"СТАМБУЛДАГЫ ТЕРАКТКА ТИЕШЕМ ЖОК" ДЕЙТ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ

ТЕРАКТТЫ "ИСЛАМ МАМЛЕКЕТИ" УЮШТУРГАН

Жаңы жыл түнү Түркиянын Стамбул шаарындагы "Рейна" түнкү клубуна куралдуу кол салуу уюштурулуп, 39 адам каза болуп, 69 адам ар кандай жаракат алды. Теракт жасаган кылмышкер Санта Клаустун кийимин кийип кирип, Калашников автоматы менен клубдагыларга ок чыгарган. "Терактты ишке ашырган адам кыргызстандык же өзбекстандык болушу мүмкүн" деген маалыматты жергиликтүү "CNN Turk" телеканалы чыгарып, ал кабар аз убакыттын ичинде Түркиядан тышкары башка өлкөлөргө да тарап кетти. 2-январда "Ислам мамлекети" террордук уюму "аталган кылмышты биз уюштурдук" деп жарыялаганын "Рейтер" маалымат агенттиги жазып чыкты. 3-январь күнү кылмышка шектүү деп Кыргыз өлкөсүнүн 28 жаштагы жараны Йахье Машраповдун паспортунун көчүрмөсү Түркиянын "TRT World" мамлекеттик телеканалынан көрсөтүлдү. Мындан улам Мамлекеттик каттоо кызматы Машраповго тиешелүү документтерди УКМКга өткөрүп берди. Түркиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчиси Ибрагим Жунусов шектелип жаткан паспорттогу адам согушкер эмес болушу мүмкүндүгүн билдирген. 3-январь күнү "Турмуш" маалымат агенттиги паспорт ээси менен маектешип, анын терактка тиешеси жоктугун жарыялады. "1-январь күнү Бишкектен Стамбулга соода иштери менен учуп баргам. Кайра 3-январда Кыргызстанга учуу үчүн учакка отурсам, Түркиянын полициясы мени түшүрүп, кол салууга байланыштуу 1 саат суракка алышты. Кийин гана шектүүгө окшош экенимди айтып, кечирим суроо менен коё беришти",- деп билдирет Машрапов өз маегинде. Полицияда анын терактка тиешеси жоктугу далилденсе, анын паспортунун көчүрмөсү эмне максатта жалпыга маалымдоо каражаттарына тарап кетти? Бул суроо азырынча ачык бойдон калууда.

КЫРГЫЗ ЖАРАНЫН КИМ КОРГОЙТ?

Стамбулдагы куралдуу кол салуудан улам түрк маалымат булактары тарабынан шектүү катары көрсөтүлгөн Йахье Машрапов тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 4-январда гана маалымат таратты. Анда түрк бийлиги Машрапов тууралуу эч кандай расмий суроо жөнөтпөгөнүн жана азырынча анын терактка катыштыгы бардыгы расмий тактала электигин билдиришкен.
Учурда шектүү катары көрсөтүлгөн кыргызстандык тууралуу атайын кызмат өкүлдөрү иштеп жатышканы айтылат. Түркиядагы кыргызстандык студенттер жана мигранттар "террорчу – Кыргыз мамлекетинин жараны" деген такталбаган маалымат биздин жарандарга ыңгайсыздык жаратып жатат" деп нааразычылык билдиришүүдө. 4-январда "Анадолу" маалымат агенттигине Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу кылмышкерлер кармалганын айтып, бирок аты-жөнүн жарыялаган жок. 5-январда кылмышкер менен байланышта болгон деп түрк полициясы 40 адамды кармады. Алардын бир нечесинен кыргыз паспорту табылганы айтылууда. Акыркы мезгилде чет өлкөдө теракт катталса "жабыркагандардын арасында биздин жаран жок бекен?" деген суроого караганда "шектүү кыргызстандык эмеспи?" деген суроо актуалдуу болуп бара жатат.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 740, 06-январь-12-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан