10-11 АЙЛЫК БАЛАГА КАМ КӨРҮҮ

Балаңыз күн санап өсүүдө. Ал көптөгөн нерселерди өздөштүрүп, күнүгө түрдүү кылыктары менен сизди кубантууда. Бул курагында балдар сизден өзгөчө камкордукту талап кылат. Кандай дейсизби? ЮНИСЕФтин балдарга кам көрүү боюнча атайын чыгарылган колдонмосуна көз жүгүртөлү.

10 АЙЛЫК

Физикалык өнүгүүсү

  • Бала бул курагында мурунку салмагына 250 граммдан кем эмес кошуп, бою 1-1,5 сантиметрге өсөт. Мындан сырткары башы, көкүрөгү да чоңоёт.
  • Бир нерсени кармап турат, эки колунан сүйөп бастырсаң кадимкидей кадамдарды жасайт. Өзүнүн жасап жаткан "эрдигине"эрдемсинип, жыргайт, бастыр деп талап кылат.
  • Кичинекей нерселерди, сүрөттөрдү, сыналгыдан кетип жаткан жарнактарды, мультфильмдерди көрөт. Өзүнө тааныш үн чыкса эмгектеп ошол жакка жөнөйт.
  • Астына тамак коюп берсең төгүп-чачып өзү жегенге аракеттенет.

Эске алыңыз! Эгер балаңыз 12 айына чейин кыймылдап жаткан буюмдарды карабаса, көтөргөндө бутун төмөн коё бербесе, жетелегенде баса албаса, кичирээк буюмдарды манжалары менен кармай албаса, анда сөзсүз дарыгерге кайрылыңыз!

Психикалык өнүгүүсү

  • Тыйганды, жумшаганды түшүнүп, "жүрү, "тийбе"сыяктуу жөнөкөй сөздөргө түшүнгөнүн кыймыл-аракети менен билдирет.
  • Жаккан нерсесин колунан алып койсоң талашып, чыр салат, ыйлайт.
  • Балага жалгыз ойногон жакпайт. Тез зеригип кетиши мүмкүн. Андыктан көп киши катышкан оюндарды ойнотуңуз. Мисалы, жашынмак.
  • Адамдын эмоциясы, мимикасы, үнү аркылуу көп нерсени түшүнө баштайт. Мисалы, энеси мээримдүү карап турса эмгектеп жетип барат, үнүн катуураак чыгарса дароо токтойт.
  • Бир жакка кетериңизди кийинип жатканыңыздан же башка бир кыймылыңыздан билип, сизди акмалайт. Мындай учурда балаңызга сиз түбөлүккө эмес, убактылуу кетип жатканыңызды түшүндүрүп, сооротуңуз.

11 АЙЛЫК БАЛА

Физикалык өнүгүүсү

  • Бала бул курагында мурунку салмагына 200-250 граммдан кем эмес кошуп, бою 1-1,5 сантиметрге өсөт. Мындан сырткары башы, көкүрөгү да чоңоёт.
  • Полдон өз алдынча көтөрүлө алат, боюн кармап кас-кас турат. Балаңыздын аракетин үн, жаңсоо менен колдоңуз.
  • Таянычка бир колу менен карманып эңкейет (отурат), оюнчукту полдон көтөрөт.
  • Таянычка (эмерек, дубал, адамдар, жыйналган төшөктөр) таянуу менен басууга аракет кылат. Айрым балдар өз алдынча бир нече кадам жасайт. Колдоосуз жана таянычсыз өз алдынча жасалган бир нече кадам үчүн дагы аны мактагыла. Эгер жыгылып кетсе катуу мамиле жасабаңыз. Колду сунуп, "жыгылдыңбы? Тур"деп айтуу керек. Коркуп кеткен түрдү көрсөтпөгүлө. Муну менен сиз балада кыйынчылыктардын алдында коркпогонду, чочулабай, алардан жайбаракат өтүүнү калыптандырасыз.

Психикалык өнүгүүсү

  • 11 айлыгында бала нерселердин чоң-кичине экенине баам салат. Мисалы, ага чоң топту бергенде колун кенен жаят жана кичинекей топту бергенде колун жакын кармайт.
  • Денелик кыжырданууга реакция кылат. Мисалы, урунууга, ысык-суукка, одуракай нерсенин денесине тийип кетишине жана башкалар.
  • Ачка болгондо колу менен көрсөтөт же тамакка жетүүгө умтулат.
  • Энеси жокто жакын тааныш адамдарды издейт.

Эске алыңыз! Бала 12 айына чейин бейтааныш адамдарды көргөндө тынчсызданбаса, жаңсоолорду түшүнбөсө, буюмдарга кызыгуусу жок болсо, тыбыштарды, кыска сөздөрдү айта албаса, анда сөзсүз дарыгерге кайрылууңуз шарт.

Үй шартында төрөлгөн балдарды медициналык уюмдарда баштапкы каттоодон өткөн күндөн баштап эмдөө өткөрүлүшү керек.
ИПВ – шал оорусуна каршы жансыз (таасирсиз) вакцина, вакцина келген күндөн баштап колдонууга киргизилет.



АТА-ЭНЕЛЕРДИН ЭСИНЕ!

  • Кайсы жерде болбоңуз, мындай эмдөөлөрдү өз убагында жасатып туруңуз.
  • Профилактикалык эмдөөлөр сиз жашаган аймактын Үй-бүлөлүк медицина борборундагы, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы жана ФАПтагы эмдөө кабинеттеринде акысыз жүргүзүлөт.
  • Эгерде эмдөө боюнча сизде кандайдыр бир шектенүүлөр пайда болсо, сөзсүз түрдө дарыгерге суроолор менен кайрылыңыз.
  • Эмдөө сөзсүз түрдө үй-бүлөлүк дарыгердин же фельдшердин уруксаты менен жүргүзүлөт. Ошондой эле эмдөөнүн алдында баланын денесинин температурасын өлчөтүү өтө маанилүү.
  • Эмдөө бүткөндөн кийин 20-30 мүнөт аралыгында эмдөө бөлмөсүнөн алыстабай күтө туруңуз.
  • Эмдөөнүн биринчи күнү үйдөн баланын денесинин температурасын термометр менен гана өлчөп туруңуз.
  • Эгерде баланын денесинин температурасы 38,5 градустан ашса, тезинен медицина кызматкерлерине кайрылыңыз.
  • Өзүңүздүн Үй-бүлөлүк медицина борборунун, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана ФАПтын медицина кызматкерлери менен дайыма тыгыз байланышта болуңуз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
deva
2017-01-06 10:09:46
Сонун маалыматтар экен. Өзгөчө эмдөө боюнча. Мен баламды эмдетип алып дароо эле кетип калчумун, көрсө күтө туруш керек турбайбы
+1
kuli88
2017-01-06 13:43:27
Абдан жакшы маалымат экен,мындан да кобуроок маалымат жазгылачы алдын ала рахмаат
+1
nurizaa
2017-01-07 07:38:54
Уч уулум болсо баарынын осушу ар кандай болгон. Чон балам 1,2 айында аябай аракет кылып бастырганбыз))) экинчи уулум 1 жашында баскан))) учунчусу чондоруна атаандашып 10 айында басып эми бир жашка чыгат бирок баарын озум кылам деп талашат)))
+1
№ 739, 30-декабрь- 05-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан