АЖОНУ СЫНДАГАНДАРДЫ УКМК ТААП ЧЫКТЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын суроосуна ылайык, УКМК президенттин дарегине негативдүү сын жазган 45 интернет колдонуучуну таап чыкты. УКМКнын төрагасынын орун басары Болот Сүйүнбаевдин эл өкүлүнө жазган жооп катында интернеттеги социалдык тармактын 45 колдонуучусунун аттары аталган. Азырынча УКМК аныктаган социалдык тармактын колдонуучуларына кандай чара көрүлөрү ачыкталган жок. Буга чейин да социалдык тармакка жазган билдирүүлөрү үчүн бир топ колдонуучулар УКМКга сурак берген. Бишкектин тургуну Темирлан Ормуков "Ажонун ооруп жүрөгү" аттуу ыры үчүн суракка алынган. Ал эми активисттер Мавлян Аскарбековдун үстүнөн депутат Дастан Бекешев, Адиль Турдукуловдун үстүнөн Эркин Мамбеталиев социалдык тармакта жазган билдирүүлөрү үчүн арыз жазышып, иш сотко чейин жеткен.
Депутат Ирина Карамушкина 2016-жылдын октябрь айында УКМКга кайрылган. "Мага бир жарандан "интернет колдонуучулар өлкө башчыга карата көп кемсинтүүлөрдү, сындарды жазышат. Мындан улам парламент жыйынында аталган билдирүүлөргө карата УКМКнын жасап жаткан иштери боюнча маалымат сурагам",- дейт Карамушкина. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова УКМКнын ресурстарын мындай майда-барат иштерге коротууну туура эмес дейт. "Эгер ушинтип бара берсек, келечекте Фейсбукта "лайк" басканы үчүн жарандар камалышы мүмкүн. Биздин демократиядан эч нерсе калбайт",- деп эскертет ал. Медиа эксперт Гүлнура Төралиева "Азаттыкка" берген маегинде мындай оюн айткан: "Азыр адамдар өтө коркунучтуу окуяны башынан өткөрүп жатышканын түшүнүшпөй турат. Жогорку Кеңештин депутатынын УКМКга кайрылуусу абсурд көрүнүш, ал коркунучтуу прецедентти жаратат. Ал келип сөз эркиндигине кооптуу жагдайды түзөт". Бир эле президент эмес, интернетте андан башка мазакка алынган саясатчылар да, жөнөкөй жарандар да көп, алар дагы УКМКнын коргоосуна муктаж деген пикирдегилер да бар.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 741, 13-январь-19-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан