ГҮЛЖИГИТ КАЛЫКОВ ЭМГЕК СИҢИРГЕН АРТИСТ НААМЫН АЛДЫ

Тарых жана маданият жылынын урматына бир катар маданият кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча жарлык чыкты. Сыйлыкка татыган атактуулардын айрымдарын белгилеп өтсөк: III даражадагы "Манас" ордени менен акын, жазуучу Анатай Өмүрканов, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, мурунку маданият министри Алтынбек Максүтовдор сыйланышты. КВНдин Жогорку лигасында чемпион болгон "Азия MIX" командасына "Данакер" ордени ыйгарылды. "Даңк" медалы алпаруучу Гүлшан Молдоева, режиссёр Мирлан Абдыкалыковго берилди. Ал эми Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамы акын, жазуучу Кыялбек Урманбетов менен акын Меңди Мамазаировага ыйгарылды. Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына актёр Эгемберди Бекболиев, опера ырчысы Замира Мавлянова ээ болду. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына болсо ырчылар Жамиля Муратова, Майрамбек Осмонов, Кенжегүл Кубатова, Юлия Руцкая, Гүлжигит Калыков, куудул, актёр Бакыт Мукул жана башкалар татыктуу болушту. Ошондой эле ырчылар Арсен, Омар, Урмат Усенов, режиссёр Сүйүн Откеев, алып баруучу Нурзат Токтосунова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.
27 жашында Эмгек сиңирген артист наамын алган Гүлжигит Калыков: "Бул сыйлыкка татыганымды досторумдан уктум. Мен үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Cыйлыкты президенттин колунан алгандан кийин гана сезимдерим менен бөлүшпөсөм, азыр эч нерсе айта албай турам",- деген жообун айтты.




star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (101)
Tomega
2017-01-12 20:41:27
Гулжигитте айып жокго.Берсе алып кое бергенда.Наамды уялбай эмгеги сине элек артистерге берип жаткан маданият министри менен президент уялса болот.
+3
_PeriWa_
2017-01-12 22:13:47
Гулжигит го мейли дейли Юлия Руцкая не жок дейм да
+3
Targarien
2017-01-12 23:52:20
Гулжигит Гулзаада Юлия Мирбек талантынарды баалайм Бирок озунор деле уялышынар керек же бетинерди табактай кылып журо бересинерби Ашаке жаш ырчыларга кошуп озуно да эмгек синирген артист наамын ыйгарып Алтындарым деген концерт коюш планы бар окшойт
+6
JaparkulovaSamara
2017-01-16 01:09:00
Targarien,оздору уялып сыйлыктарын сага алып келип берсинби. Берсе алат да озунор еле Гулжигитти жаман коруп атасынар силерге деле берсе алмаксынар жан талашып еле
+1
jazmina909090
2017-01-13 00:33:32
Акчан болсо калтаңда талтаңда да талтаңда
+5
mairam_chekirova
2017-01-13 01:56:22
Жийдешке,Кайратка бериш керек болчу.Ушул кыз женишке жеткенден бери кыргыз-шоу бизнесиндегилер жандангансып калышкан,ошондон бери аракет корулуп коптогон жеништерге жетише баштадык.Кыргызстан кечке эле бир эле нерселери менен мактана бербей, озубузду мыкты денгээлде корсото алдык,элибиздин башы бир паска бийик которулду Бул жерден Калыков менен Руцкаяны жон жерден тыгып коюшуптур. Калган Азия Mix, Бакыт Мукул,Гулшан Молдоеваларга соз жок,биз сиздерге терен ыраазыбыз,ден-соолукта болгула.
+1
Bubu88
2017-01-13 05:52:24
mairam_chekirova,кечирес Жийдеш кандай жеңишке жетишти эле
0
ainur78007
2017-01-14 05:39:21
mairam_chekirova,Жийдеш жеткен женишти Гулжигит да алып келди элего
0
aisyrga88
2017-01-13 10:38:21
гулжигитке эрте эмеспи кыргызга эмгеги синген чыныгы инсандар албай эле же акча менен алдыбы
0
Santini
2017-01-13 13:06:08
Урматту Супер Инфо! Ушул маданият министирлигинен билип бере аласыздарбы. Ушундай наамдар берилгенде Кандай критерийлер менен тандашат? Мага дайыма кызык.. билгим келет
+2
airus879015
2017-01-13 14:36:49
Гулжигит Калыков ийгилие. Жакшы ырларынды кутуп калабыз
-7
_PeriWa_
2017-01-13 15:53:27
Бекеринен ХХХ ХХХ дешпейт да
+1
admin_superstan
2017-01-16 10:23:53
_PeriWa_, такталбаган маалыматты жазуудан алыс болуңуз!
0
Taalaibek.
2017-01-15 08:46:44
Эмгек синирген артист наамын алууга бул балага али эрте.
+2
islam2016
2017-01-15 09:06:05
гулжигит емнени ырдап кыйратты.кыскасы бирин олуп бирин кал.позор
0
sely
2017-01-15 10:22:33
Гулжигит иним туура унун талантын бар турвижндан биринчиликти алдын бирок элине эмгегин сине элек болчу отказ кылганында эл алдында Кадыр баркын мындан да которулмок
+3
Aisanur_89kg
2017-01-15 21:23:39
Рахмат,Абдылда,Динара,Айчурок ж.б эже агайлар канча жылдан бери эл жерди туро ырдап концерт койуп келишет,бул жигитибиз 4,5жылда эле эмгек синирген эл артисти наамын алса бали Кыргызстан,бали бийликтегилер,Жийдеш,Гулжигит булар бир ырды ырдап эле эмгек синирген боло берсе Нурланга,Кайраткада бергиле.
+1
argen.kg4
2017-01-15 23:46:01
20-30жылдай эмгек синириш керек го аты айтып жаткандай.
Наам ыйгаруу боюнча Нобель сыйлыгын бергиле ажобузга.
0
aiman1983
2017-01-31 10:11:26
Фейсбуктан окуп калдым Эмнеге Бек Борбиевге наам бербейсинер?, -деп сураса, министерстводон бироо Бек жакшы иштей элек, кеминде 100ыр жазуусу керек дептир. Окуп оозум оншорулуп калды. Гулжигиттин болгону жамгыр токтуну кайра ырдап чыкканы эле болбосо эмнеге наам берди экен. Качан Кыргызстанда чындык чыркырап чыгат экен деп умут менен олуп кетет окшойбуз
0
№ 740, 06-январь-12-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан