«Музаман» тобу: "ЫРЧЫЛЫК БИЗ ҮЧҮН ХОББИ ЭМЕС, КЕСИП"

Бул 3 жигитти окуу жай табыштырган. Үчөөнүн музыкалык табити төп келишип "музыканын заманы аман болсун" деген ниетте 6 жыл мурун "Музаман" триосун түзүшкөн. Бирде "Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт" деп жүрөктү козгоп ырдашса, бирде "Дадагаң болуп кетейин" деп бийлеткен шайыр жигиттер менен таанышып алыңыз.

ТОПТУН КӨЛ ЖИГИТИ

Алымкул Мамырбаев

Туулган жылы, күнү –
1990-жыл, 2-февраль
Туулган жери – Талас облусу, Шекер айылы
Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун вокал бөлүмүн бүтүргөн
Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы

ТОПТУН ШОК ЖИГИТИ

Тариэл Токмергенов

Туулган жылы, күнү –
1990-жыл, 16-апрель
Туулган жери – Кемин району, Орловка шаарчасы
Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун вокал бөлүмүн бүтүргөн
Бойдок, сүйлөшкөн кызы бар

ТОПТУН АК КӨҢҮЛ ЖИГИТИ

Мукамбет уулу Аксай

Туулган жылы, күнү –
1990-жыл, 20-июнь
Туулган жери – Ат-Башы району, Талды-Суу айылы
Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун вокал бөлүмүн бүтүргөн
Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы

– Топтун түзүлгөнүнө 6 жыл болсо дагы эмнегедир репертуарыңарда ырлар аз...
Тариэл:
– Шагыратып эле ыр чыгара бергенде болбойт го. Мисалы, эки жаш үйлөнүп жыл сайын балалуу боло берсе эмне болот айтайынбы? Экинчи баласы удаа төрөлсө биринчи баласына көңүл бөлүнбөй калат. Үчүнчүсү төрөлсө экинчисине дегендей. Алар быжырап өскүчө, оокат кылгыча өзүңдүн да көзүң өтүп кетет. Ошондуктан 1 ырды чыгаргандан кийин ал күн көрсүн, анан кийинки ырды чыгарыш керек деген ойдобуз.
Алымкул: – Ырчылык биз үчүн хобби эмес, кесип. Хобби көргөндөр эптеп жаздырып чыга беришет. Биз качан гана жакшы чыгарма жаратмайын, элге сунуштабайбыз.

– Ырдоо стилиңер кайсы жанрда?
Аксай:
– Биз ар түрдүү жанрда ырдай алабыз. Рэп оку десеңер рэп окуп, манас айт десеңер манас да айтып беребиз. Эстрада жанрында ырдап, комуз чертип, аккордеондо ойнойбуз.
Алымкул: – Биздин негизги багытыбыз классика болгондуктан бардык жанрда ырдай алабыз. Бирок топтун башкы максаты – эстрада жанрында ырдоо.

– Силердин дарекке кандай сын-пикирлер айтылат?
Тариэл:
– Топ түзүлгөндө эле "силердей да ырчы болмок беле? Балдар, момундай болуш керек" деп теңине албагандар болгон. Бирок биз андай сөздөргө томсорчу эмеспиз.
Алымкул: – Биз жүрүм-турумубузду жасабайбыз да, бирөө келип "балдар, силер момундай баскыла, ак байпак кийгиле" дешкенде үчөөбүз бири-бирибизди карап күлүп коёбуз.

– "Дадагаң болуп кетейин" деген ырыңардын клибинде 1960-1970-жылдардагы жаштарды чагылдырдыңар. Бул кимдин идеясы?
Алымкул:
– Ыраматылык Жаныбек Алыкуловдун бул ырын үй-бүлөсүнөн уруксат сурап аткарып чыкканбыз. Клиптин режиссёру досубуз, ал "ушундай кылып тартып көрбөйлүбү?" деп сунуштаган.
Тариэл: – Анан чачты көтөрүп, ак байпак кийип, кашты терип алып "Дадагаң ай, болуп эле кетейин" деп турсак жарашпай калмак да.

– Күйөрмандарыңар кайсы муундагылар?
Тариэл:
– Жаңы тили чыгып келаткан балдар дагы биздин күйөрманыбыз экенине жакында ишенип калдым. Ыйлап жаткан балага "Дадагаң" ырын коё калсаң тып басылып "да, да" деген бойдон сооронуп калат. Улуу муундагылар "Ата Журт" деген чыгармабызды укканда "ушул балдар жакшы ырдайт" деп жакшы көрүшөт экен. Көбүнчө байкаганым, барган жерден эле күйөрман таап кетет экенбиз. Бизди тааныбай жүрсө, биз ырдагандан кийин таанып калышат.

– Мындагы өзгөчөлүк эмнеде?
Аксай:
– Бул жандуу ырдаганыбызда. Жандуу аткарып жатканда кыйкырчу жерден кыйкырасың, кыймылың да ошого жараша болот. Фонограмма менен өзүңдөн чыга албай, түптүз туруп алып ырдаганга туура келет.

– Тапкан каражатты кантип бөлүшөсүңөр? Менеджериңер барбы?
Тариэл: – 100 сом болуп калса 33 сомдон бөлүп 1 сомун эмне кылабыз деп ойлонуп отуруп бензин куюп же тамак жеп коёбуз (күлүп).
Алымкул: – Жаңы менеджер алганбыз. Аны менен ушул жылдан баштап иштеше баштайбыз.

– "Музаман" канча жыл өмүр сүрсө деп тилек кыласыңар? Өз алдынча кетүү планда барбы?
Алымкул:
– Алтындарым, биз легенда болобуз. Айтпады дебегиле, күчүктөрүм, тамаша (күлүп).
Аксай: – Бир шаарда жашасак кантип бөлүнөбүз? Бирөөбүз эле тырайып кетпесек, чогуу эле болобуз (күлүп).

– Топто болгон кайсы кызыктуу окуяларды эстеп күлүп каласыңар?
Алымкул:
– Эң биринчи ырыбызды жаздырган күн эсте калган. Себеби кулакка наушник тагып алып ырдап көргөн эмеспиз. Даярданып эле барганбыз, бирок студиянын сүрүнөн коркуп өзүбүздү жоготуп 2-3 саат кыйналдык (күлүп). Эптештире албай жатканыбызды көргөн режиссёр жүрөгүбүздү түшүрүп "бар, эртең келгиле!" деп кетирип жиберген. Анан баягы өпкөбүз көөп барган биз шүмшүйүп чыгып алып "көрсө, ырдай албайт турбайбызбы" дегенбиз. Эртеси күнү гана ырды ийгиликтүү жаздырганбыз.
Тариэл: – Аны алып телеканалдардын бирине "бул ырды угуп көргүлө" деп барсак жактырышып, "Жаңы жылдык көгүлтүр отко" чакырышты. Ошондо ырчылар бизге укмуш көрүнүп, "ушулардын арасында отурабыз" деген толкундануу болгон. Элдин баары ырдап бүтүп чекесинен кете башташса, бизди уюштуруучулар унутуп калышыптыр. Акырында бирөөсү чыгып "могу балдарды угуп койгулачы, эртеден бери отурушат" деп көндүрсө, дисктеги музыка окулбай калып жатпайбы. Түнкү саат 12де конокторду токтотуп коюп такси менен жатаканага барып, ырды башка форматка салып көчүрүп келгенбиз.

– Чет элдик сынактарга катыштыңар беле?
Аксай:
– 2012-жылы Астанада өткөн "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары" деп аталган сынак-фестивалга катышып лауреат болгонбуз. Ошондо үчөөбүз биринчи жолу учак менен Казакстанга барганбыз. 2013-жылы мен Сочиде өткөн музыкалык сынакта 1-орунду алгам. Алымкул ошол сынакка 2014-жылы катышып, баш байгени жеңип келген. 2015-жылы экөөбүз барып анда да баш байгени бербей келгенбиз. Ошондон кийин Сочидегилер "баягы экөө дагы келди" деп калышкан (күлүп). "Мейкин Азия-2015" сынагында 3-орунга татыктуу болгом.

– Чыгармачылыгыңарды жубайларыңар колдойбу?
Аксай:
– Менин жубайым бийчи, Алымкулдуку актриса. Аларды институтта окуп жүргөндө эле акырын шилтеп кеткенбиз (күлүп). Өздөрү чыгармачыл болушкандыктан колдоп турушат.

– Тариэл, бойдокчулук менен качан коштошоюн деп жатасың?
Тариэл:
– Бойдокчулук менен коштошуш керек бекен?
Аксай: – Мен коштошком, жаман эмес.
Алымкул: – Анда-санда көзүңдү ачканда чочуп кетип турасың "өмүр бою ушул мени менен болобу?" деп (күлүп).
Тариэл: – Ушул жылдын күз айларында үйлөнөйүн деген оюм бар. Көздөгөн кызым менен расмий түрдө сүйлөшүп баштаганыма 1 жума болду. Артынан 1 ай чуркадым. Ал "Музаман" тобунун ырларын укмак түгүл, бар экенин билбейт экен. Эң башкысы ата-энеси бизди билет, ошол жетиштүү.

– Ырчылыктан тышкары эмне менен алектенесиңер?
Аксай:
– Өзүбүз бүтүргөн институт азыр университет болуп өзгөргөн. Алымкул экөөбүз учурда ал жакта вокал боюнча мугалимбиз. Тариэл болсо жеке ишкерлик менен алектенет.

– Маегиңерге рахмат.

"Биз ар түрдүү жанрда ырдай алабыз. Рэп оку десеңер рэп окуп, манас айт десеңер манас да айтып беребиз".


Динара Абдыкадырова
Алишер Алиев
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Музаман" тобу: "Биз легенда болобуз"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
lazygirl
2017-01-18 12:36:38
Сонун ырдашат
0
Rian
2017-01-18 12:58:17
Соонун ырдашат менин кичинекей иним да дадаганы жакшы корот кечке коюп берсен да тажабай уга берет. Музаман тобуна ийгилик дагы да жакшы чыгармаларды кутобуз.
0
ilana
2017-01-18 13:29:34
аябай шайыр жигиттер экен азаматтсынар!! ийгилик легендалар!!
0
Zireshka248
2017-01-18 14:19:53
Эн сонун абдан жагатта ушул трио ..алга
0
Gulzat86
2017-01-18 16:58:41
Аиий 90 дор ушунчалык болуп калыштывы аа? Мен буларды чон эле кишилер десе'
Дадаган болуп кетейиндер онорунор оссун :)
+7
Ishenalieva
2017-01-18 17:11:18
Чыгармачылык ийгилик! Дагы көп хит ырларды чыгарып легенда болгула.Мен дагы ойлогом 70-ж тегерегиндеги кишилер болсо керек деп.
+2
abdykadyrova
2017-01-18 20:35:31
Мен 30дан ашкан деп ойлогом корсо жаш экен
+2
Mekanyr
2017-01-18 22:35:45
Картан корунот ко
0
look
2017-01-18 22:49:14
Иии менин кызым да тили чыгалек бирок "о да, о да" деп ушул ырды олло жакшы корот ийгилик силерге инилерим
0
Asya_92
2017-01-19 04:47:11
Билбейт экем угуп коройунчу эмнеси болсода ийгилик жигиттер !!!
0
aidana.
2017-01-20 15:13:28
Молодцы
0
farida.kg.1991
2017-01-20 18:31:43
Атандын чокусу мен бул кишилерди 50 жашта болсо керек депмин мени менен тен балдар экен
+2
gulya81
2017-01-21 12:42:22
Чыгармачылык ийгилик алга балдар.
+1
Turadi
2017-01-21 16:10:18
Ийгилик силерге
+1
asemanur
2017-01-22 21:54:55
аксайдын уну абдан жакшы азаматсын Аксай ийгилик сага.
0
№ 741, 13-январь-19-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан