Малдын этин үнөмдүү пайдаланып, андан түрдүү тамактарды даярдоонун жолдору көп. 9 жылдан бери касапчы болуп иштеп келген Керим Ашырмамбетов койдун же бодо малдын эти негизги бөлүктөргө гана бөлүнөрүн белгилейт. "Ал эми кардарлар этти кандай тамактарга колдонорун өздөрү билишет. Керектөөчүлөрдүн көпчүлүгү кафе, ресторандарга алып кетишсе, айрымдары жарым фабрикаттарды – фарш, колбаса, шницель (майга чала куурулган жука эт, тоңдурулуп сатылат), филе, транш (майы жок сулп эттер) даярдоого алышат",- дейт.
КОЙДУН ЭТИН КАСАПКАНАДА БӨЛҮШТҮРҮҮ:
ПАЙДАЛУУ ЖАКТАРЫ:
+ Койдун эти – кальций, магний, натрий, калий, фосфор, хлор, темир, йод, марганец, хром, фтор, кобальт, никель өңдүү микроэлементтерге бай.
+ Дайыма эт менен азыктанган адам аз кандуулуктан алыс жүрөт. Ошондой эле цинктин булагы болгондуктан, адамдын иммунитетин коргойт.
+ Элдик медицинада суук тийгенде (грипп, ангина жана башка) ооруларды айыктырууда колдонулат. Ал үчүн бир аш кашык койдун майы жана балды ысык сүткө аралаштырып, муздатпай ичүү керек.
Эскертүү! Койдун этинен даярдалган шорпо –кычкылдуулугу жогору жана ашказан жарасы менен жабыркагандарга сунушталбайт.
КОЙ ЭТИНЕН ӨЗГӨЧӨ ШОРПО
Керектелүүчү азыктар:
Суу – 2 литр
Кабырга (койдуку) – 300 грамм
Картошка – 7 даана
Сабиз – 5 даана
Пияз – 2 даана
Болгар калемпири – 1 даана
Томат пастасы – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Жумуртка – 7 даана
Черри помидору – 4 даана
Ашкөктөр – 1 чай кашык
Туз жана татымалдар – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Кабыргаларды ажыратып, казанга бата тургандай кылып чаап алабыз. Үстүнө өсүмдүк майын, томат пастасын салуу керек.
2. Тууралган пиязды, туз жана татымалдарды кошобуз.
3. Эми сууну куюп, күчтүү отко коюп кайнатабыз. Кайнап чыккандан кийин отту жайлатуу керек.
4. 40-50 мүнөт кайнагандан кийин аарчылган жашылчаларды бүтүн боюнча салабыз. 15-20 мүнөт кайнатуу жетиштүү. Жашылчалар эзилбей, формасын сакташы керек.
5. Ал эми жумуртканы өзүнчө сууга бышырып, аарчып, тоголок боюнча шорпого салып, ашкөктөр менен кооздоп коёсуз. Табитиңизге жараша ачуу кылып жасасаңыз да болот.
ЭЛЕКТР МЕШИНДЕ БЫШКАН ЖИЛИК
Керектелүүчү азыктар:
Кашка же жото жилик – 1-1,5 килограмм
Картошка – 5 даана
Пияз жана сабиз – 1 даанадан
Помидор – 3 даана
Өсүмдүк майы – 50 грамм
Туз жана татымалдар – татымына жараша
Суу – 100 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач этти жылуу суу менен жууп алуу керек (эттин майына жабышкан кирлер жылуу суу менен жууганда гана чыгат). Андан кийин тузду жана татымалдарды себебиз.
2. Жашылчаларды аарчып, тазалап, чоң-чоң кылып туурайбыз.
3. Эми электр мешинин табасына этти жана жашылчаларды салабыз да, өсүмдүк майын жана сууну куябыз.
4. Үстүн фольга кагазы менен жаап, 200 градус температурада бир жарым саат бышырабыз. Андан соң фольга кагазын алып, дагы 5 мүнөт электр мешине салып, бетин кызартып алабыз.
Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg