Президент Алмазбек Атамбаев паракорлук боюнча атайын кызматка кабар берип, анын бетин ачууга көмөктөшкөн адамды сыйлоо жөнүндөгү мыйзам долбооруна кол койбой, артка кайтарды. Аталган мыйзам долбоорунда коррупция боюнча маалымат берген адамга пара катары берилип жаткан акчанын 30 пайызын берүү нормасы каралган болчу. 30 пайыздык чек 1 миллион сомго чейин төлөнүп берилет, ошондой эле мыйзамда кылмыш боюнча маалымат берген адамдын да коопсуздугу эске алынган. Долбоорду президент: "Коррупция фактылары тууралуу билдирген кызматкерди акчалай сыйлоо тууралуу норма жаңы коррупциялык каналдарды пайда кылышы мүмкүн. Акчаны төлөп берүүчү тарап такталган эмес",- деген сыяктуу айрым жагдайларын эске алуу менен артка кайтарды. Эми бул мыйзам долбоорун парламенттеги демилгечилер карап чыгып, андагы мүчүлүштүктөрдү оңдоосу керек.
Эскерте кетсек, аталган демилгени депутат Аида Салянова көтөрүп чыгып, парламенттеги көпчүлүк депутаттардын колдоосун тапкан.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg