Сахнанын түйшүгү оңой эмес, өзгөчө аял кишиге. Эл алдында өз ордун жоготпой, үй-бүлө очогун өчүрбөй экөөнү эриш-аркак алып кетүү андан да кыйын. Бүгүнкү мейманыбыз Айчүрөк Иманалиеванын сахнада жүргөнүнө 30 жыл болуптур. Отуз жыл айтканга оңой болгону менен өзүнө эмне деген эмгекти камтыйт. Отуз жылдык өмүрүн, эмгегин сахнага арнаган ырчы сахнаны таштоо алдында турганын айтты.
– Саламатсызбы? Айчүрөк эже, маекти дароо эле ток этер жеринен баштасак. Шоу-бизнестен чарчадым деп жатасыз, эмнеси чарчатты сизди?
–Саламатчылык. Кыргызстанда шоу-бизнес деген сөз мындан он жыл мурун пайда болду десек болот. Ошондон бери бул казан боркулдап эле кайнап жатат. Менин эстрада жанрында иштеп келе жатканыма 30 жылга аяк басыптыр. Мурун "аранжировкачыдан, композитордон, акындан ыр сатып алуу" деген түшүнүк жок болчу. Алар акчаны эмес, жаратчу чыгармасын ойлоп болгон демин, күчүн жумшагандыктан, ошол кезде жаралган ырларды улам кийинки муун жаңылап ырдап жатышат деп ойлойм. Мен жаңы чыккан кезде ырды жараткандар эмес, аткаргандар акча алчубуз. Эсимде, 1992-жылы ошол учурдун популярдуу долбоору "Мыскыл жана тамашага" катышып, ал үчүн жакшы акча алгам. Азыр турмуш-шарт ушуга түртүп жатат окшойт, баарын сатып аласың, эч ким бекер иштебейт. Анда да жөн иштебей ким көп акча төлөсө ага сатып жиберебиз. Жан дүйнөңдөн сызылып чыккан чыгарма метр менен өлчөнүп, таразага тартылбашы керек деп ойлойм. Азыркы шоу-бизнестин интригалары да укмуш. Өзүм эч нерсе дебесем, күнөөм жок болсо дагы, атымды илештирип алып, психологиялык жактан чарчатып салышкан учурлар көп. Ушундай нерселердин айынан эки жыл съёмкаларга барбай, интервью бербей жүрдүм. Бирок чет өлкө менен иштешип, 2 жылдын ичинде байгелүү 7 орун алып келдик. Бул да болсо менин кыргыз эстрадасына кошкон тамчыдай салымым деп билем.
– Эл аралык сынактарда калыс катары барып жүргөнүңүз тууралуу айтып жатсаңыз керек. Калыстар арасында отуруп бизден барган катышуучуга жакшы бааңызды бересиз, калган бааны ырчы өзүнүн таланты менен алып жатпайбы...
– Мамлекеттин атынан калыс болгон соң күчтүү катышуучуну алып барганга аракет кыласың. Чынында ал жакта деле тааныш- билиштикке салуу бар. Калыстар тобунда отуруу өзүнчө бир саясат десем болот. Мисалы, Прагада өткөн сынакта Курал Чокоев алдыңкы ондукка кирбей калса болобу? Курал, балким, ал түнү уктап жаткан чыгар. Биз, жолдошум Таалай экөөбүз эртең мененки жетиге чейин ар кимге телефон чалып отуруп, ондукка кирбей калган ырчыбызга 3-орунду алып бердик. "Биздин аранжировкабыз ушундай болчу, силер байкаган жоксуңар, формабыз мындай болду",- деп өзүбүздүкүн алга сүрөдүк.
– Сахна адамы катары сизди бул чөйрөнүн эмнеси ыраазы, эмнеси нааразы кылат?
– 1996-1997-1998-жылдары "Азия дауысы" Эл аралык фестивалына барып, сахнанын жасалгасына оозум ачылып аябай суктанып келгеним эсимде. "Бизде качан сахналар ушундай жасалат?" дегем. Азыр ошондой жасалган сахна бизде да бар. Мисалы, кечээ эле "Супер концерт-2016" өттү, сахна кандай укмуш жасалды. Жөн эле керемет. Сахнадан кетпей ырдай гана бергиң келет. "Ордендин эки жагы бар" дегендей, көрө албастардын капкаяктагы ушактарды жаратып таратканы, кичүүлөрдүн улууларга, улуулардын кичүүлөргө ызаатынын жоголуп баратканы нааразы кылат. Чогулуп алып сахна талашкандары аябай жүрөгүңдү оорутат. Өткөндө кайрымдуулук концерттерине бардым. Көрүүчүлөрдөн ырчылар көп. Кимиси ырдай алат, аны тескеген адам жок. Андайда ырдамыш болуп жүргөнү деле улуулардын башын аттап кеткени аянычтуу. Тойго барсаң деле ошо. Азыркы жаштар улуу муунду автомат менен атса, аларды кийинки муун замбирек менен тосуп аларын унутушпаса. Мындан улам, тынч эле жашап сахнадан кетсемби деп жүрөм.
– Сахнаны таштаганга эркиңиз жетеби?
– Жогоруда ар кандай интригалардан чарчадым дебедимби. Ошондон улам эч кимдин көзүндө, кулагында, сөзүндө болгум келбей, жан-дүйнөм кыйналган учурлар болот. Өзүмдүн отчёттук концертимди берип, анан кетейин дедим. Концертимди жыл жаңырары менен январь айына тууралагам, бирок жетишпей жаткандыктан февралга жылдырдым. Ошондо кызым, Аэлита буюрса сахнага алгачкы кадамын таштайт. Ырчылыкты таштоого эрким жетпей баратса кызыма продюсер болуп алам да (күлүп).
– Жеке жашоону да камтый кетели. Жылдар өткөн сайын үй-бүлөдөгү аял-күйөө мамилеси ар түрдүүчө өзгөрөт экен, сиздердики кандай өңүткө өзгөрдү?
– Таалай иштегенден бери эртең менен бир, кечинде бир көрөм. Жылдар өткөнү эки адамдын ортосундагы сүйүү балдардын артына жашынгандай болот экен. Башкача айтканда, балдар деп жашап калдык. Балким бирөөлөргө үй-бүлөсүн башкарган күчтүү аял көрүнөм. Бирок жолдошумдун да өзүнө тиешелүү мүнөзү бар. Жашаганыбызга 22 жыл болду. "Кичинекей мамлекетибиз урабасын" деп көп учурда мен артка бир кадам таштап турам. Мага караганда Таалай көк бет, кээде бир апта деле сүйлөбөй коёт. "Андай кылалы, мындай жасайлы" деп үй-бүлөнү сүйрөгөн мен. Сүйрөбөсөм да болбойт. Отуз жылдан бери элим мени сахнадан түшүрбөй кол чаап келет, бул да болсо талыкпаган эмгегимдин акыбети. Кичинекей бизнесимди ачып алдым. Мунун баары балдарым үчүн, балдарым мендей кыйналбаса дейм.
– Балдарым мендей кыйналбаса экен деп 2-3 жолу айттыңыз. Эл ырчыларды жыргап эле тойдо, концертте жүргөндөй көрүшөт...
–Айылда гастролдоп жүргөнүбүздө кээде лак жок калып, чачыбызды дарбыздын ширеси менен тургузган күндөр болду. Кышында бензин түгөнүп машинада, мейманканага жатканга акча жок концерттик костюмдарыбызды жамынып талаага да түнөдүк. Бир жолу Арлен алты айлык боюмда барда Ошто "Айчүрөк" эстрада театры кырк күн концерт бердик. Концерт бергенибизге бир ай болгондо 2-3 күнгө эс алдык. Бир айлык гастролдун акчасын учак менен Бишкекке алып келип үйдөгү шифоньердин астына катып кетип жатпаймынбы. Аны кассага деле салып койсом болмок экен. Ал топтогу 20га чукул адамдын бир айлык иштеп тапкан чоң суммадагы акчасы болчу. Кайра Ошко барып он күндүк гастролубузду бүтүрүп келсем акчам жок. Үйүмдө жашап жаткан туугандарым уурдап кетиптир. Анда да стресс болуп ооруканага жатып калдым. Уурдагандар акчага алтын, кийим алышып, ресторанда жыргап жүрүшүптүр. Ошондон кийин ал туугандар менен катышпай калдым. Бул мен көргөн кыйынчылыктын чети гана.
– Рахмат маегиңизге, ишиңизге ийгилик.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg