ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢАР МЕНЕН, БАЛАКАЙЛАР!

Учурдагы балалык... Шаардагы балдардын көпчүлүгү бала бакчага барышат. Эртең менен үйдөн аны кийбейм, муну кием деп эркелешсе, көчөгө чыкканда дүкөндөн таттуу же оюнчук саттырып алмайын бала бакчага кирбей, эркелей турган адаттары бар. Кечинде келе жатып да дүкөнгө баш багууну унутушпайт. Ал эми айылдачы? Бала бакчага барганы барат, барбаса каалаганча уктап, ата-энесинин жумшак колу чекесинен сылаганда, эркелеткен үнү угулганда ойгонушат. Ар бир бала ата-эне мээримине, эркелегенге, майрам сайын белек алууга акылуу болгону менен жашоо-турмуш аны баарына ыраа көрө бербейт экен. Бүгүнкү балакай каармандарыбызда баары чектелүү. “Супер-Инфо” гезити маданият өкүлдөрү менен биргеликте Бишкек шаарында жайгашкан кароосуз калган балдар борборуна Аяз ата, Аяз кыз менен барып Жаңы жылдык белектерин берип кайтты.

Жаңы жылды балакайлар балатысыз, Аяз ата, Аяз кызсыз, анан таттууларсыз элестете алышпайт эмеспи. Белектерди көтөрүп кирип келе жаткандарды, баарынан да Аяз ата менен Аяз кызды көрүшкөндө кичинекейлер алакандарын чаап тосуп алышты.


Балдар үчүн уюштурулган оюндардын кызыктуусу да, күлкүлүүсү да көп болду. Жеңүүчүлөр белексиз калышкан жок.


Эсиңизде болсо, Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги 7 дубандын окуучулары катышкан «Мен Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм» деген темада дил баяндар сынагын уюштурган. Чүй облусу боюнча Мари Раимбекова жеңүүчү болуп, башка жеңүүчүлөр менен бирге Малайзия өлкөсүнө саякаттап барып келген. Ошол окуядан таасирленген кыз эми өзү балдар арасында «Бир жолу Жаңы жыл алдында» деген дил баяндар сынагын уюштуруп, жеңүүчүлөргө «Раритет» китеп дүкөнүнөн китептерди жана «Cinematica» кинотеатрлар түйүнүнө чакыруу билеттерди тапшырды. «Кыргызстандын Малайзиядагы мурунку элчиси Кылычбек Султановго рахмат. Анын келечек ээлерине көргөзгөн аракети мага жашоонун дагы бир өңүтүн ачты. Мен дагы колуман келсе бирөөлөргө жардам берүүнү кыялдангам. Ошол кыялым орундалды»,- деп ал бүгүнкү дил баян сынакты эмне себептен уюштуруп жатканына токтоло кетти.


Алып баруучу «келгиле, Аяз атаны хор менен чакыралы» деди эле баары Аяз аталап кыйкыра башташты. Аяз атанын ордуна Аяз кыз кирип келип, чоң атасын издеп калды. Ага кошулуп баары издешти, күтүштү, келген жок. Бир убакта мүшөк толо белек артынган Аяз ата кирип келди. Аяз атанын ролунда актёр Жеңиш Кангелдиев, Аяз кыздын ролундагы Назира Кадыева тапшырмаларын мыкты аткарышты. Жаңы жылдык оюндарды уюштурушуп, балдар менен бирге балатыны айланып ырдап, бийлешти.


Музыкалык аппаратурасын алып барып балдар үчүн бий аянтчасын уюштурган Руслан Абылов менен Добр да дуэт аткарып, балакайлардын маанайын көтөрүштү.


Алып баруучулук тизгин Бакыт Байсариевдин колунда болду.


Айдана Деканы коштоп балдардын көбү ырдап, бийлешти. Уялчаак балдар да көп экен. Отурган ордунан тура калып укмуш бийлешет, «сахнага чыгып бийле» десең тып отура калгандарын айт. Түркиядан жаңы эле учуп келген Айымжан Айылчиева кыргыз, орус, англис тилдеринде ырдап балакайларды куттуктады.


Акбар Сүйүнбаев менен биргеликте балдардын баары «Кара жорго» бийин бийлешти.


Бул балдар үйүндө 2 жаштан 24 жашка чейин жалпысынан 92 бала тарбияланат. Алты саны аман, дени-карды соо болгону менен аларга ата-эне карааны, эч жерден табылгыс мээрими жетишсиз. Айрымдарын ата-энеси таштап кетсе, кээ бирлери жетпеген жармач жашоонун айынан ушул жерде күн өткөрүшүүдө. Кече соңунда балдар үйүнүн директору Алексей Петрушевский гезит жамаатына, ырчыларга ыраазычылык билдирүү менен балдарды Жаңы жылы менен куттуктады.


Сүйүн Кулматова
Алишер Алиев
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
SUPER.KG порталы бөбөктөрдү Жаңы жылы менен куттуктады
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
farida.kg.1991
2017-01-11 10:40:05
ананып кетейндерим ширин ширин балакайларго.
+4
tynara81
2017-01-11 17:02:52
Жакшы саамалык... Бирок 24 жашка чейин ошол жерде болушаб..
+1
abdykadyrova
2017-01-11 23:16:44
Айымжан Айылчиева койнок кийип алса болмок экен. Спортивка кийгени туура эмес болуп калыптыр.
-1
diamond1111
2017-01-11 23:18:25
мен бала багып алайын дегем. Супер инфо балдар уйунон кантип бала асырап алса болот? Ушул жонундо маалымат бериниздерчи суранам.
+2
admin_superstan
2017-01-12 10:24:03
diamond1111, саламатсызбы? http://www.super.kg/article/show/2975 http://www.super.kg/article/show/16923 Ушул макалаларды барактап көрүңүз.
0
№ 740, 06-январь-12-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан