ШАХТАДА КАЗА БОЛГОНДОРДУН САНЫ ТЫЙЫЛАБЫ?

2016-жылдан 2017-жылдын 11-январына чейинки аралыкта шахтада каза тапкан 14 адамдын жансыз денеси чыгарылган. Алардын көпчүлүгүн таш басып калса, айрымдары газга ууланып каза болушкан. Былтыркы жылы Жалал-Абад облусунун Чаткал району менен Таш-Көмүр шаарларында өз алдынча алтын, сурьма жана көмүр казып жаткан 4 адам шахта басып каза болсо, Баткен облусунун Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларында жайгашкан көмүр шахталарында 10 адам газга ууланып жана уранды астында калып көз жумган. Курман болгондордун арасында мектеп окуучулары да бар. Бул окуялар акыркы бир жылда болгону гана.
Адистердин маалыматы боюнча, Кыргыз жеринде 30 миллиард тоннадай көмүр запасы бар жана алар Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, ошондой эле Нарын облустарында жайгашкан. Көмүрдү казып алуу жана чалгындоо үчүн 316 лицензия берилген. Компаниялардын көбү аз акча коротуп, көп киреше алуу максатында коопсуздук чараларын түзгөн эмес. Өкмөт өлкөнүн отун-энергетика тармагынын негизги багыты болгон көмүр казуу ишин жолго коюп, кооптуу жумушка барып жаткан тургундарды мыйзамдуу иш менен камсыздабаса, каза болгондордун саны тыйылбайт.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 741, 13-январь-19-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан