2 айдан бери "Шаардык келин Шарапат" комедиясы өлкөбүздөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлүп келет. Элдин купулуна толгон бул комедиянын уландысы барбы, Каракыздын (Гүлжайна Атаканова) кийинки тагдыры эмне болот деп кызыккандар "Шаардык келин Шарапат" тасмасынын 2-бөлүгү тартылабы?" деп сурап жатышканы айтылууда. Университетте мугалим, тигүү цехин, сулуулук салонун иштеткенден сырткары продюсер, режиссёрлук менен алектенген Ырыс Жоомартовага байланышып, "Шаардык келин Шарапат" кинокомедиясынын уландысы тартылабы деп сурап көрдүк. "Негизи бул кинонун сценарийин жазып жатканда эле жакшы кино болуп, 2-бөлүгү тартылары тууралуу түшүмдө аян берген. Бул тасма сатыкка чыгары менен өзүн актап койду. Түшкөн пайдасына "Шаардык келин Шарапат-2" комедиясын тартып жатабыз. Буюрса, 2-марттан баштап бардык кинотеатрларда коюла баштайт. Учурда жаным тынбай таңкы саат 5те туруп, түндө 2де жатып ушул кинону бүтүрүүнүн үстүндө иштеп жатам. Андан соң "Кайнене" деген кино тартам. Бул комедияда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова башкы ролду ойнойт",- дейт.