ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

АШКАНАДА

Фудшеринг
– тамак-ашка керектелүүчү азыктарды туура колдонуп, ысырапкорчулуктан сактанууну көздөгөн кыймыл. Англис тилинен которгондо "food" – "тамак", "sharing" – "бөлүшүү" дегенди билдирет. Фудшерингди колдогондор колдонуу мөөнөтү бүтө элек, бирок ашып калган тамак-аштарды таштандыга ыргытпай, муктаж болуп жаткандар менен бөлүшүү керектигин белгилешет. Көпчүлүк учурда фудшерингчилер белгилүү бир жерге атайын бөлүм түзүп, тамак-аш таратышат. Бул жерден ар бир каалоочу өзүнө керектүү тамак-аш алуусу мүмкүн. Учурда бул кыймыл дүйнө жүзү боюнча популярдуу болуп, ири шаарларда фудшеринг бөлүмдөрү ачылууда.

КООМДО

Хедлайнер – ар кандай иш-чара, концерттин башкы каарманы же эң белгилүү адамы. Ал ар кандай искусствонун чебери болушу мүмкүн: адабият, театр, кино же спорт жана башка ушундай сыяктуу. Англис тилинен которсок, "headline" – "аталыш, макаланын аты" деп которулат. Адатта иш-чаранын афишасында хедлайнердин аты же сүрөтү негизги орунду ээлейт. Ал жылдыз бир же эки гана ырды ырдаса да, көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү ал үчүн кызыгып келет. Хедлайнерлер көбүнчө иш-чаранын соңунда чыгышат. Мисалы, ырчы Адель ар бир концерттин хедлайнери болуусу мүмкүн.

ЭС АЛУУДА

Тюбинг
– үйлөтүлгөн чана сыяктуу шайман менен муз тебүү. Англис тилинин "tube" деген сөзүнөн алынып, "түтүк" деген маанини камтыйт. Чана тюб деп аталып, түбү тебүү үчүн ыңгайланып жасалган, кармагычтары бар тоголок камера. Анын сырты атайын материалдар менен жасалып, сыйгалануу үчүн абдан ыңгайлуу. Камера кулап же кагылышууда жаракат алууну азайтат. Тюб менен тебүү 1800-жылдардан бери белгилүү болуп келет, бирок учурдагы шайман менен салыштыруу болбойт. Шайманды дененин абалын жана салмак борборун өзгөртүү менен башкаруу керек. Тюбинг кышында тоодон муз тебүү үчүн үй-бүлөнүн бардык мүчөсүнө ыңгайлуу.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 741, 13-январь-19-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан