол аянтчасы бар болчу, ошол жерге атасы экөөбүз тең волейбол ойноп калчубуз. Анда Азамат 3-4 жашта эле. Биринчи жолу топту ошол жерден ойноду. Кийинчерээк Оштун кичи райондорунун бирине көчүп барганыбызда үйдүн эле жанында эки спорт аянтча бар экен. Азамат коңшу-колоңдордун балдары менен топ кубалап эле жүрчү. Уулум карындашына камкор ага. Кичинекей кезинде кулап калбасын деп артынан чуркап карап турчу. Кичинекей болсо да салаттарды жасап, ар кандай сервировка кылып сюрприз жасаганды жакшы көрчү.
8 жашынан тарта "Динамо" спорт комплексинде футбол ойной баштаган. Ооруп калган күндөрү да "футболго качан барам?" дей берчү. Тыңыраак тамак жебейт, жамгыр же кар болсо бутуна целлофан баштыкты ороп алып футболго жөнөчү.
Латвиянын "Вентспилс" командасында ойноп калганда аны Ошко үйгө жибербей коюшуптур. Апамды сагындым деп мени жанына чакырып алган. Палоону абдан сагынып калыптыр, өз колум менен жасап бергем. Аталган клубдун жетекчилери менен тааныштырды, анын оюнун стадиондон көрүп колдоп турдум.

Эрмек Нурбаев, досу: "КӨЛ-ШАЛ БОЛУП ТЕРДЕП МЕНИ КӨЗДӨЙ ЧУРКАП КЕЛЕ ЖАТАТ"

– Азамат менен таанышканыбызга 4-5 жыл болуп калды. Мекенди сүйгөн, патриот жигит катары жакшы билем. "Бүгүн машыкпасак, эртең утулабыз" деп турат. "Тамашоуго" да көп жолу калыс болуп катышып калды. Күлдүргөндү да, күлгөндү да билген жигит.
Бир жолу "Дордойдун" оюнун көргөнү барар алдында Азаматка чалып, "балдар менен футболго баратабыз, гол киргизсең кимге чуркаарыңды билесиң да" деп койдум. Мен коргоочулар сейрек эле гол киргизишет деп ойлогом да. Стадиондо отурарга жер жок, туруп көрдүк. Оюн учурунда бурчтан чыгарылган топ менен Азамат дарбазага таамай сокку узатты. "Го-ол" деген боюнча мени көздөй чуркап келе жатат. Чуркап келип кучакташып, сүйүнүп жатабыз. Көл-шал болуп тердеп алган. Анын артынан экөөбүздү команданын калган футболчулары келип чогуу кучактап калышты. Атайын мага келип терин аарчыйын дегенби, айтор, ошол голго абдан сүйүнгөнбүз. Азамат "уулуңдун бири футболчу болсо, өзүм тарбиялайм" деп мага убада берген.

Анарбек Ормомбеков, машыктыруучусу: "АЗАМАТ КАТААЛ КОРГООЧУ"

– Биринчи жолу Азаматты Ош шаарында болгон мелдеште көргөнбүз. Анда 16-17 жашта болсо керек. Мен аны жаштар курама командасына чакырып, Кытайда өткөн мелдешке катышып келгенбиз. Андан соң апасына өзүм байланышып "Дордой" командасына чакыргам. Анда 18 жашка чыгып калган эле. Окууга да, спортко да жетишип жатты.
Азамат Байматов оюн талаасында харизмасы бар, жоопкерчиликтүү футболчу. Тартипти биринчи орунга коёт. "Дордой" үчүн чемпиондукта да, кубокто да маанилүү голдорду киргизди. Клубда капитандыкка чейин жетти. Позицияны туура тандап, башы менен мыкты ойной алат. Футболчулардын көпчүлүгү эле билсе керек, Азамат катаал коргоочу. Ал топ алууга белсенсе же атаандашы топсуз калат, же ошол жерде оюн эрежеси бузулат.

"Сүйлөшкөн кызым бар. Буюрса, ата-энемди келиндүү кылам".


Кичинекей футболчу карындашы менен.


Азамат "Тамашоунун" дайымкы күйөрманы жана калысы.


Австралия-Кыргызстан беттеши. Айтылуу чабуулчу Тим Кэхилл менен Азамат Байматовдун тиреши оюндун кызыгын арттырган.


Лунара Бекиева,
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
elmurat.kg
2016-11-29 21:08:09
озун кыйратасында иляс футболду.
+3
Il9s
2016-11-30 18:27:55
мен ойумду айтып атам...эмне сразу эле акылдуу болуп анча?
-6
FIRDAUS
2016-11-29 22:18:03
Эгер мыкты ойносо мынча команда алмаштырбайт болчу,анан Уефа чемпиондор лигасында ойноп келгем,биринчи кыргыз легионермин деп мактана берет,ойносон Бекхем,Роналду,Мессидей ойно анан мактана бер.
-13
Sultanim
2016-11-30 06:57:18
FIRDAUS,мыкты болгон учун чет жактар сунуш берип атпайбы.толтура футболистер трансфер болуп эле ойношот.сен Роналду,Мессидей болуп ойногонунда таанымакбыз сени. ......
+9
jamal1993
2016-12-01 01:38:05
FIRDAUS,мышык майга жетпей сасык дептир,озун ойной аласынбы деги
0
FIRDAUS
2016-12-02 12:33:28
jamal1993,сага Караганда футболдо тушунугум жакшы
0
elmurat.kg
2016-11-30 13:03:44
менда куда каласа баламды футболго берем.азыр окуп жатам универде.
0
aa93
2016-11-30 23:16:51
Оштук экен да э?!Чындыгында азаматсын, ийгилик...
-6
jamal1993
2016-12-01 01:03:46
Азамат мен сени суйом азаматсын
-1
Djal1987
2016-12-01 04:43:34
Ошондо учунчу жолу уйлонойун деп журобу? Кыздарды, суйуусун топтой тээп уй булоого туруксуз, токтоло элек окшойт. Ар нерсенин чеги болот!
+1
Aselina_kg
2016-12-01 08:04:24
Кантсе да озу суйгон жумушу мн алектенип,элинин сыймыгы болуп журот.
2-3 аялды бир Азамат эмес,колунан баля келбегендер да алып жатпайбы.
Туболуктуу бактысына жолуктурсун Аллахым!
+3
Amankg
2016-12-01 15:26:48
мактанчаак экен го жигит
-2
Deniza88
2016-12-01 18:22:07
Ошол Азаматтын жетишкен ийгиликтерине жетип алып анан сын айткыла урматтуулар! Ар бир адамда жеке жашоо болот, демек жеке жашоодо ойдо ылдый боло берет
+6
islam.akimov.kg
2016-12-02 06:26:20
Кыргызстандын Роналдосу
-2
Il9s
2016-12-02 11:07:46
islam.akimov.kg,Роналдосу де...Ал учун бул кайра торолушу керек.Анда дагы если что да
-5
udacha.kg
2016-12-02 15:56:13
Азамат! Азамат! Катуу кетиптир го, эртен жанагы футболчуларга окшоп геймин деп чыкпаса болду
-5
Antoshka2016
2016-12-03 12:18:02
Ото эле кайсар баладай сезиле берет.
-2
admin_superstan
2016-12-05 10:38:50
Antoshka2016, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
marty77
2016-12-06 12:28:05
Футбол талаасындагы красавчик жигит. Ийгилик каалайм, бактылуу болсун!
0
Gulzina1993
2016-12-06 20:20:19
Дайым алга, коптогон жеништерди кутобуз
0
LadyB
2017-03-30 18:54:51
Азамат Байматов Обожаем тебя! а стадион срочно надо строить новый крутой стадион, людии, давайте обратимся все с просьбой к Президенту, все пишите комменты на разные гос.сайты и через прессу через СМИ попросим дружно всем народом Новый Современный Стадион! Он Добрый если хорошо попросить выполнит. я в него Верю!
0
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан