Жалал-Абад шаарында мончонун кожоюну милиция кызматкерин сабагандыгы үчүн камакка алынды. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 2-январь күнү саат 18:00 чамасында болгон. "Мас жездесинин кыйноосуна кабылган кыз милиция кызматына чалып жардам сурайт. Түшкөн кайрылуудан улам аймактык 2 инспектор чакырылган жерге барышканда, кыздын 1977-жылы туулган жездеси И.А. аларды сөгүп, уулу экөөлөп бирөөсүн сабап салышкан",- деп айтылат маалыматта. Учурда милиция кызматкерин сабаган мончонун ээсине "бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, 2014-жылы Кыргыз жеринде иштеп жаткан кытайлыктар да милиция кызматкерлерин сабап салышкан. 2016-жылдын декабрь айында болсо Бишкектеги такси кызматкерлери укук коргоо мекемесинин кызматкерлерине кол көтөрүп, чуулгандуу окуя катталган. ИИМдин маалыматына караганда, акыркы 6 жылдын ичинде 82 милиция кызматкери кызмат учурунда көз жумган.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg