Бүгүн сиздин үйүңүздө майрам! Балаңыз ымыркай курактан өтүп, 1 жашка чыкты! Сиздин маңдайыңызда кичинекей киши турат. Анын өзүнүн мүнөзү, каалоосу, адаты бар. Бул курактагы балдар өзгөчө кам көрүүнү талап кылат. Кандай камкордук? Бул тууралуу ЮНИСЕФтин колдонмосунда кеңири айтылган.
ФИЗИОЛОГИЯСЫ
ПСИХОЛОГИЯСЫ
БАЛАНЫН БӨЛМӨСҮ
Баланын бөлмөсү жарык болуп, дайыма желдетилип, температурасы 20 градустай болгону жакшы. Баланын буюмдарын дайыма таза кармап, өз убагында чаңын ным чүпүрөк менен сүртүп туруу зарыл. Анын өзүнчө керебети болушу керек. Керебеттин асты жыгачтан жасалганы дурус, анткени эгер керебет ийилчээк болсо бала түз жата албай, омурткасы кыйшайып калуусу ыктымал.
БАЛАНЫН ТАМАКТАНУУСУ
Бул куракта баланы эмчек эмизүүдөн сырткары керектүү витаминдер, углеводдор, май, белок, туз менен камсыздап туруу керек. Балага тамакты үй-бүлөлүк дасторкондон бериңиз: майда тууралган эт (майсыз), боор, балык, сууга бышырылган жумуртка жана буурчактар, түрдүү жер-жемиштер, жашылчалар жана жаңгак, сүт жана сүт азыктарынан даярдалган тамактар (быштак, эжигей, кефир же айран). Кадимки таза суу, алма, банан, атайын витаминдештирилген ботконун түрлөрү да абдан пайдалуу. Тамактануусу ар тараптуу болуп, бирок ошол эле учурда баланын ашказаны сиңире алуусу керек. Баланын ар бир тамактануусу 300 миллиграммдан (1,5 стакан) кем эмес болушу зарыл. Баланы күнүгө 5 жолу белгиленген бир учурда тамактандыруу керек, ошондо үй-бүлөлүк дасторкондон 3 жолу жана 2 жолу шам-шум (жемиштер, май сүйкөлгөн нан, айран, кефир, май токоч, каймак кошулган быштак) болот. Беймаал тамактандыруу анын табитин начарлатат. Эгер бала тамак ичкиси келбесе аны зордоп, коркутуп, алдап жедирүү жарабайт, тамакка кызыгуусун арттыруу үчүн чогуу же балдар менен тамактандыруу сунушталат.
Баланын өз убагында заңдоосуна көз салуу керек, ич каткандан да анын табити начарлайт. Эгер табити өтө начарлап кетсе, дарыгерге кайрылуу керек.
БАЛАНЫН КИЙИМДЕРИ
1 жашында бала көп кыймылда болот. Андыктан анын кийимдери кыймылына тоскоол болбошу керек. Пахта кездемеден тигилген, таза жана үтүктөлгөн кийимдер сунушталат. Бала жаңыдан басып жаткандыктан талапка ылайык бут кийим тандаңыз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg