АТАКТУУЛАР ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ КАЙДАН ТОСУШТУ?

Маанайды шаңга бөлөгөн Жаңы жылды ийгиликтүү жылдардан болсун деп тилек кылып жакшы тосконго аракет кылабыз. Ошентсе да, кээде шартка байланыштуу көчө-белде тосуп же уктап калып майрамды өткөрүп ийген учурлар көп кездешет. Быйыл жылдыздар Жаңы жылды кантип тосушту экен байкайлычы...

Нурлан Насип, ырчы: "ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ЖАПЖАҢЫ ҮЙДӨ ТОСТУМ"



– Мен 30-декабрда Ошко корпоративдик кечеге баргам, 31-декабрь күнү аба-ырайынын бузулганына байланыштуу учак учпай кармалып калдык. Эми Жаңы жылды Ошто тосуп каламбы деп аябай кыжалат болдум. Кудай жалгап, түштөн кийин жетишип келдим. Үйдөгүлөргө салат жасашып, дасторкон даярдап жардам бердим. Анан "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан концертке барып ырдап, Жаңы жылды тоскону түнкү 12де үйгө келип калдым. Ошентип жылдагыдан өзгөчөлөнүп быйыл ата-энем, бир туугандарымдын курчоосунда жапжаңы үйдө майрамдадык. Жаман көргөн адамына "үй салып кал" деп каргашса түшүнчү эмесмин. Көрсө, үй салуу түйшүк экенин маймыл жылында жон терим менен сездим.

Аваз Акимов, ырчы: "МОСКВАДА КИНОДОГУДАЙ ЖАҢЫ ЖЫЛ ТОСТУМ"



– Менин 30-декабрда Москвада концертим бар болчу. 31-декабрда кайтайын деп жатсам "корпоративдик кечеге кал" деп мекендештер алып калышты. Бизде Москвадан 3 саат алдыда болгондуктан алгач бул жактагы жакындарымды телефон аркылуу куттуктадым. Андан кийин бир корпоративдик кечеге барып ырдап, экинчисине баратканда саат жебеси 12ни кагып калды. Досторум менен машинадан түшө калып шампан атып, каалоо-тилек айтканга жетиштик. Москванын көчөлөрүндө Жаңы жыл тосуу кинодогудай сезим калтырат экен.

Гүлжайна Атаканова, куудул: "САЛЮТ АТПАЙ КАЛДЫМ"



– Жаңы жыл күнү Таластан келип досторум менен тостум. Чынын айтсам ушул убакка чейин Жаңы жылды тынч тосчу эмесмин. Биринде музга тайып бутумду сындырып, салют атам деп пальтомду күйгүзүп, жок эле дегенде МАИ кызматкерлерине кармалып айып төлөчүмүн. Бул жылы тынч, жакшы маанайда тосоюн деп аракет кылдым эле. Досторум мас болуп калып, алар менен алышып жатып Жаңы жылды тостум. Бирөөсүн тиякка, экинчисин биякка сүйрөп жүрүп Жаңы жылды өткөрүп ийиптирмин да... Көчөгө чыгып салют атканга да жетишпей калдым.

Нурзат Токтосунова, алып баруучу: "МЫНДАН КИЙИН АЯЗ КЫЗ БОЛОМ"



– 8 жылдан бери аянтта өтүүчү концертте алып баруучу болуп, Жаңы жылды ошол жерде тосуп калчумун. Быйыл концертте жолдошум Максат Аяз ата, мен Аяз кыз болдук. Негизи 29-декабрдан баштап 31-декабрга чейин Максат экөөбүз бул каармандардын кийимин чечкен жокпуз. Мындан кийин Жаңы жылда Аяз кыз же ырчы эле болуп алсамбы деп ойлоп калдым. Себеби 12де үйгө барып жакындарың менен майрамдаганга жетишет экенсиң. Үйгө барсак кайненем менен кайнатам тамак бышырып бизди күтүп отурушуптур. Ал эми салаттарды 30-декабрда конок тосуп жасаганбыз. Ошондон калган салаттарды жеп, үй-бүлөбүз менен Жаңы жылды тосуп алдык.

Самат Эркинбеков, тамашоучу: "ЧОҢ КИШИЛЕРДЕЙ МАЙРАМДАДЫК"



– Буга чейин Жаңы жылды көчө-белде эле достор менен тосуп калчубуз. Бир жолу Эмил экөөбүз Казакстандан корпоративдик кечеден келе жатып Кордайдагы чек арага жеткенде Жаңы жыл башталды. Бизде же шампан жок, газдалган минералдык сууну аттырып "Кыргызстаныбыз өнүксүн" деп тилек айтып ичкенбиз. Быйыл "тамашоунун" балдары үй-бүлөлүү болуп, баарыбыз токтолуп калганбыз. Ошондуктан менин үйүмдө үй-бүлөлөрүбүз менен мурункудай калжаңдабай чоң кишилердей болуп тостук.

Азиз Мурадиллаев, актёр: "ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ 20 ЖЫЛДА 2 ЖОЛУ ЭЛЕ ҮЙДӨ ТОСТУМ"



– Биз, чыгармачыл адамдар Жаңы жыл күнү да иштеп, бул майрамда үйдө болбой калчумун. Быйыл үйдө конок күтүп, үй-бүлөм менен Жаңы жыл тосуп жашоомо жаңылык киргиздим. Мага аябай жакты, саат 12ге чейин чет жерде иштеп жүргөн жакындарымды скайп аркылуу куттуктаганга жетиштим. Балдарым "ата, сиз 2-жолу биз менен Жаңы жыл тосуп жатасыз" деп кубанышты. Көрсө, чыгармачылык деп жүрүп, үй-бүлөмдүн көңүлүн деле алган эмес экенмин. Мага Жаңы жылды үйдө, жакындарымдын курчоосунда тоскон аябай жакты. Баса, Жаңы жыл күнү кайын журтумду куттуктап, алардын да көңүлүн алганга жетиштим.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
ABDISHkg87
2017-01-11 23:52:02
Катын кишиге тарс турс жургон жарашбайт тем более Кыргызга кыздын кыздай кыштын кыштай болгону Жакшы, Ал эженердин ХХХ коруп алып аллергия чыгып КТР Корбой койгом
-2
ayjan_90
2017-01-12 00:19:17
ABDISHkg87,сага жакпаса корбо
+2
Nursultan-star
2017-01-11 23:56:26
Byiyl maktangandar azaiganby,jylda asmandan tuwup maktanywat ele bawka ataktuular
+1
1.asel.
2017-01-12 02:15:44
Нурлан молодец!маймыл жылында чон жумуштарды бутурду.нурланга тийген кыз жыргайт.
0
azamat.k
2017-01-12 08:23:15
Гулжайнага соз жок чынында,откондо ватсаптан суперге чыгыпсын куттуктаймын деп жазсам,жазганымды окуду да эч бир соз жазьай койсо болобу.Анан ойлодум Салам Кыргызстандын алып баруучусу болуп,озун асмандакы жылдыз сезип,жердеки Кыргыздар козуно корунбой калган го деп калдым.Эсен эле болсун да эми мастар менен тайрандабай.
+1
kymbat1114
2017-01-12 13:26:37
Баарынан да Азиз Мурадиллаев байкебиз аман-эсен уй булосу менен тосконун окуп алып суйундум. Бар болунуз!
0
Myrza.
2017-01-12 16:04:46
Жаны жылды уйдо эле тоскон жакшы, бирок, гулжайна эже мындайлардан эмес экен. Ал эжеге тарс турс жургон эле жагат окшойт, качан караба аны буну кылып журот. Гулжайна эже бирок мага жагат, эн мыкты актриса, коруп кулгум эле келет. Озу ушул эжедей жашаш керек. Азаматсыз!
+3
kanyshai_2011
2017-01-12 22:02:03
Гулжайна азаматсын бар бол дайым жайнап жур.Азиз Мурадиллаевдин ден соолугу чын болсун уй булолук бакыт
+4
nuriwka
2017-01-13 03:23:47
Кайдан тосушса да аман болушсун!!!!!
+1
Aisanur_89kg
2017-01-13 16:41:56
Жылдыздарыбыз аман эле болушсун,мас болушсада,жаны уйдо,кочодо тосушсада.
+1
ailin16
2017-01-13 20:21:29
Азиз Мурадиллаев ушул актерду аябай сылайам талантын. Аман эсен айыгып кнтсин аллахым шыпаасын берип.
+2
bond02
2017-01-14 09:17:22
Атактуулар дебей артисттер эле дебейсинерби.
+1
Shair87
2017-01-15 22:08:29
Жаны Жылынар менен!
+1
admin_superstan
2017-01-16 10:23:17
Deniza88, кимдир-бирөөнү далилсиз каралоодон алыс болуңуз!
0
ema70
2017-01-17 18:56:14
Гүлжайнанын Кечки Бишкекти алып барганы жакпайт ага караганда Санжар серьезный алып барат.
0
Davlet1994
2017-01-17 21:01:58
Аллах Таала баарына ыйман берсин
0
№ 740, 06-январь-12-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан