АНТИБИОТИКТЕР – МИКРОБДОРГО КАРШЫ КҮРӨШКӨН ДАРЫЛАРДЫН ТОПТОМУ

Бактериялык, инфекциялык ооруларды дарылоо үчүн антибиотиктер колдонулат. Антибиотиктер табигый, жарым синтетикалык жана синтетикалык болуп бөлүнөт. Ар бир дарынын таасири жана колдонуу эрежелери бар. Бул туурасында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун терапевти Гүлкайыр Жакыпова маалымат берет.

ТҮРДҮҮ ИЛДЕТТЕРДИ АЙЫКТЫРУУДА КОЛДОНУЛАТ

Антибиотиктердин организмдеги микробдорго каршы күрөшүүсү 3кө бөлүнөт:

  • Бактерияларга каршы
  • Грибокторго каршы
  • Шишиктерге каршы

Медицинада антибиотиктер классификацияга бөлүнөт:
Пенициллин тобу, макролид, цефолоспорин, аминогликозид, фторхинолу бар антибиотиктер, полимиксин, рифампицин, изониазид, флуконазол, нистатин.
Бул антибиотиктерди суук тийгенде, инфекциялык ооруларды дарылоодо, клетканын ичиндеги микробдорду (хламидиоз, микоплазмоз) өлтүрүүдө жана ачык жараларды айыктыруу, кургак учук таякчаларын жок кылууда колдонулат.

АНТИБИОТИК МИКРОБДОРДУ КАНТИП ӨЛТҮРӨТ?

Микробдун чел кабыгын, белоктун, ДНКнын синтезделишин, клетканын мембраналарын жок кылат. Ошондой эле микробдордун көбөйүшүн, дем алуучу ферменттерин өлтүрөт. Андан кийин организмдеги макрофаги клеткалары иштеп, иммунитеттин оорулар менен күрөшүүсү башталат.
Бул антибиотиктерди өз алдынча колдонууга тыюу салынат. Себеби организмде кандай микроб менен кайсы антибиотик күрөшөрүн сиз билбейсиз. Ошондуктан дарыгердин кеңешинен кийин колдонуңуз.
Антибиотиктин терс таасири көп деп колдонбой коюу мүмкүн эмес. Себеби организмдеги микробдорду бир гана антибиотиктер өлтүрөт. Болгону дарыгердин көрсөтмөсү менен гана ичүү керек.

Терс таасирлери:


АНТИБИОТИКТЕРДИ ТУУРА ПАЙДАЛАНУУНУН ЖОЛДОРУ

  • Антибиотиктерди колдонууда пенициллинден баштоо керек. Анткени ал табигый дары каражаты. Организмге тийгизген зыяны башка антибиотиктерге караганда аз.
  • Бир кишиге жазылган антибиотикти башкалардын колдонуусуна уруксат бербеш керек.
  • Антибиотиктер 3 күндүн ичинде натыйжа бере баштайт. Эгер абал турукташып бараткан болсо, дары ичүүнү көрсөтүлгөн күнгө чейин улантуу керек. Ал эми натыйжа бербей, оорунун белгилери сакталып жаткан болсо дарыгерге кайрылуу шарт.
  • Биринчи жолку дарылануудан калган антибиотиктерди экинчи ирет колдонууга болбойт.
  • Антибиотиктердин өлчөмү дарыгердин көрсөтмөсүнөн ашыкча же кем болбошу абзел. Анткени кем колдонуудан улам туруктуу бактериялардын пайда болушу толук мүмкүн.
  • Дарыларды колдонуунун убактысы так болушу керек. Айрымдарын тамактанууга чейин, айрымдарын тамактан кийин ичүү кажет. Антпесе дарылар жакшы сиңбей, жардам бербейт.
  • Кошумча эффекттер – кусуу, баш айлануу, ич өтүү. Бирок дароо эле дарылардан баш тартууга болбойт. Мындай учурда дарыгерге кайрылуудан өтөрү жок.

ТАБИГЫЙ АНТИБИОТИКТЕР

  • Сарымсак – суук тийүүнүн алдын алып, иммунитетти көтөрөт.
  • Алоэ ширеси менен балдын аралашмасы – күнүнө 3 маал бир аш кашыктан ичип туруу керек. Өпкөдөгү какырыкты чыгарат.
  • Пияз менен сүт. Кайнап жаткан сүткө пиязды кошуп кайнатып, чыпкалап ичсеңиз, суук тийгенден жана какырыкты чыгарганга жардам берет. Бул ыкмалар менен сиз зыяндуу бактериялардын пайда болушун, алардын көбөйүшүн алдын аласыз.

Антибиотиктерди өзү билип колдонуп, ашыкча ичип, организмдин илдетке каршы күрөшүүсүнө жолтоо болгондор да жок эмес. Абалыңды айтсаң фармакологдор дароо эле түркүн дары-дармектерди, антибиотиктерди сунушташат. Бирок дарыгердин көрсөтмөсү жок, рецептсиз сатууга тыюу салган Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу бар. Эмнегедир көпчүлүк дарыканалардын бул иштен кабары жоктой. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек департаментинин маалымат борборунун башчысы Замир Акаев мындай дейт:
– Өлкөдөгү дарыканалардын көпчүлүгү менчик дарыканалар. Учурда мамлекеттик дарыканаларда наркотикалык жана психотроптук дары-дармектерди сатуу боюнча коюлган талаптар аткарылып жатат. Менчик дарыканаларда антибиотик жана башка дары-дармектерди дарыгердин көрсөтмөсү боюнча сатууда көйгөйлөр бар. Бул маселени чечүү үчүн фармацевтикалык уюмдардын жетекчилерине дарыгердин көрсөтмөсү жок бир дагы антибиотик сатылбашы керек деген маалымат бир нече ирет берилген. Бул тууралуу эрежелер, талаптар министрликтин расмий сайтында да жайгаштырылган.
Дары-дармек департаменти буга чейин саламаттыкты сактоо мекемелерине текшерүү жасаган. Эми кезектеги текшерүү 2016-жылдын декабрь айында жүргүзүлөт. Ал эми дары каражаттарын чекене баада саткан дарыканалар Экономика министрлигинин буйругу менен жылына бир жолу текшерилип турат.

Макала даярдоо учурунда 2-3 дарыканага киргенибизде антибиотиктер дарыгердин көрсөтмөсү жок сатылып жатканына күбө болдук.


Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
tuigan.
2016-12-21 10:56:49
Аллергиялык бронхит жонундо жазгылачы.себеби кызымкы бар 9айлык дарыгерге барсан эле антибиотик жазат 3ай катар антибиотик ичтик.табигый жол менен кантип алдын алып айыктырса болот.бул бронхитке суспензия.сироп да болбойт экен только таблетка менен
0
admin_superstan
2016-12-21 11:02:46
tuigan., саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат. Буга окшогон суроолорду kenesh@super.kg дарегине жөнөтсөңүз болот.
+2
Romantik.
2016-12-21 16:21:33
admin_superstan, ашказан жарасы, аны кантип айыктырат,эмне ичип эмне жебеш керек ошол жонундо жазгылачы
Маалымат алып бергилечи
+1
admin_superstan
2016-12-21 16:57:49
Romantik., саламатсызбы? Сурооңузду kenesh@super.kg дарегине жөнөтүңүз.
0
Romantik.
2016-12-22 13:15:20
admin_superstan, мен жоното албай койдум...
Сиз эле тиешелуу болумго жеткирип берип коюнузчу
0
№ 737, 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан