БИР ИРМЕМ…

(Башталышы өткөн сандарда)

Түшкү тамакка Барчын күйпөлөктөп бир нерсе даярдап жүргөн. Капыстан эшик шарт ачылып, Асылбек кирип келди:
– Апам! Ал дем албай калды! Баскыла!- деп кыйкырды чочуган үн менен. Айдайлар барган кезде Токтобү эчак үзүлүп кеткен экен. "Тез жардам" да жардам бере албаптыр. Анын ажалынын себеби арактан болгонун дарыгерлер айтышты. Асылбек улуп-уңшуп ыйлап жатты. Эмнегедир Айдайдын апасынын өтүп кеткенине ичи ачышса да, көзүнө жаш келбей койду. "Мага эмне болгон? Ушунча таш боормунбу? Апам го..." деп өзүн-өзү жемеледи. Бирок анын бүт дүйнөдөн көңүлү калгандай. Жадакалса апасынан дагы... Таене, таятасы апасынын сөөгүн алып кетип, өз айылына коюшту. Барчын Айдайды да, Асылбекти да өз карамагына алды.
Апасын жерге бергенден бир нече күндөн кийин Айдай өзүн жаман сезе баштады. Жүрөгү жамандыкты сезгендей, чоң апасынан азыраак акча алды да, Бишкекке жөнөп кетти. Айдай бекер тынчсызданбаптыр, кош бойлуу экен. Ооруканадан айтышты. Ойлонуп отурган жок, дароо боюнан алдыртып салды. "Муну эч ким билбеши керек! Бул менин сырым болсун! Мураттан өч алар күн да келер... Бирок азыр эмес!" кыз кайратына келе түшкөндөй.

ххх

Эки жыл зымырап бат эле өттү. Айдай инисин ээрчитип көлгө келген. Жээкти бойлой басып баратып, чет жерлик туристтин кимдир бирөөдөн дарек сурап, тыңыраак жооп ала албай бушайман болуп жатканын байкады. Турист англисче сүйлөп жатат.
– Ой, Кудайым, ай! Бул жерде деги бирөө барбы англисче билген?..- деди сары чач турист колдорун жая өз тилинде.
– Сизге жардам керекпи?- Айдай туристтин тилинде кайрылды.
– Оо, сиз англисче билесизби?
– Ооба.
– Мен Бишкекке жумуштарым менен келдим эле. Анан "кереметтүү жери бар, ошону көрүп кет" деп кеңеш беришти. Ысык-Көлгө келгем. Гид да жалдаган эмесмин. Эми кыйналып отурам. Мени тиги тоолорго алып бара алчу адамдар барбы деп сурайын дегем,- деди турист.
– Эмне деп жатат?- Асылбек сөзгө аралашты.
– Тоолорду көрмөк экен.
– Биз алып барып келебиз деңиз... Акчасын берсин. Жолон байкеме айтам, ал ат менен алып барып келет.
– Менин иним жана байкем алып барышат...
– Абдан жакшы. Мен акысын эки эсе төлөп берем. Сиздин атыңыз ким?
– Айдай.
– Меники Дэвид, Австралиядан болом.
Тоолор Дэвидге абдан жакты. Канча кылымдардан бери козголбой турган мөңгүлөрдү бир башкача суктануу менен тиктеп, таза абадан кере-кере дем алып жатты.
– А сиз окуйсузбу?- жанында котормочу болуп жүргөн Айдайга суроо салды.
– Жок. Мен мектепти жаңы эле бүттүм.
– Сиздин көздөрүңүз абдан сулуу экен! Керемет!- Дэвиддин бул сөздөрүнөн Айдайдын денеси жыйрыла түштү. Ал эркек аттуунун баарынан коркуп калган.
– Жигитиңиз барбы?
– Жок!- кыздын үнүндө коркунуч бар эле.
Дэвид жымыңдап күлүп алды. Ал күнү Жолон Дэвидди үйүнө чакырып коноктоду. Австралиялык турист улам көз кыйыгы менен Айдайды тиктеп коёт. Бул жашы отуздарга келип калган, бою узун, сары жигит жупуну эле кийинген, жүзүндө бир тамчы косметикасы жок кыргыз кыздын нурлуу жүзүнө суктанып бүтө албады.
– Мен эми кетейин. Мейманканага барып жатам. Байланышып туралы, бул менин электрондук дарегим,- Дэвид визиттик картасын сунду.
– Жакшы барыңыз.
– Жакшы калгыла.
Бирок бул күндүн эртеси Дэвид кайра Айдайлардын үйүнө келди.
– Мен Кыргызстанды сүйүп калдым. Мени ушул көлдү айланта саякаттатып келгилечи! Акчасын төлөп берем!- деди жылмайып.
– "Мейли" деп айт,- Жолон менен Асылбек жарыша Айдайга сүйлөштү.
Дээрлик жарым ай бою Дэвид ар кайсыны шылтоолоп өз өлкөсүнө кетпей койду. Мурда ал Айдайды көз кыйыгын сала тиктеген болсо, эми ачыктан ачык эле анын каректерине тигилип, жактырып калганын билдирип жатты.

Марат Жанбараков

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
aylin_kg
2017-01-11 09:00:45
Эме биринчи окшойм
-2
jurogumdosun
2017-01-11 09:10:59
30 жашка дейтго Айдайды
-6
tram-lam
2017-01-11 10:12:09
jurogumdosun, Дэвид 30 жашта дейт
+1
insap
2017-01-11 10:23:35
jurogumdosun:

Айдай 30 жашта емес екен, Австралиялык турист Девид 30 жаштарда екен...
-1
batkenim2016
2017-01-11 09:17:00
Мынча аз
+2
Tolkunbek-kg
2017-01-11 10:12:34
Эмнеге аз эки эле сап го
+3
Baatur7777
2017-01-11 10:14:30
Бутпой койдуго?!
0
Nurbakg91
2017-01-11 10:18:38
Бугун аз жазып койгонго кызык жерине келдиго
-1
Ayka0696
2017-01-11 13:20:20
Бугун ото азго кобурок жазгылачы сураныч?
+2
nurka0390
2017-01-11 14:57:26
Кичине убара болгонду актагыдай жазгылачы
+2
airus879015
2017-01-11 15:23:49
Биз аз деген сайын Супер инфо аз жазып атат окшойт достор. Барар сайын аз жазылып атат.
+2
nur007mir009kg
2017-01-11 19:05:26
airus879015,
Туура мен да ошондой ойлоп жатам.
-1
kanykei95
2017-01-11 15:59:46
бир жума куттум еле оттто еле аз жазып жатасыздарго
+1
Munar8625
2017-01-11 22:26:02
туугандар бул сериал кызыктуу жеринен бутот
-1
Freedom07
2017-01-12 01:19:44
Канча серия
0
erkeleim
2017-01-12 03:06:31
ото эле аз бир жума кутконубузду актабай калды окшойт((
0
Timilzhan
2017-01-16 18:18:46
Супер инфо абдан жакшы чыгармаларды жазасынар бирок кыска болуп калат дайыма эле
0
sezarbrat
2017-01-17 18:34:18
ушул неме жаман кызык болуп атат,берилип окуп атканда эле бутуп калат
0
№ 740, 06-январь-12-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан