Ырчы Малика Динанын үстүнөн Аламүдүн РИИБине алдамчылык боюнча арыз түшкөн. Маалыматтарга таянсак, арыз ээси "Малика Дина Lexus GX470 үлгүсүндөгү унааны ижарага алып, аны кайтарып бербей жатат" деп кайрылган. Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы арыз түшкөнүн тастыктады. Окуянын чын-төгүнүн билүү максатында ырчынын өзү менен байланышканыбызда: "Биз унааны ижарага алганыбыз чын, бирок акчасын төлөп бергенбиз. Менин үстүмөн милицияга эч кандай арыз жазылып, кылмыш иши козголгон эмес. Атым белгилүү болгону үчүн жөн гана жалаа жаап, каралап жатышат",- деп нааразы болду.