SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

5-январь:
БЕНЗИН КЫМБАТТООДО, МОСКВАНЫН КӨЗҮН КАРООДОН БАШКА АРГА ЖОК

Өлкөдө күйүүчү майдын баасы кымбаттап жатат. 2016-жылдын ноябрында АИ-92 бензини 37 сомдон сатылса, декабрда 38 сомго көтөрүлгөн. 2017-жылдын 1-январына карата 39,5 сомдон сатылууда. Акыркы 3 айдын статистикасы бензин ай сайын 1 сомдон кымбаттап жатканын көрсөтүүдө.
Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы баалардын өсүшүн Орусияда мунай компанияларында баа көтөрүлгөнүнө байланыштырууда. Коңшу Казакстанда бензиндин баасы Кыргыз мамлекетиндеги баадан 10-11 сомго арзан. Адистер муну Казакстанда мамлекет тарабынан бензиндин бааларына күчтүү көзөмөл бар экени менен түшүндүрөт. Убагында Жогорку Кеңештин депутаттары Орусиянын мунай магнаттары Кыргыз жеринде монополистке айланганын, күйүүчү май тармагында атаандаштык түзүү зарылдыгын айтышкан. Азырынча альтернатива жок, расмий маалыматтар боюнча, өлкөгө күйүүчү майдын 80 пайызы 1 компания тарабынан алып келинет. Казакстан деле Орусиядан 30 пайыздай күйүүчү май импорттойт, бирок өлкө ичинде тийиштүү шарттарды (ички темир жолдор, арзан салыктар жана башка) түзүү менен күйүүчү майлардын баасын бир калыпта кармоого аракет кылат. Өз аймагынан башка мамлекетке күйүүчү май чыгарбайт. Биздин өлкөдөгүдөй Баткен аркылуу Тажикстанга күнү-түнү бензин ташуу аларда жок.
Бензиндин кымбатташы ар бир кыргызстандыктын жашоосуна таасир этет. Бензинге шылтап өлкөдө азык-түлүктүн баалары көтөрүлүп баштаары тажрыйбадан улам белгилүү. Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү катары күйүүчү майды өлкөгө арзан жеткирүү мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай жатат. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги былтыр ЕАЭБдин алкагында транзит үчүн ички тарифтер колдонулушу керектигин, бирок дагы эле эл аралык тарифтер колдонулуп жатканын айткан эле. Бүгүнкү күндө деле ошол тарифтер иштеп жатат, 2016-жылдын соңунда Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосунда темир жол транспортун тейлөө боюнча келишимге кол коюлду. Ага ылайык, Казакстандын аймагы аркылуу поезд менен Орусия жана Беларустан Кыргыз жерине ташылчу товарлар боюнча тарифтер арзандайт. Кыргыз жерине күйүүчү майлар дагы вагондор менен келери белгилүү. Бирок сүйүнүүгө азырынча эрте, транзиттик тарифтер арзандаганы менен, Казакстан жаңы коэффициенттерди киргизиши мүмкүн экенин SUPER.KG порталына өкмөттүн тийиштүү органынан билдиришти. Чек арадан ветеринардык көзөмөлдү албай жаткан коңшулар бул жолу да жаңы тоскоолдук ойлоп табышса, Кыргыз жеринде импорттук товарлардын баасы өзгөрүүсүз калышы мүмкүн...

6-январь:
БИОМЕТРИКАЛЫК МААЛЫМАТТАР ТЕРРОРЧУЛАРДЫН КОЛУНА ТҮШПӨЙТ ДЕГЕН КЕПИЛДИК ЖОК

Жогорку Кеңештин комитети 2016-жылдын 27-декабрында "Биометрикалык паспортторду ишке киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун артка кайтарган. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев долбоор эмне үчүн кайтарылганы тууралуу бүгүн журналисттерге түшүндүрмө берди. Депутаттын билдиришинче, долбоорду каржылоочу булак так аныкталган эмес. Паспортторду алмаштырууда чыгымды ким төлөйт, мамлекетпи же жарандарбы? Дагы бир ойлондуруучу жагдай, Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорттогу жарандардын өздүк маалыматтары ишенимдүү корголоруна кепилдик бере алган эмес. Биометрикалык паспортто жарандардын жеке маалыматтары сакталат, андагы микрочипте жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери жана башкалары боюнча маалыматтар болот. Ал маалыматтар мамлекет тарабынан бекем сакталышы керек. Алардын башка адамдардын, топтордун колуна чыгып кетиши терроризм, экстремизм күчөгөн азыркы кырдаалда абдан коркунучтуу. Депутаттар жарандардын өздүк маалыматтарын мамлекет бекем сактай аларына ишенбей жатышат.
Өлкөдө биометрикалык систем үчүн өкмөт, тагыраагы, Мамлекеттик каттоо кызматы жооптуу. Ал эми биометрикалык паспорт боюнча мыйзам долбоору депутат Дастан Бекешев тарабынан сунушталып жатканы да суроо жаратат. Каржы булагы аныктала элек чийки мыйзамды Жогорку Кеңешке сунуштап, шашылыш кабыл алууга кайсы зарылчылык түртүп жатат? Паспорт алмаштыруудагы чыгымды элдин өзүнө төлөтүп, кимдир бирөөлөрдү байытуу аракетиби же быйыл өтүүчү президенттик шайлообу? Жеке маалыматтарын коопсуз сактоого өкмөт кепилдик бере албай жатса, жарандар жаңы паспорттон баш тартары турган иш. Жасалма кыргыз паспорттору эл аралык издөөдө жүргөндөрдүн, чет элдик кылмышкердин, террорчулардын тегерегинен табылууда. Мындай фактылардын фонунда калкты биометрикалык паспортко өтүүгө мажбурлоо мүмкүн эмес...

9-январь:
ПАРЛАМЕНТКЕ УКУК КОРГООЧУНУН ОРДУНА "ДУШКА" КЕЛДИ

Конституцияны 2020-жылга чейин азыркыдай жол менен өзгөртүүгө каршы чыгып, мандатын тапшырган Чолпон Жакупованын ордуна "Бир бол" партиясынын тизмесиндеги Дүйшөн Төрөкулов мандат алды. Чолпон Жакупованы мандатын тапшырбоого чакыргандар көп болгон, бирок депутат айтканынан кайткан жок. Дүйшөн Төрөкулов мурда Ош шаардык Дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси болуп иштеген. Коомчулукта анын "Душка" деген ат менен белгилүү криминалдык чөйрөнүн өкүлү экени айтылып, учурда талкуу жаратууда. "Душка" каймана аты бар Дүйшөн Төрөкулов тууралуу күмөндүү суроолор партия лидери Алтынбек Сулаймановго шайлоо алдында да берилген. Ал Дүйшөн Төрөкуловду спорт тармагында жүргөн жигит катары сыпаттап, спортко аралашкан жигитти криминалга жармаштыра берүү туура эмес деген. Бирок "Душка Кара-Суу районун кармайт" деген сөздөр Сулаймановдун жообунан кийин деле токтоп калган эмес.
2015-жылы өткөн парламенттик шайлоонун алдында Ички иштер министрлиги таркаткан маалыматка ылайык, кылмыштуу чөйрөгө кайсы бир деңгээлде тиешеси бар делген 234 адам депутаттык тизмелерден орун алган. Кримчөйрөгө тиешеси бар делинип талкуу жараткандар бир гана "Бир бол" партиясында эмес. Мисалы, КСДПдан талапкер болгон Бакыт Жетигенов криминалдык чөйрөнүн өкүлү Алмаз Бокушевге жакын деген сөздөр айтылса, партиянын талапкерлер тизмесиндеги Өмүрбек Бакиров жана "Дики" каймана аты бар Дилмурат Акпаралиев да кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрү деген маалыматтар ММКларда жазылган. "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан депутат Тазабек Икрамов жана "Республика-Ата Журт" партиясынын депутаты Улан Чолпонбаевге карата да кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар деген маалыматтар айтылып, бирок расмий түрдө далилденбей келе жатат.
Эске салсак, Чолпон Жакупова адам укуктарын коргоо тармагында жигердүү иштеп келе жаткан инсан. Мына ушундай укук коргоочунун ордуна артынан ар түркүн аңыз кеп ээрчиген адамдын келиши бүгүнкү Жогорку Кеңештин абалын көрсөтүп турат...

10-январь:
КЫЗДАРДЫ САБАП-КОРДОО ЭМИ "ПАТРИОТ" КЫЗДАРГА ЖЕТТИ

Интернеттеги социалдык тармактарга бир кыргыз кызды башка эки кыргыз кыз кыйнап, тилин кесебиз деп коркутуп жатканы тартылган видео тарады. Сабалып жаткан кызды кордоп жаткан кыздар аны түрк улутундагы адамдарга кыргыз кыздарды сатат деп күнөөлөшкөнү угулат. Бул окуя Түркиянын Измир шаарында болгону айтылууда. Тышкы иштер министрлиги видеодогу окуя боюнча Түркиянын Тышкы иштер министрлигине билдирме жөнөттү. Кыргыз кыздарынын чет жерде сабалганы боюнча бул биринчи окуя эмес. 2016-жылдын акыркы күндөрүндө эле Түркияда кыргыз кызы сабалып, эс-учун жоготкон абалда ооруканага келип түшкөн. Учурда аны сабоого шектелген жана "сексуалдык кулчулукка сатып жиберген" деген шек менен 3 адам кармалган. Буга чейин өздөрүн "патриот" атаган акылсыздардын кыздарды ур-тепкиге алганы тартылган видеолор да интернетке байма-бай жарыяланып келди. Алардын көпчүлүгү жаза тартышкан жок. Башка мамлекетте жабыркаган жарандарыбыз кай жакка кайрыларын билбегендиктен, укугу корголоруна ишенбегендиктен да көп учурларда күнөөлүүлөр жазасыз калышууда. Кыргыз жергесинде жумуш орду жетишсиз, айлык акы аз болгондуктан, жарандардын көбү чет жерде көбүнчө кара жумуштарда иштеп өзүн жана жакындарын багууга аргасыз. Бийлик өз жарандарын жумуш менен камсыз кыла албаган соң, жок дегенде чет жерде алардын укуктарынын корголушун камсыз кылуусу керек...

11-январь:
ЧИНОВНИК МИГРАНТТАРДЫ "СПИД ЖУГУЗАТ" ДЕП СЫНДАДЫ

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын ВИЧ, СПИД жөнүндө мыйзамына өзгөртүү киргизүүчү мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды. Долбоор боюнча ВИЧке байланыштуу психологиялык-социалдык консультация жүргүзүү тартибин Саламаттыкты сактоо министрлиги эмес, өкмөт аныктайт. Ошондой эле мыйзамдан эл аралык келишимдердин күчү Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарынан өйдө турат деген норма да жоюлууда.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргыз жеринде СПИДден каза тапкандардын саны 1504 адамды түзсө, ВИЧ илдетин алып жүргөндөрдүн саны 6730 адамга жетти (2016-жылдын 1-декабрына карата). Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ВИЧке кабылгандардын саны жагынан Чүй облусу алдыга чыкты. Экинчи орунда Бишкек шаары турат. Өлкөдө ВИЧ инфекциясын аныктоочу 46 лаборатория иштейт. Депутаттар Орусия менен Казакстанда ВИЧке кабылгандар азайып жатса, Кыргыз жеринде, тескерисинче, эмне үчүн көбөйүп жатканын сурашты. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев ВИЧтин тездик менен өсүп жатышына Орусия жана Казакстанда иштеген Кыргыз мигранттарын күнөөлөдү. Айтымында, дарт сыртта иштеген мекендештердин айынан өсүп жатыптыр. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев эмгек мигранттары Кыргыз экономикасына ири салым кошуп, элди багып жатканын айтып, аларды ВИЧти таратууга күнөөлөө такыр туура эместигин билдирди. Статистика дагы Текебаевдин сөзүн ырастайт. Мисалы, 2016-жылдын 9 айында жалпы 527 жаран ВИЧ жуктуруп алганы аныкталса, мунун 46сы гана эмгек мигранты.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Бириккен Улуттар Уюмунун СПИДге каршы программасынын (UNAIDS) маалымдашынча, Кыргыз жеринде акыркы 10 жыл аралыгында ВИЧ илдетине кабылгандардын саны 8 эсе өскөн. Ал эми Казакстанда ВИЧ 3 эсе, Өзбекстанда 4 эсе өскөн. Мындай темпте жүрүп отурса Кыргыз мамлекети коңшулардагы көрсөткүчкө тез эле жетчүдөй. Ымыркайларды эмдөөдөн өткөрүү сыяктуу эле жалпы республика боюнча жарандарды ВИЧке текшерип, илдет бар-жогун аныктооочу системди түзүүгө мүмкүн. ВИЧ жуктуруп алганын билбеген жарандардын саны расмий сандардан эселеп көп болушу мүмкүн. Оорунун жыйынтыгы менен күрөшүү эмес, тамырын кесүү алда канча натыйжалуу болор эле...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 741, 13-январь-19-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан