Бир апта ичинде Инстаграм аркылуу интернет жылдызына айланган вайнер MC_DONCHA менен байланышуу кыйын болду. Биз телефон чалганыбызда менеджери Казакстанда деди. Көрсө, вайнер КТК телеканалында жаңы жылдык көрсөтүүлөргө тартылып жүрүптүр. Бир айга жетпей Инстаграмдагы окурмандарынын саны 300 миңге жеткен вайнер казакстандык битмейкер Jah Khalib менен дуэт аткарганы да талкууга алынып жатат.
МС_DONCHA тууралуу...
Аты-жөнү – Данияр Токтомаметов
Туулган жылы – 1992-жыл, 5-декабрь
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын ортончусу
Билими – Кыргыз эл аралык университетинин алдындагы колледжди аяктаган
Билген тилдери – Кыргыз, орус, казак, англис
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 64 килограмм
– Данияр, бир аптанын ичинде атактуу болуп кетүү кандай экен?
– Оңой эмес. Бир заматта башка түшкөндө кандай кыларыңды билбей калат экенсиң. Бакырсамбы же бакырбасамбы, сүйүнсөмбү же унчукпай койсомбу деп башкача сезимдердин курчоосунда калдым.
– Популярдуу болуп кеткенден кийин жардамчы күттүңбү же мурун эле бар беле? Дегеним, менеджериң бар экен го...
– Ооба, менеджерим бар, аты Бектур. Бектур экөөбүз көптөн бери чогуу иштейбиз, менин досум. Кандай маселе жаралбасын бири-бирибизден жардамыбызды аябайбыз. Популярдуу болуп кеткенден кийин жалпыга маалымдоо каражаттары чакыра баштады, жарнамалар сунушталды, ошонун баарына жооп бергенге жетишпей калдым. Анан жардамга Бектур келди. «Сонун болуптур» дегендерге рахмат айтуу деле көп убакытты алат экен. Аларга жооп бербей койсоң да болбойт. Окурмандардын айтканына кубанып, курсакты сылап да жата албайсың. Бул популярдуулукту колдон чыгарбай, арты-артынан күлкүлүү видеолорду тартып, дайыма эл менен бөлүшүп турууну ойлоп иштеп жаттык. Ошондон тарта Бектур менин менеджерим болду.
Досторума ыраазычылыгымды билдирем, мени дайыма колдоп келишет. Бир аптанын ичинде популярдуу болгонум кандай эмгек менен келгенин алар жакшы билишет. «Азаматсың, бир жыл бекер иштебептирсиң» дешти. Анткени мен видеолорумду бир жылдан бери тартып жүргөм.
– Бир гана вайнерлик менен алектенбесең керек?
– Буга чейин вайнерликтен сырткары теледолбоордо, студияда иштечүмүн. Режиссёр-оператор, редактор, монтаждоочу дегендей бир учурда бир нече милдетти аткарчумун. Азыр деле жарнама компаниясында иштейм. Учурда Инстаграм вайнерлер үчүн өзүнчө жумуш болуп калды. Жарнамалап бергиле деп өз товарын сунуштаган компаниялар өтө көп.
– Мурунку Данияр менен азыркы MC_DONCHA`нын айырмасы барбы?
– Айырмасы жок. Ошол эле иштерман, мүнөзү деле ошондой Даниярмын. Кээ бир тааныштар интернеттен жазышат, жооп бергенге убактым болбой калса, кайра өздөрү «жылдыз болуп кеттиң беле?» дешет. Азыр менде жадакалса жеке жашоомо убакыт жок. Сүйлөшкөн кызым жок, андыктан киного, кафеге, көңүл ачуучу жерлерге да барбайм. Оюн ойнобой, эч ким менен таанышпай тынч жүргөн жигитмин. Бир жыл мурун кандай болсом, азыр деле ошондоймун.
– Негизи сүйүү менен таанышсыңбы?
– Албетте, балалык сүйүү болгон. Мен анда 8-9 жашта болчумун. Менден 2 жаш улуу кошунанын кызын катуу сүйгөм. Ал башка жакка көчүп кеткенде «Титаниктеги» Жектей өлүп кала жаздагам. Чоңойгондо деле сүйүү келди. Эки жыл мурун бир кыз менен сүйлөшкөм, бирок мамилебиз токтоп калды. Ошондон бери жүрөгүмдүн ээси жок.
– Казакстандык битмейкер Jah Khalib менен дуэт аткарыптырсың, бул кандайча жүзөгө ашты?
– Jah Khalib Инстаграмдагы видеомду бөлүшкөндөн кийин мен ага «чоң рахмат» деп жаздым. Ошентип экөөбүз сүйлөшүп кеттик. Ал жакында Бишкектеги түнкү клубдардын бирине концерт берген, ошондо жакындан тааныштык. Анан ошол жерден видео тартып койдук.
– Видеолоруңду жүктөп, сенин атыңдан ачылган фейк баракчалар көбөйүптүр, аларга чара колдондуңбу?
– Ар бир адам өзүнүн ишине жооп берет. Негизинен каршы эмесмин, ачса ача беришсин.
– Видеолор кандай тартылат?
– Бир видеону 15-20 жолу тартып чыгарган учурлар болот. Өзүм тартам, кээде иним же Бектур жардам берет. Келечекке жакшы пландар бар, анын баарын ачыкка чыгарганга болбойт, кыскасы, бир нерсенин ичинен чыгам. Кыргызстандан, чет өлкөдөн мага продюсер болом деген сунуштар түштү. Бирок мага анын кереги жок. Продюсер күткүдөй эстрада ырчысы, Голливуддун актёру эмесмин. Мен өзүм менен өзүм болгонду жакшы көрөм.
– Бала кезден эле ырга, тамашага жакынсыңбы?
– Бала кезим Бишкекте өттү, өтө жоош болчумун. Жоош болгондуктан тамашага, ырга деле шыгым байкалган эмес. Футбол ойноп көчөдө эле жүрчүмүн. Апам мен окуган №45-мектепте кыргыз тилден мугалим, атам Кыргыз улуттук агрардык университетинде кафедра башчысы, илимдин кандидаты. Экөө тең мугалим болгондуктан менин сабактарымды укмуш текшеришчү. Мектепте жалаң активисттер менен чогуу жүрөр элем. Эл аралык университеттин алдындагы колледжге тапшырып, ал жерде студенттик лигада ойноп жүрүп, «Тамашоу» долбооруна катышып калдык. Ошондо эле мени жалгыз басып жүрө бересиң деп көп айтышчу. Негизи мен эл менен көп баарлаша бербеген, эч кимге тийишпей өзүмдүн жашоом менен жашап жүрө берген адаммын.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg