ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

СПОРТТО

Дрим-тим
– бул кыялдагы команда. Башкача айтканда, ар бир спорттогу эң мыктылар бир командага чогулган команда. Англис тилинен "dream – кыял", "team – команда" деп которулат. Журналисттер биринчи жолу бул терминди Барселона-1992 Олимпиадасында АКШнын баскетбол боюнча курама командасына колдонуп, ушул команданы дрим-тим деп аташкан. Себеби бул командада НБАнын эң мыкты оюнчулары Майкл Жордан, Скотти Пиппен, Карл Мэлоун, Мэджик Жонсон жана башка мыкты спортчулар чогулган. Ошондон тарта бул сөз эң мыкты же кыялдагы команданы билдирүүчү терминге айланган. Лионель Месси менен Криштиану Роналду бир командада эч качан ойногон эмес, бирок ХХI кылымдын дрим-тим командасы бул экөөсүз болушу мүмкүн эмес. Дрим-тим көпчүлүк учурда ар бир мезгилдин мыктыларын аныктоодо, аларды салыштырууда жана статистика үчүн колдонулуп келет.

ИНТЕРНЕТТЕ

Аттач
– бул электрондук катка тиркелген маалымат. Англис тилинен которгондо «attach – тиркеме, бекитүү» деген маанини камтыйт. Катка чогуу аттач кылып ар кандай графика, документ, видео, фото, музыкалык чыгарма же ар түрдүү шилтемелерди тиркесе болот. Аттач ачуу үчүн тиркелген шилтемени басып, аны компьютериңизден ачууга мүмкүн. Аттач расмий катка тиешелүү болгон өзүнчө маалыматты тиркеп, фото же видеону кошо жиберүү үчүн ыңгайлуу болсун үчүн атайын иштелип чыккан.

КООМДО

Каучсерфинг
– дүйнө жүзүндөгү саякатчылардын конок сервиси болгон онлайн-жардамчысы. Башкача айтканда, конок күтүү же саякатчыларга жардам көрсөтүү үчүн керектелген эл аралык бирикме. Бул кыймылдын мүчөлөрү интернет аркылуу саякат учурунда бири-бирине түнөк же конуш таап берүүгө жардам көрсөтүшөт. Учурда каучсерфинг жалпы 246 мамлекеттен 7 миллиондон ашуун адамды бириктирет. Бул кыймылдын башкы максаты – ар түрдүү маданият өкүлдөрүн бири-бирине кызыктыруу, маалыматтар менен алмашуу жана достук иретинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү болуп саналат. Бул саякатчылардын чет өлкөгө барып, түрдүү кыйынчылыктарга дуушар болбой турганына жардам берет. Каучсерфинг кыймылынын интернет баракчасына 18 жаштан жогору адамдар катталуусу мүмкүн.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Zaina
2016-12-16 01:36:09
Аттач эмес, этеч, дрим тим эмес дриим тиим
0
admin_superstan
2016-12-16 09:56:55
Zaina, саламатсызбы? Маалымат такталган.
0
№ 736, 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан