ӨЧ АЛУУНУН КУРМАНДЫГЫНА АЙЛАНГАН КОЛУКТУ

Ак көйнөк кийип турмуш жолуна аттанып жаткан кыздын жүзүнөн мончок-мончок жаш куюлуп, колундагы телефонду кайра-кайра баскылап коёт. Жанында күйпөлөктөп, айласын таппай куураган энеси, кошо ыйлап курбу кыздары жүрүшөт. Мындай туңгуюк абалдан чыгуунун бир да айласы жок сыягы. Ресторан толо эл. Төрдө кудаларга арнап жайылган эки столдогу дасторкон гана бош турат. Ачуусу көзүнөн чачырап Айперинин улуу агасы кирип келип:
– Сен өзү кандай сүйлөштүң эле ал жигит менен? Казакстандагы дарегин билесиңби?!
– Жок...- деп үн катты кыз башын чайкай.
Эки жаш диско-клубдардын биринен таанышкан. Сакен аттуу казак жигити Айперини бир көргөндө эле жактырып, капкара кашы-көзүнө, узун боюна, жагымдуу келбетине арбалып, ошол күндөн тарта анын артынан түшүп алды. Кыз жигитти анчейин жактыра бербей, көп кылыктарын көргөзүп, кээде курбуларынын алдында шагын сындырып да койчу. Ошондой күндөрдүн биринде жигит кызды сейил бактардын бирине жолугушууга чакырат. Айпери да ал күнү сабагынан эртерээк бошоп, болжошкон жерге кечикпей барат. Экөө бир топко сейилдеген соң тамактануу үчүн кафелердин бирине баш бакканда "сүйгөнүңүз укмуш сулуу экен, гүл сатып бербейсизби" деп алдыларынан кичинекей бала чыга калды. "Албетте" деп эле Сакен баланын колундагы гүлдү ала калып:
– Айпери, сен жерде, сууда жок сулуусуң. Мен сени сүйөм. Мага турмушка чыгасыңбы?- дей салды шаша. Мамиленин мындай бурулушун күтпөгөн кыз дендароо туруп калды. Анын үстүнө Айпери Сакенге өтө деле олуттуу мамиле кылчу эмес.
– Жок, ай! Кайдагыны айтпачы!- деп күлүп жиберди.
– Мени тамашалап жатат деп ойлосоң жаңыласың. Чын айтам, мага турмушка чыгасыңбы?
– Мен бул тууралуу ойлоно да элекмин. Ойлонгон күндө деле, сени болочок жолдошум катары элестете албайм,- деп кыз жылмайып койду.
Сакен бир чети элдин алдында кыздан шагы сынып турганына капаланып, бир чети ызаланып, өзүн араң карманып отуруп калды.
Ошол окуядан кийин Сакендин Айпериге болгон мамилеси түп тамырынан өзгөрдү. Сөздөрү орой, мамилеси муздак. Бирок "кош бол" деп басып да кетпеди. Бир туруп кымбат белектерди берип, романтикалуу жолугушууларды уюштурат да, бир топко чейин жок болуп кетет. Себебин "Таразда ата-энемдин жанында болдум" деп түшүндүрчү.
Убакыт өтүп Айпери кантип жигитке байланып калганын байкабай калды. Бул чын эле сүйүү беле же жөн эле көнүп калгандыкпы, айтор, кыз Сакенсиз жашоосун элестете албайт. Таарынышып, табышып отуруп эки жаш баш кошмокко бел байлашат. Бирин-бири ата-энелери менен тааныштырмак болуп, алгач Сакен Айперинин үйүнө келген. Таанышуу ойдогудай өтүп, болочок күйөө баласын ата-эне жактырып, кызын турмушка узатууга камына башташат. Ал эми жигит апасынын ооруп калганын айтып, кудаларды телефон аркылуу гана байланыштырып турду. Кыз берип жаткан тарап ошол күнү Айперини ресторандан узатып, андан чыгып жаштар никеге каттоого туруп, Казакстандын Тараз шаарында заманбап той беришмек.
"Кутман таң, жалгызым, бүгүн биз күткөн өзгөчө күн. Сени көргөнгө ашыгып турам. Биз бактылуу болобуз. Саат 11де көрүшөбүз!" Бул той күнү Сакенден келген акыркы билдирүү эле. Саат 11ден баштап анын телефону өчтү. "Кырсыкка учураганбы?" деп сарсанаа болот, кайра "эмне болуп кетти?" деп ызаланып ыйлайт. Айтор, Айперинин көз алдынан көп окуялар чууруп өтүп жатты. Ал кээ бир мырзалардын кекчил болорун, Сакен андан бир кезде шагын сындырып койгону үчүн өч алып жатканын ойлогон да жок. Эшикте болсо жаан жаап жатты...

Алтынай

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (57)
Y.r_love
2016-12-08 18:30:33
Молодец эркек экенсиин
-2
modern-group
2016-12-08 19:18:33
Так что кыздар кулагынарга кумуш сырга! алдынардан алты айланып суйуп калдым деп турса жигиттердин сезимин дагы эске алып койгула! Бир жолу асман тээп аша чаппай!
-4
Omur
2016-12-08 21:20:45
Бул жон эле чыгарма болуш керек же болгон окуябы
-3
Ajara_13
2016-12-09 12:32:57
Уландысын кутом жазыныздарчы
-4
Umarbalapanym
2016-12-09 17:02:55
Окунучтуу,кызык эгер болгон окуя болгон болсо ата энеси мн телефондон иш бутургону туура эмес.
+3
Mukay
2016-12-10 10:49:57
Өч алып акыры тынган тура, көксөсү сууп. Кыздар абайлагыла жигиттердин шагын сындыргыла биро толо түбөлүкө, болбосо сылык эле сүйлөп узатып коет окшойсуңар.))
+2
dina-85
2016-12-10 15:06:14
Кыргыздын жигиттери мындайга барбаса керек
-3
aidar.5115
2016-12-10 15:57:07
казак ХХХ
-1
admin_superstan
2016-12-12 11:46:52
aidar.5115, этика нормаларын сактаңыз!
-1
Begimjan
2016-12-10 15:58:15
кызга кыйын болуптур жалка
-2
leilek_suluktu
2016-12-11 20:44:29
уландысы кана?
-1
aiposharysbekova
2016-12-12 16:34:17
Кандай окунучтуу!
-1
admin_superstan
2016-12-12 17:59:45
Pantherka, этика нормаларын сактаңыз.
-1
Ayka0696
2016-12-13 07:57:56
Жигитти да тойунда келин келбей койсо экен.
-1
Uzakova.Z.A
2016-12-13 16:10:38
Жигиттин конулун сындырбаш керек деп эле шарт эле макул боло калыш керекпи ? Кыз дегенде наз болот ошону эркек деген билиш керек.
+1
Surgut777
2017-04-19 06:29:35
Азыр кудайга шугур бактылуумун дечи башка менен имени да ушу сыяктуу бироо алдап кеткен бироо
0
№ 735, 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан