2017-ЖЫЛГА АСТРОТӨЛГӨ

Келе жаткан тоок жылы менен жаңы күндөр, жаңы өзгөрүүлөр келет. Кимдир бирөө сүйүү күтүп жүрсө, кээ бирибиз карьералык секирик жасоону көксөп келебиз. Биздин ойлогон ойлор ишке ашабы? Бул жылда кимге ийгилик жылмаят да, кимге этият болуу сунушталат? Астротөлгөнү караңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

ЖААЧЫ-ЧЫЧКАН
Жалгыз жүргөндөр келе жаткан жылы өмүрүндөгү эң чоң сүйүүгө жолугушу ыктымал. Жаңы таанышуулар достук мамилелерден тышкары жумуш, ишкерлик боюнча сунуштарды алып келет. Көптөн берки максаттарыңыз ишке ашат. Бирок жыл бою сизди жолдон адаштырууну каалаган бирөө жаныңызда болот.

ЖААЧЫ-УЙ
Эмнени жактырсаңыз, ошону менен алек болууга бул жыл мүмкүнчүлүк берет. Мунун артынан жан дүйнөңүздө канааттануу, жумуштан ырахат алуу пайда болот. Антсе да сиз алек болгон нерселер чоң киреше алып келе баштайт деп айтуу кыйын. Жеке мамилелерде чечкиндүү болуу, биринчи кадам жасай билүү ийгилик алып келет.

ЖААЧЫ-ЖОЛБОРС
Жеке жашоодо мурунку мамилелер үзүлүп, жаңы мамилелер пайда болушу ыктымал. Туура тандоо жасаганды билиңиз, антпесе жыл аягында жалгыз калышыңыз мүмкүн. Каржылык жаатта укмуштуудай кирешелүү өзгөрүүлөрдү күтпөңүз. Бирок сиздин хоббиңиз кошумча киреше алып келе баштайт.

ЖААЧЫ-КОЁН
Быйыл сизге болгон муктаждык көбөйөт. Жумушта да, үйдө да баарына керек адамга айланасыз. Жардам сурап колун сунган таасирдүү адамдар менен жолугасыз. Эч нерседен тайманбай алдыга жылыңыз. Быйылкы жеткен көрсөткүчтөрүңүз кийин сизге ийгилик алып келет деп ишениңиз.

ЖААЧЫ-БАЛЫК
Жакындарыңызга жетиштүү көңүл бөлбөгөнүңүздөн же дагы башка себептерден улам үй-бүлөдө жыл ортолоп айрым бир маселелер жаралат. Жумуш сизден өжөрлүктү талап кылат. Канчалык көп иштесеңиз, ошончо каражат табасыз. Жалкоолукту жеңе албасаңыз, акчасыз калышыңыз толук ыктымал.

ЖААЧЫ-ЖЫЛАН
Жылды кандай баштасаңыз, ошондой бүтөт. Демек, ар бир мүмкүнчүлүккө жабышыңыз. Себеби бул жылы башталган иштериңиз сизди дагы бир канча жыл каражат менен камсыз кылат. Өзүңүздүн көз карашыңызды гана туура дей берген мүнөзүңүздөн улам түгөйүңүздөн же мыкты досуңуздан кол үзүшүңүз мүмкүн.

ЖААЧЫ-ЖЫЛКЫ
Быйыл карьераңызда жасаган ийгиликтерди жоготуп алуу коркунучу бар. Мындан каржылык абалыңыз солгундашы мүмкүн. Сак болуңуз. Жеке мамилелерде “солго” жөнөп кетишиңиз ыктымал. Горизонтто сизди кайдигер калтырбаган үчүнчү киши пайда болот.

ЖААЧЫ-КОЙ
Жакын адамдардын кеп-кеңешине кулак төшөңүз. Себеби сиз сөзсүз ишке ашат деген долбоорлоруңуз ийгиликсиз болуп калуусу ыктымал. Чындыкты кабыл ала билиңиз. Балким, жаңы иштерди баштагандан көрө башка өлкөгө саякаттап келүү, тил үйрөнүү сизге көбүрөөк пайдалуу болоттур.

Жаачы-Маймыл
Жашоого болгон көз карашыңызды өзгөртө турган адамга жолугууңуз ыктымал. Андыктан быйыл жашынып отура бербей, болушунча ачык болууга аракет кылыңыз. Анткени ачыктык, адамдар менен тил табыша билүү сизди ийгиликке жетелейт. Бул жыл сиз үчүн достуктун жана кызматташтыктын жылы болот.

ЖААЧЫ-ТООК
Келе жаткан жыл бардык тараптан алганда сиздин жылыңыз. Болгону айрым бир чечимдериңиздин залакасын тартып калууңуз ыктымал. Бирок кара сызыктар да абдан кыска болот. Тагдыр жумушта да, сүйүүдө да көптөгөн сюрприздерди сиз үчүн дайындап койду. Алардын көпчүлүгү жагымдуу.

ЖААЧЫ-ИТ
Бир нече жолу татаал тандоого кептелесиз. Акылга салганда бардыгы ачык-айкын болуп турса да, жүрөгүңүздү укканыңыз туура болот. Ошондо гана карьералык секирик жасабасаңыз да, капчыкты кампайтууга шарт түзүлөт.

ЖААЧЫ-ДОҢУЗ
Кеңеш айткандардын баарын эле уга бербеңиз. Туура эмес жолго салгысы келгендер быйыл четтен чыгат. Калп айтуудан, куулук-шумдуктан алыс болбосоңуз, беделиңиз түшүп уят болууңуз ыктымал. Көп каражатты максатсыз, пайдасыз колдонуп салуу коркунучу бар.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

ТЕКЕЧЕР-ЧЫЧКАН
Көп сыноолорго туш болосуз, айрыкча жумушта. Сизди көрө албай бут тоскондор чыгат. Жылдын экинчи жарымында көптөн берки максатыңызды ишке ашырууга жагымдуу жагдай түзүлөт. Кыйын маалда жөлөк болчу жакшы доско ээ болосуз.

ТЕКЕЧЕР-УЙ
Иштериңиз абдан жакшы жүрүшүп баштайт. Бирок жеке мамилелерде сыноолор, көйгөйлөр башталат. Аларды жайгаргандан кийин гана бактылуу боло аларыңызды түшүнүңүз. Жалгыз жүргөндөр, түгөй тандоодо этият болгула. Бул жылкы тандоо келечекке таасирин тийгизери бышык.

ТЕКЕЧЕР-ЖОЛБОРС
Жашоомду өзгөртөм деп талпынбаңыз. Сиз ойлогондой болбой калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Быйыл мурдагы агым менен эле өмүр сүрүү көбүрөөк пайдалуу болот. Күч, тажрыйба топтой турган жыл. Жеке жашоодо бир топ жылдардан бери таарынышып жүргөн адамдар менен жарашуу, тил табышуу орун алат.

ТЕКЕЧЕР-КОЁН
Өзүңүздү таанууга аракет кыласыз. Үй-бүлө күтө электер сүйүүгө кабылышы мүмкүн. Жумушта ийгиликтер болот. Бирок аны менен катар сиздин ийгиликтерди жокко чыгарууга аракет кылгандар да чыгат. Үй-бүлө, жакын адамдар мындайда мыкты жардамчы боло алышат.

ТЕКЕЧЕР-БАЛЫК
Бул жыл сиз үчүн ийгиликтүү болот. Жыл бою тынбай иштейсиз. Убактыңыздын көп бөлүгү жумушта өтөт. Кризис, карыз деген сөздөрдү тоок жылында унутуп койсоңуз жарашат. Болгону көп энергия коротуп, жан алакетке түшө бербеңиз. Муну баалагандар менен катар баалабагандар да бар. Андайлар көрө албастык кылышы мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР-ЖЫЛАН
Акчасыз калып, карызга батпаш үчүн болушунча эсепке так болуңуз. Ар кандай күтүлбөгөн бурулуштар болот. Жыл ортолоп сизди чарчаңкы маанай басат. Башкалардын ишине күйүп-бышып же маанисиз нерселерге көңүл буруу менен негизги деп эсептелген иштерден алыстап кетүүңүз ыктымал.

ТЕКЕЧЕР-ЖЫЛКЫ
Өзүңүздүн каалоолоруңузду чектебеңиз. Бул жылы башка жакка көчүп кетүүнү, оор мамилелерди токтотууну же жакпаган жумуштан кетип калууну мерчемдесеңиз, ишке ашыра бериңиз. Сизди ийгилик коштойт. Жаңы чөйрө, жаңы таанышуулар, эсте калчу жакшы күндөр бул жылы сизде көп болот.

ТЕКЕЧЕР-КОЙ
Жыл ортолоп кыйынчылыкка туш келесиз. Аны басып өтүүгө жаңы таанышыңыз жардам берет. Демек, жакшы дос күтөсүз. Жеке турмушта да, жумушта да туруктуулук байкалат. Ашып-ташкан киреше да, капчыгыңызды каккан каатчылык да болбойт.

ТЕКЕЧЕР-МАЙМЫЛ
Үй-бүлөлүүлөр кичинекей мамлекеттин жүгүн толук бойдон моюнуна алып, активдүүлүгүн көрсөтүшөт. Жалгыз жүргөндөр түгөйүнө жолугуусу ыктымал. Байкай жүрүңүз, жумуш жаатында тагдыр чечүүчү жана сиз үчүн ийгиликтүү боло турган мүмкүнчүлүк пайда болот. Өткөрүп жибербеңиз.

ТЕКЕЧЕР-ТООК
Жеке жашоодо жымжырттык өкүм сүрөт. Андыктан бар күчүңүздү жумушка жумшаңыз. Өзүңүздү аяп, эркелете берүүнү токтотуңуз. Сиз үчүн иштей турган, анан ошого жараша тиштей турган жыл. Жыл башында эле жасай турган иштердин тизмесин түзүп алып, билек түрө киришсеңиз жакшы жыйынтыкка жетесиз.

ТЕКЕЧЕР-ИТ
Укмуштуудай энергия пайда болот. Тилекке каршы, анын баарын эс алууга, көңүл ачууга коротуп коёсуз. Күчүңүздү максаттуу жумшаганга аракет кылыңыз. Жок эле дегенде курстарга барып жазылыңыз. Антпесе жыл жыйынтыгын чыгарарда өзүңүзгө өзүңүз нааразы болуп калышыңыз ыктымал.

ТЕКЕЧЕР-ДОҢУЗ
Жыл башында карьераңызда өйдө-төмөн кырдаалдар жаралат. Көйгөйлөр биринин артынан бири жаайт. Сабырдуулук, тунук акыл оор кырдаалдан чыгууга жардам берет. Жыл ортолоп мээнетиңиздин акыбети кайтат. Жеке жашоодо маанилүү сунуш түшөт. Ага карата чыгарылган чечим жашооңуздун андан ары кандай өнүгөрүнө таасир бермекчи.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

СУУ КУЯР-ЧЫЧКАН
Өзүңүз жакшы көргөн гана жумушту жасап, оор келген иштердин баарын башкаларга жүктөп коёсуз. Бул сиз үчүн ыңгайлуу да, жагымдуу да болот. Үй-бүлөлүүлөрдүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жакшырат. Ал эми бойдоктор жыл ичинде бир нече мамиле курууга жетишишет. Бирок ал мамилелердин биринен да жыйынтык чыкпашы мүмкүн.

СУУ КУЯР-УЙ
Шашпай жүрө бермей адатыңыздан жабыркап калууңуз ыктымал. Активдүүлүк көрсөтпөсөңүз, сиздин мүмкүнчүлүктү башкалар пайдаланып кетиши мүмкүн. Үй-бүлөдө наристенин төрөлүшүн күтүңүз. Ал эми бойдоктор үй-бүлөлүү болушат.

СУУ КУЯР-ЖОЛБОРС
Өтүп бараткан жылда жасаган мээнетиңиздин акыбети келе жаткан жылда кайтат. Эс алыңыз, мүмкүнчүлүк бар. Жыл ортолоп кайрадан эле мурункудай дем-күч менен иштей баштайсыз. Жакшы жыйынтык көп күттүрбөйт. Жумуш чөйрөсүнөн жашооңузда орчундуу орун ээлей турган адамга жолугасыз.

СУУ КУЯР-КОЁН
Позитивдүү маанай жыл бою коштоп жүрөт. Тагдыр улам бир бурулуш жасап сизди таң калтырганын койбойт. Кам санабаңыз, бардыгы сиз күткөндөн да жакшы болот. Болгону эс алууга таптакыр убакыт табылбай калат. Бойдоктор түгөйлүү болчу жыл.

СУУ КУЯР-БАЛЫК
Жакын адамдарыңызда көйгөйлөр пайда болот. Аларды чечүүдө сиз негизги ролдорду ойнойсуз. Айрым бир учурларда кирешенин артынан кубалап, мунун айынан сиздин жашооңузду өзгөртчү адам менен кайчылаш өтүп кетүүңүз ыктымал.

СУУ КУЯР-ЖЫЛАН
Жыйынтык чыгарып, жаңы максаттарды мерчемдөөчү жыл. Колумдан келбейт деген иштерди жасап, ийгилик жарата аласыз. Ийгиликтерди сизге жардам бергендер менен бөлүшүүнү да унутпаңыз. Антпесе ишенимдүү өнөктөштөрдөн ажырайсыз. Тобокелчиликтерге барбаңыз, бармак тиштеп каласыз.

СУУ КУЯР-ЖЫЛКЫ
Күчүңүз ашып-ташат. Ошондо да жети өлчөп, бир кескенди унутпаңыз. Сиз ойлогон ойлор ишке ашканы менен, жыйынтыгы сиз күткөндөй болбой кыжалат кылат. Ишкерлик менен алектенгендерге ийгилик жылмаят. Мунун артынан кирешеге катар сыйга да ээ болосуз.

СУУ КУЯР-КОЙ
Биринчиден, үйдөгү аба ырайын оңдоңуз. Бул жылы үй-бүлөдө бир далай көйгөйлөр чыгышы мүмкүн. Албетте, анын баары жумушка да терс таасирин тийгизет. Качан гана үйдө ынтымак, түшүнүшүү орногондо ишиңиз алдыга жыла баштайт.

СУУ КУЯР-МАЙМЫЛ
Өзүңүз да күтпөгөн карьералык секирик жасайсыз. Сак болуңуз. Колуңуздан келбеген ишке аралашып кыйынчылыкка кептелүүңүз мүмкүн. Күчүңүз жеткен, өзүңүз топук кылган иште гана ийгилик жаралат. Өтө эле бийикке талпына бербеңиз.

СУУ КУЯР-ТООК
Бир нерсени өзгөртүүгө каалоо күчөйт. Үйүңүздү кооз жана кымбат кылып жасалгалоого бел байлашыңыз мүмкүн. Жыйынтыгы көз кубантканы менен, каржылык жаатта кыйынчылык пайда болот. Кандай болсо да насыя же карыз алуудан алыс болуңуз. Каатчылыкты акырындап жеңип кетесиз.

СУУ КУЯР-ИТ
Жеке ишиңизди баштоого мезгил келди. Албетте, анча-мынча кыйынчылыкка тушугасыз. Бирок үй-бүлө мүчөлөрүнүн жардамы менен анын баарын басып өтөсүз. Быйыл сиз достук жана туугандык мамилелер канчалык маанилүү экенин толук түшүнөсүз.

СУУ КУЯР-ДОҢУЗ
Жаз айларында ден соолугуңуз солгундап, ооруканага жатуу ыктымалдыгын эске албасак, сизде бул жылы баары жакшы болот. Болгону мурунду көтөрбөш керек. Тоок жылы мен-менсинүүнү жактыра бербейт. Жакын адамдарга берген убадаларды аткара билиңиз. Алар сизден чечкиндүү кадамдарды күтүшөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)

Балык-Чычкан
Жыл башында көйгөй да, кубаныч да аралашып кетип, сизди бушайман кылышы мүмкүн. Кам санабаңыз, аз өтпөй бардыгы ордуна келет. Көптөн бери чечилбей келген көйгөйдүн айласын табууга шарт түзүлөт. Жыл аягында жан дүйнөңүздүн да, капчыгыңыздын да абалынын жакшырышы күтүлөт.

БАЛЫК-УЙ
Ойноп-күлгөнгө укмуштуудай сонун шарттар бар. Эмнени тандайсыз? Шаан-шөкөттөн баш тартып, жумушка баш-отуңуз менен киришсеңиз жакшы жыйынтыкка жетесиз. Антпесеңиз, мурдагы баскычта каларыңыз айтпаса да түшүнүктүү.

Балык-Жолборс
Сактык сиздин экинчи ысымыңызга айланат. Чөйрөңүздөгү адамдар сизди бир убакта чечкинсиз деп сыпаттап башташы мүмкүн. Провокацияга алдырбаңыз. Сиз туура жолдо баратасыз. Сактыгыңыз, терең ойлонууңуз жыл этегинде жакшы жыйынтык берип, капчыгыңызды калыңдатат.

БАЛЫК-КОЁН
Чыгармачылык жаатта ийгилик жаратышыңыз мүмкүн. Керек болсо бул нерсе киреше алып келе баштайт. Андыктан коркпоңуз. Күтүлбөгөн бурулуштар толтура болот. Бирок сиз баарын жеңесиз. Кыялдарды ишке ашырууга мезгил келди, чамдаңыз.

БАЛЫК-БАЛЫК
Жашооңуздан ырахат алууну үйрөнүңүз. Жагымдуу сюрприздер ансыз да көп болот. Шаша берүү, талап кылуу менен жакын адамдарды катуу таарынтып алуу коркунучу бар. Баштачу иштериңиз туура багытта өнүгөт.

БАЛЫК-ЖЫЛАН
Тоок жылында канчалык көп берсеңиз, ошончолук көп аласыз. Көп мээрим төксөңүз көп жакшы көрүү, көп эмгек жумшасаңыз мыкты жыйынтык, жадакалса көп киреше алуу үчүн да көп акча жумшоого туура келет. Жыл ичиндеги сиз туш келчү кыйынчылыктар да сиз үчүн пайдалуу болот.

БАЛЫК-ЖЫЛКЫ
Сиз үчүн сонун сезилген идеялар жыл бою оюңузда жаралып турат. Бирок жыйынтыктар сиз ойлогондой сонун эмес. Күлгүн көз айнекти чечип, ар бир ишти баштоодо терең анализ кылганда гана алдыга жыласыз. Жеке жашоодо бардыгы мурунку калыбында калат. Өзгөчө жаңылык болушу күтүлбөйт.

БАЛЫК-КОЙ
Бул жылы сизде нааразычылык күчөйт. Бир караганда жумушта деле, үйдө деле бардыгы ойдогудай. Бирок адамдар сизди баалабай жаткандай сезим күч алмакчы. Токтотуңуз. Тескерисинче, бул жылы сизге болгон сый-урмат күчөй турганын жылдыздар шыбырашууда.

БАЛЫК-МАЙМЫЛ
Жумушка байланыштуу татаал чечим чыгарууңуз мүмкүн. Бир эле учурда эки тараптан жакшы сунуштар түшүп, тандоо кыла албай бушайман болосуз. Жакындардын кеңешине муктаж болосуз. Дегеле бул жылы сиз көп ойлонууга аргасыз болосуз.

БАЛЫК-ТООК
Абдан ийгиликтүү жыл болот. Үй-бүлөдө, жеке мамилелерде гармония орноп, ишиңиз алдыга жылат. Ар бир баштаган иш сизге эргүү жана көп каражат алып келет деп күтсө болот. Максаттарга жетүүдө тоскоолдуктар сиз үчүн оңой эле болот.

БАЛЫК-ИТ
Жеке жашоодо олуттуу көйгөйлөр пайда болушу ыктымал. Мурунку кетирген каталар терс таасирин бериши мүмкүн. Андыктан өзгөрүүлөргө бел байлайсыз. Бул албетте, сиз үчүн пайдалуу болот. Жыл аягында бардык кырдаал сиздин пайдаңызга чечилгенине ишенесиз.

БАЛЫК-ДОҢУЗ
Туура багыттарды тандай билүү менен жашооңузда жагымдуу бурулуштарды жасайсыз. Айрыкча жеке жашоодо бардыгы ойдогудай болуп кубантат. Жумуш абдан көп. Ага карабай сиздин жан дүйнөңүз тынчтыкта болот.

Мирлан Өмүралиев
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 738, 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан