БАШТЫН КАН ТАМЫРЫ ИЧКЕРГЕНДЕ ЭС-ТУТУМ НАЧАРЛАП, КУЛАККА ҮН УГУЛАТ

Көпчүлүк адамдар баш оорудан азап тартат. Катуу ооруганда башы айланып, көрүүсү убактылуу начарлап, колу-буту чымырайт, жансызданат. Ал тургай эстен танып калуусу да мүмкүн. Мындайда врачтар "мээдеги кан тамырлар ичкерип кеткен" деп айтышат. Бул эмнеликтен келип чыгарын Бишкектеги Улуттук госпиталдын №3-неврологиялык бөлүмүнүн жетекчиси Жамалбек Тургумбаев баяндайт.

Мээни кан менен уйку жана вертебралдык (омуртка) артериялар жабдыйт. Алардын ичкерип кетүүсүнөн баш мээге кан аз барып, мээ кычкылтек жана керектүү азык-заттар менен толук камсыздалбай калат да, баш ооруйт. Өзгөчө "кычкылтек ачкачылыгы" чоң ролду ойнойт. Оору өнөкөт жана курч кармаган түрүндө жолугат. Курч кармаганда инсульт жаралат.

Мээнин кан тамырларынын ичкерип кетүүсүнүн себептери:

  • Атеросклероз
  • Моюн остеохондрозу
  • Вертебралдык (омуртка) кан тамырлардын тубаса патологиясы (кемтиги). Мисалы, кан тамырлар кыска же узун болуп бүктөлүп калат.
  • Тромбоэмболия (кан тамырда кандын уюп калуусу)
  • Стресс, жогорку кан басым, инсульт

Өнөкөт түрүнүн белгилери:
Бул түрү акырындап өнүгөт.

  • Көңүлдүн эч нерсеге чаппай башташы
  • Уйкусуздук же күндүзгү уйкусуроо
  • Баштын түштөн кийин көп оорушу
  • Бат чарчап, шалдыроо
  • Эс-тутумдун начарлай баштоосу
  • Кээде кайда жүргөнүн так аныктай албоо
  • Темселеп басып калуу же таптакыр баса албай калуу мүмкүн

Курч кармагандагы белгилери:

  • Баштын катуу оорутуусу, айлануусу
  • Кусуу
  • Кулакка үндөрдүн угулуусу
  • Колу-буттун сезгичтигинин азайышы же эч нерсе сезбей калышы
  • Көрүүнүн начарлашы
  • Сүйлөөнүн бузулуусу, булдуруктоо (инсультта)
  • Айрым учурда эстен тану

Диагноз, дарылоо

  • ЭКГ
  • Жүрөктүн, аортанын, уйку артериясынын УЗИ жана допплерографиясы
  • Магниттик-резонанстык томография же компьютердик-томографиялык ангиография

Дарылоо

Кан тамырлардын ичкеришинин эмнеден келип чыкканы такталат жана себептери четтетилет. Оору курч кармаганда тынч жерде башты ары-бери кыймылдатпай түз жатуу, "Тез жардамды" чакыруу кажет. Анан ооруканада жатып дарылануу сунушталат.

Дарылоодо колдонулуучу дары-дармектер:

  • Кан тамырдагы холестериндин деңгээлин төмөндөтүүчү
  • Кан айланууну жакшыртуучу
  • Витамин-минералдар комплекси
  • Нервди тынчтандыруучу
  • Кан тамырларды кеңейтүүчү
  • Ток менен дарылоо (физиолечение)
  • Дарылоо жардам бербеген учурда операция жасалат.

Колдонулуучу ыкмалар:

1) Ангиопластика – кан тамырдын май түйдөкчөлөрү менен бүтөлгөн жерине тирөөч (стент) коюу. Тирөөчтү кан тамырдын ичине орнотуу үчүн баллон колдонулат. Баллон үйлөнгөндө тирөөч кереге сымал чоюлуп, кан тамырдын формасына келет. Анан баллон алынып салынат. Тирөөч кан тамырды бир калыпта кармап турат.



2) Эгер ангиопластика жасоого мүмкүнчүлүк болбосо (май түйдөкчөлөрү чоң же алар тамырды узатасынан жаап калса), анда шунт коюлат.

Шунт – артериянын керектен чыккан бөлүгүнүн ордун алмаштыруучу жасалма кан тамыр.

3) Артериядагы уюган кан алынып чыгып, кесилген жерлер тигилип коюлат.

Оорунун алдын алуу

  • Компьютерде бир калыпта узакка отуруу адатын таштоо (Эгер буга муктаждык болсо, анда көнүгүүлөрдү жасап, нары-бери басып туруу, укалатуу курсун алуу, бассейнде сүзүү кажет)
  • Стресстен убагында арылууну үйрөнүү
  • Атеросклероздо диета кармап, дарылануу
  • Малдын майын аз колдонуу же таптакыр колдонбоо
  • Майлуу, куурулган тамак-ашты аз ичүү
  • Ооруганда дароо текшерилип, дарылануу
  • Активдүү жашоо образын кармануу, спорт менен алектенүү

КОШУМЧА МААЛЫМАТ

Атеросклероз


Атеросклероз
– бул артериалдык кан тамырларынын биринин май түйдөкчөсү (холестериновые бляшки) менен бүтөлүп, кандын сызылып аз өтүп, бара-бара кан тамырдын ичкериши. Биз малдын майын, семиз этти көп колдонсок, анда кандын курамында зыяндуу май да көп болот. Ал майлар (липиддер) кан менен кошо кан тамырда жылып жүрүп, анан артериянын бир жерине жабышып калат. Ага башка липиддер жабышып, май түйдөкчөсү жаралат.

Моюн остеохондрозу

Бул дарт моюн омурткаларынын кемирчектериндеги зат алмашуунун бузулуусунан келип чыгат.
Себептери: Бир орунда жылбай отуруу, туура эмес тамактануу. Зат алмашуунун бузулушунан кемирчектерге туздар уюйт да, кан тамырларды кысып, алар ичкерет. Моюндагы грыжа да кан тамырларды кысып, алардын ичкерүүсүнө жеткирет.

Жогорку кан басым, инсульт

Мээге кычкылтек менен азык-заттар керектүү өлчөмдө барбай баштаганда бүтүндөй жүрөк-кан тамыр системи мээни аталгандар менен камсыздоо үчүн күчтөнүп иштейт. Мээ кандан алардын керектүү өлчөмүн алып калып, калганын кайтарып турат. Мээ чарчап, процессти көзөмөлдөй албай калганда кан көбүрөөк барат да, мээдеги басым жогорулап, баш катуу ооруйт. Эгер кан кан тамырды жарып кетсе, анда инсульт жаралат. Дароо "Тез жардам" чакырбаса, адам көз жумат.

Стресс

Адам бат-бат стресске кабылганда кан басым көтөрүлүп, кайра түшө берип кан тамырлардын серпилгичтиги төмөндөйт. Бара-бара кан тамыр ичкерет.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Patriot...kg
2017-01-19 03:15:32
Ашказан жарасын жазгылачы. Не себептен пайда болот? Кантип дарылаш керек? Кантип жиетага отуруш керек дегендей. kenesh@super.kg'ге кетпей койду
+2
admin_superstan
2017-01-19 10:38:16
Patriot...kg, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Төмөнкү макалалардан да карап көрүңүз: http://www.super.kg/article/show/36913
http://www.super.kg/article/show/31111
0
aza.kg007
2017-01-22 10:52:03
Саламатсыздарбы мен чет олкодо болгондуктан шарт жок текшергени менин башым арка каракуш мээ Жак талып ооруйт кээде кулагыма сигнал сыяктуу ун угулуп турат бул эмнеден жооп алып бересиздерби алдын ала Рахмат
0
Riki87kg90
2017-02-25 23:08:41
Саламатсызбы турмушка чыга элек кыздын айызы коп келет ич ооруту баш ооруту менен келет ошол жондо жазгылачы.
0
Barbaristka
2020-04-12 19:45:32
Саламатсыздарбы глакома дарты боюнча маалымат бере аласыздарбы апамдын козу корбой калды корууну кайтарса болобу же жолу жокпу.Кайсы олкодо операция жазатылат, кандай жолдору бар?
0
admin_portal
2020-04-13 12:55:20
oopapa
2020-11-19 01:22:31
Саламатсыздарбы Супер инфо жамааты менин эки кулагымдын да пардасы тешик ошону Кыргызстанда даарылап жаматса болобу маалымат алып берсениздер сураныч. Алдын ала ыраазычылык билдирем. Рахмат
0
№ 741, 13-январь-19-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан