5 баланын атасы, актёр Аскат Сулайманов чыгармачылыгында бир топ ийгиликтерди жаратып, учурда эл көзүндөгү инсан. Кино, театрда жараткан ролдоруна өзүнүн баасы кандай, үйдө кандай уул, кандай ата, кандай күйөө? Бул суроолордун жообу төмөндө.
– Саламатсызбы? Аскат мырза, жакында эле социалдык тармактардагы баракчаңызга "Казакстандан кино тартып келдик" деп жаздыңыз...
- Саламатчылык! Ооба, өзүм режиссёрлук кылып "Революция токтотулат" деген аталыштагы тасма тартып жатканбыз, ошонун акыркы эпизоддорун Астанадан жыйынтыктап кайттык. Ошону менен катар мелодрама жанрындагы "Миллион жана сүйүү эрежеси" аттуу дагы бир жаңы тасмабыздын тартуу иштерин баштадык. Режиссёр катары бул менин төртүнчү эмгегим. Буга чейин "Президент жана бомж-2", "Москва сүйүүсү" деген тасмаларды элге тартуулагам. Учурда кино тартуу менен эле алектенбестен, театрда дагы жаңы спектаклдердин үстүндө иштеп жатабыз. Индия элинин "Махабхарата" деген абдан көлөмдүү эпосу бар. Ошол 19 томдук эпостон эки жарым сааттык "Бхарата урпактары" деген аталыштагы спектаклинде Шакуни деген бузуку терс каармандын ролун ойноп жатам. Буюрса, бул спектакль менен 20-декабрда Индияга сапар тартканы турабыз.
– Театр сахнасында, кино тасмаларда бир топ ролдорду жаратууга жетиштиңиз. Кайсынысы сизге сыймык жаратат дагы, кайсынысы өкүндүрөт?
- Өкүнүп калдым деп деле айтпайм, бирок бир ролум бар. Ушуну ойнобой эле койсом болмок экен деген ойдо калгам. Аны атабай эле коёюн, режиссёру таарынып калат го. Калган ролдорума эл өзү сынчы. Кандай гана роль жаратпа, кийин экрандан көргөндө сын көз караш менен карап калат экенсиң. Театр менен кинонун дагы бир айырмачылыгы ушул, спектаклде бир ролуңду 10 жылдан кийин ойносоң, башкача көз караш менен ойноп кетсең болот, а тасмада 10 жылдан кийин башкача көз караш менен карайсың, бирок оңдой албайсың. Мисалы, мындан 13-14 жыл мурда тартылган "Айыл өкмөтү" тасмасындагы ролумду карап отуруп бул жерин башкача ойносом болмок экен деп көп эле жерлерине оңдоо киргизгим келет, бирок ал мүмкүн эмес.
– Учурда уул-кыздарыңыз бой жете баштаган кез. Арасында сиздин жолуңузду жолдойм дегендери барбы?
- Ооба, балдарымдын алды бой жетип 18ге чыкты. Экинчиси 17 жашка толду. Ошол экинчи балам жакында эле өткөн өспүрүмдөр арасындагы "Карек" кинофестивалына өзүнүн тарткан тасмасын жиберип 87 эмгектин ичинен "Эң мыкты актёр" наамын жеңип алды. Анда улуу балам Арген, Арсен өзү, анан классташтары ойноптур.Кино тартып жүргөнүнөн "кел жардам берейин, мага көрсөтчү" десем, "жок, ата, сиз жардам берсеңиз бул сиздин киноңуз болуп калат, кийлигишпеңиз" деп койгон. Азамат, жакшы кино тартыптыр.
– Уулуңуздун сиздин жолуңузду жолдошун каалаган чыгарсыз?
- Негизи балдарымды катуу эле кармадым, ачуумдун келип турганын көзүмдөн эле байкашат. Өз учурунда туура багыт көрсөткөнгө аракет кылам. Мени менен акылдашышат, сыйлашат. Ал эми кесип тандоо жаатында эч кимисине кийлигишпейм. Өзүм деле бала кезде апам "сен жалгыз баласың, артист болуп эмне кыласың талаалап, милиция кызматкери бол" дегенинде көнбөй койгом. Кийин ойногон ролдорумду көрүп "келечегиңе балта чапмак турбаймынбы, артист болсоң мейли" деп калган. Улуу балам милиция кызматкери болом деп жүрөт. Андан кийинкиси Арсен минтип тасма жаатында ийгилик жарата баштаганынан "киного кетесиңби?" десем, "жок, ата, мен ашпозчу болгум келет, Италияга кетем" деп койду. Ал эми 7-класстагы баламдан "ким болосуң?" деп сурасам, "ой, билбейм, ата" деп коёт. Ал эми кыздардын тарбиясы энесинен көз каранды эмеспи, ата катары аларга кеп-кеңешимди айтып турам.
– Жеке жашооңузда да чоң өзгөрүүлөр бар экен...
- Ооба, быйыл август айында үйлөндүм. Келинчегимдин аты Мээрим, Ат-Башыдан болот. 1988-жылы туулган. Турмуш деген ушул экен, мурунку жубайым экөөбүз пикир келишпестиктерден улам ажырашып кеткенбиз. Жаман эмес, 17 жыл жакшы жашадык. Урушуп-талашпай эле сүйлөшүп, эки ажырым жолго түштүк. Балдарыма каралашып, кем-карчысын берип турам. Меникин эле аябай трагедия кылышты "Аскат үйлөнүптүр" деп, аларга айтар элем, мен эмес, Путин деле ажырашып, үйлөнүп жатпайбы, баарыбыз эле пендебиз да. Ажырашкандан кийин 2 жылдай ойлонуп бой жүрдүм. Андайда жоро-жолдош да көбөйүп кетет экен, күнү-түнү алар менен болуп. Апам да "үйлөн’’ дей баштады. "Эртең менен бара турган ишиң болсун, кечинде күтүп алар кишиң болсун" деп коёт эмеспи. Азыр баары жакшы, апам Мээримди жакшы кабыл алды, Мээрим да балдарым менен тил табышып кетти. Бактылуу жашап жаткан кезибиз.
– Кыз бала атасына жакын болот эмеспи. Кыздарыңыз сиздин үйлөнгөнүңүздү кандай кабыл алышты?
- Өзгөчө кичине кызым мага аябай жакын. Ошондуктан кыздарымдын көңүлүн оорутуп алуудан чочуладым. Бирок мага эч нерсе билинген деле жок. Эки жыл ичинде алар деле даяр болуп калышкан. Кызыма кээде тамашалап "эми мен башка "мама" алып келем го" деп койсом, "ала бериңиз" деп койчу.
– Бизге бөлгөн убактыңыз үчүн чоң рахмат. Бактылуу болуңуздар.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg