ЗАМАН МЕНЕН КАДАМДАШ 10 ЖЫЛ

Бардык кыймыл маалыматка байланган XXI кылымда жашоону интернетсиз элестетүү кыйын. Ааламды каптаган желеден Кыргыз өлкөсү да четте калбады. Мезгилдин тамырын кармай билген инсандар тарабынан мекенибизде заман талабына жооп берген интернет сайттар, порталдар өсүп чыгышты. Андай медиа-менеджерлердин бири Кылычбек Султанов эле. Алгачкы долбоору болгон "Супер-Инфо" гезити менен ийгиликке жетише алган соң "келечек – интернетте" деген чындыкты кабыл алып, SUPER.KG порталын негиздеген. Портал интернет аркылуу колдонуучуга жеткенден бери быйыл 10 жыл өттү. Биринчи 10 жылдыкта портал тынымсыз эмгек жана изденүүнүн жыйынтыгы менен сөз кыларлык ийгиликке жетип, элге маалымат жеткирүүнү колго алган коомдун кыймылдаткыч күчү, ишенимдүү маалымат булагы, ишенимдүү өнөктөш, музыка сүйүүчүлөрдүн ыңгайлуу фонотекасына айланды.

SUPER.KG`нин ТАРЖЫМАЛЫ

Портал "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султановдун демилгеси менен 2005-жылы 28-ноябрда катталып, 2006-жылы ишке кирген. Ошол эле жылы порталда "Суперстан" бөлүмү өз ишин баштаган. Аз убакыттын ичинде бул кыргыз тилдүү форум
SUPER.KG`де өзүнчө "дүйнөгө" айланып, планетабыздын ар кайсы жеринде жүргөн кыргыз жаштарынын өз ара пикир алышуусуна өбөлгө түздү. Өздөрүн "Суперстандын жашоочулары" деп атап алышкан колдонуучулардын саны күн сайын өсүп келет.
Эки жылдан соң "Медиа-портал" жаралды. Ошол кезде кыргыз эстрадасындагы хит ырларды, клиптерди интернет дүйнөсүндө табуу кыйынчылык туудурчу. Интернет колдонуучулардын мындай муктаждыгын орундатуу менен, портал бир канча жаңы жылдыздардын жануусуна түрткү болду. "Супер хит" сынагында колдонуучулар кайсы ырчынын эмгегин бийик баалай турганын билип турууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. "Медиа-порталдын" "Супер ТВ" бөлүмү порталдын колдонуучулары байырлаган бөлүмгө айланды. Анткени бул жерде өзгөчө видеобаяндар, өнөрпоздордон тарта саясатчы, спортчу, күнүмдүк турмуштун даңазалуу баатырларын жана башка көп кызыктарды камтыган эксклюзивдүү сюжеттер орун алып келди.


Маалымат заманында акыркы жаңылыктардан артта калганыңды кечээки күндө калгандай сезесиң. Колдонуучулар кыргыз жеринде гана эмес, чет жерде болуп жаткан актуалдуу жаңылыктар менен камсыз болуу үчүн "Соңку кабар" бөлүмү 2012-жылы иштеп баштады. Анда чуусу бүтпөгөн саясаттан баштап Олимпиадада байгеге жетишкен спортчулар, өнөр ээлеринин жаңылыктары жана коомчулуктун күнүмдүк жашоосун камтыган бардык жаңылыктар жазылып келет.

2012-жылы порталдын мобилдик версиясы пайда болду. Эми жаныңда компьютер жок болсо, SUPER.KG`ге кирбей калдым деп өкүнүүнүн кереги жок. Чөнтөгүңдө уюлдук телефонуңдун болгону жетиштүү.

Өзүң тартып алган кызыктуу видеону көпчүлүк менен бөлүшкүң келсе "Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө кирүү жетиштүү. 2010-жылы ачылган бөлүмгө колдонуучулар тарабынан жаңы видеолор жүктөлүп турат.

Акыркы жылдардагы кыргыз кино жаатындагы "бум" менен кошо жаңы чыккан кинолордун бирин да калтырбай көргүсү келген көрүүчүлөр арбын. "Чиркин өмүр" менен жаштыгын эстегиси келген, "Салам, Нью-Йорктогу" Баатырдын тагдырына чогуу күйүшкөн киномандар SUPER.KG порталынын 2014-жылы ачылган "Кинозал" бөлүмүнөн чыкпай калышты.

Айыл жергесиндеги элдин көйгөйүн толук кандуу коомчулукка, борборго жеткирүү алда-канча татаал. Олуттуу көйгөй гана эмес, мекендештерибиздин алгылыктуу, үлгүлүү иштерин да коомчулук менен бөлүшүү үчүн "Соңку кабар" бөлүмүндө "Элдик кабар" рубрикасы 2015-жылы ишке кирди. Муну менен көз жаздымда калып келген маалыматтар элдин жардамы менен жалпы коомчулукка жарыяланып келет. Элдик кабарчылардын аракеттери көз жаздымда калбай, портал ар ай сайын мыкты элдик кабарчыны аныктап, заманбап смартфон менен сыйлоодо.

Маалыматтардан тажап, бирок монитордун маңдайынан жылгысы келбегендерге "Оюндар" бөлүмү майдай жакты. Бөлүмгө порталдын колдонуучулары үчүн кызыктуу логикалык оюндардан тартып бөбөктөргө ылайыкталган оюндарга чейин жүктөлгөн.

2016-жылы "Тамашоудо" SUPER.KG порталынын кубогу уюшулду. Күлкү жаратуучуларга дем, шык берүүнү максат кылган иш-чарада 5 команда күч сынашты. "Мыкты оюнчу" болуп табылган тамашоучу Бали аралына жолдомо алып, кыштын чилдесинде жылуу жакта эс алып келмей болду.

Кыргыз жеринде ийгиликке жетишкен сайттардын айрымдары жаңылыктарга, кай бирлери видеобаяндарга, дагы бири форумга басым жасап келет. SUPER.KG порталы болсо бардык тармактын башын бириктирип, колдонуучуларына уникалдуу шарт түзгөн. Порталдын сүйүктүү окурмандары бир эле учурда порталдан форумга катышып, видео, тасма көрүп, жаңылык окуп, ыр угуп, жаңы чыккан кыргыз тасмасын көрүп өз баасын берип, көптөгөн кызыктуу маалыматтарды ала алышат.

SUPER.KG ПОРТАЛЫ ЖЫЛЫНА 365 КҮН, АЙЫНА 30, АПТАСЫНА 7 КҮН, СУТКАСЫНА 24 СААТ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮ УЛАНТА БЕРЕТ!
ДАЙЫМА SUPER.KG МЕНЕН БИРГЕ БОЛУҢУЗ!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
TEH
2016-11-28 11:41:14
Мыктысынар!
0
admin_superstan
2016-11-29 10:31:47
Kroxa, жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
Anarik87
2016-12-04 19:46:27
саламатсынарбы супер инфо силердин ийгилигинер жалпы кыргызстандын ийгилиги деп эсептейбиз бирок силер берген мункунчулукту тилеке карышы биздин аймакта толугу менен колдон албай келебиз себеби бизде кандай себептен экенин билбейбиз бизде 3ж интернети жок баардык шарты бар шаарчабызда баары бош эгер ушул маселени чечкенге мегаком же вееlin компаниясына жеткирип коюнуздарды суранабыз
0
htcdesire6000
2016-12-05 14:26:46
Саламатсынарбы Супер Инфо!!! 735- саны жокго,эмне болду?
0
admin_superstan
2016-12-05 14:59:00
htcdesire6000, саламатсызбы? Жакынкы күндөрү жарыяланат, порталга баш багып туруңуз.
0
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан