ЗАМАНБАП БАНКТЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ

Кыргыз Республикасынын банк системасы бүгүнкү күнү банктык кызмат көрсөтүүнүн кеңири тармагын сунуш кылууда. Инновациялык технологиянын өнүгүүсүнүн натыйжасында банктык кызмат көрсөтүү дагы өнүгүп-өсүп, эл аралык жаңы деңгээлдерге жетишип жатат. Тагыраак айтсак, азыр банктык кызмат көрсөтүүлөр менен аралыктан туруп эле каалаган учурда жана каалаган жерден колдонууга шарт түзүлүүдө. Ушул багыттагы адистердин иш-аракеттери, кардарга көрсөтүлгөн ыңгайлуулуктар жана артыкчылыктар тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Акулуева Мээрим Шабыновна менен маектештик.

– Саламатсызбы, Мээрим Шабыновна? Алгач сөзүбүздү жалпы банктык төлөм кызматы тууралуу баштасак. Айтсаңыз, төлөм көрсөтүү кызматы кандайча ишке ашырылат?
– Саламатчылык. Банктык төлөм кызматы учурда бир кыйла динамикалык темп менен өнүгүп жаткан ишмердүүлүктөрдүн бири болуп саналат. Коммерциялык банктар тарабынан көргөзүлүп жаткан атайын кызмат көрсөтүүлөр түздөн-түз телекоммуникациялык чөйрө менен байланышкан. Анын негизинде, реалдуу убакыттын ичинде тейленип жаткан банктардын ар башкалыгына карабай жеке же юридикалык жактар болсо деле каалаган эсептешүүлөрүн жүргүзүүгө шарт түзөт. Күнүмдүк турмушта көпчүлүк жарандар азыр коммуналдык кызмат көрсөтүү, интернет, салык же жол кыймылын бузгандыгы үчүн айып пул төлөөнү электрондук акча же электрондук капчык, интернет банкинг жана мобилдик банкинг аркылуу жүргүзүп калышкан.

– Популярдуу деп саналган төлөм инструменттери тууралуу айтып берсеңиз.
– Банктык эсепке өтүүнүн бүгүнкү күндө эң популярдуу каражаты – бул төлөм карт. Кыргыз Республикасынын банктык төлөм карттарынын рыногу өнүгүп жатат. Алар массалык түрдө чекене соода кылууга жана өлкөнүн аймагында үзгүлтүксүз төлөм жүргүзүүгө багытталган. Ошондой эле пенсия-пособиелерди, айлык акыларды өз убагында алууга жана бизнес менен ишкердикти өнүктүрүүгө арналган. Акыркы кездерде электрондук акча колдонуучулар тарабынан популярдуу болуп, аны менен соода-сервистик түйүндөрдө же интернет чөйрөсүндө эсептешүү, соода жүргүзүү каралган.

– Эгерде мен эсептешүүлөрдү электрондук акча менен жүргүзүүнү кааласам, алгач кандай кадамдарды жасашым керек? Банкка барып эсеп ачамбы?
– Жок, банктан эсеп ачыштын кажети жок. Төлөм системасында катталып жана электрондук капчык түзүү үчүн бир нече мүнөттүк убакыт гана талап кылынат. Ал үчүн сизге жаккан системаны (Элсом, Мобильник Деньги, WebMoney, Яндекс.Деньги, Qiwi жана башка) тандап алуу керек. Электрондук капчык деп сиздин өздүк эсебиңиз аталат. Капчыкта сиз жашаган өлкөнүн жана сизге ыңгайлуу болгон валютадагы акча каражаты сакталат. Ал капчык аркылуу сиз интернет-дүкөндөрдөн соода кылып, ар кандай кызмат акылар үчүн төлөм жүргүзсөңүз болот. Ошондой эле айрым сервистик жайлар электрондук каражаттарды жөнөкөй акчага которуп, виртуалдык дүйнөдө гана эмес, накталай колдонгонго мүмкүнчүлүк берет.

– Биздин өлкөдөгү электрондук каражаттар тууралуу маалымат бере кетсеңиз. Бул боюнча абал кандай өнүгүп жатат?
– Кыргыз Республикасынын аймагында жергиликтүү электрондук каражаттар (Элсом, Мобильник Деньги, Умай жана башка) жана WebMoney, Яндекс.Деньги, Qiwi сыяктуу эл аралык системалар иштейт. Улуттук банктын талаптарына жараша электрондук каражатты, тийиштүү лицензияга ээ болгон коммерциялык банктар гана чыгарышат. Эл аралык электрондук каражат системаларын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн эл аралык каражаттарды колдонуп, кызматтары боюнча Улуттук банктан каттоодон өтүшү тийиш.

– Мен жөнөкөй адам катары эл аралык капчыкты толтурууга укугум барбы, бар болсо кантип жана кайсы жерден толтуруу керек?
– Албетте, сиздин андай укугуңуз бар. Бирок эл аралык капчыктардын "иштөө эрежелери" бир аз алмашты. Биринчиден, биз жогоруда атап өткөн эл аралык системалар биздин өлкөнүн аймагында өз ишмердүүлүгүн улантууну кааласа, алар сөзсүз түрдө 2017-жылдын 1-мартына чейин каттоодон өтүшү талап кылынат. Ошол эле учурда алардын агенти катары жергиликтүү банк гана боло алат. Өз кезегинде банк эл аралык электрондук акча системасынын өкүлү катары субагенттер менен эл аралык акчаны жайылтуу, толуктоо же нак акчага айлантуу тууралуу атайын келишим түзүшү мүмкүн. Субагент катары бул системада юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тартылышы ыктымал. Ал эми эл аралык электрондук система тийиштүү мөөнөттө каттоодон өтүүгө үлгүрбөй калса, иштеп жаткан терминал же төлөм жүргүзүү түйүндөрүнүн иши токтотулат.

– Сиз буга чейин айтып жаткан төлөм карттарына кайрылсак, алардын өнүгүшү кандай болуп жатат? Аларга карата суроо-талап барбы?
– Төлөм карттар азыркы учурда төлөм системасынын рыногундагы алдыңкы орундардын бирин ээлеп келет. Банктык төлөм карт – бул төлөм жүргүзүүчү инструмент. Анын ээси банкомат, терминал же башка жабдуулардын жардамы менен товар, кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдөрдү жүргүзөт жана накталай акчаны төлөм карт аркылуу чыгарып алууга мүмкүндүк алат. Кыргыз Республикасындагы банктык карттар рыногу дайыма кардарлардын массалык түрдө эсептешүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүчү жаңылыктарды эске алуу менен жаңыланып турат. Коммерциялык банктар ийкемдүү тарифтик саясат жүргүзүп, банктык төлөм карттарды тейлөө боюнча кошумча мүмкүнчүлүктөрдүн спектрин, аны колдонуунун аймагын кеңейтүүдө жана инновациялык технологияларды киргизүүдө.
Төлөм карттардын эсептешүү системасына токтоло турган болсок, бул Элкарт улуттук, андан сырткары VISA, MasterCard, Union Pay, American Express, Золотая Корона эл аралык системалары бар. Өлкөдөгү банк жана терминалдарда тейленүүчү, жүгүртүүдө жүргөн банктык төлөм карттардын жалпы саны 1,5 миллион даанадан ашты. Мындан сырткары, белгилей кетүүчү нерсе, айлык акы долбоорунун алкагында ар түрдүү төлөм системалары аркылуу ишке ашырылып, оң жылыштар байкалып жатат. Бүгүнкү күнгө чейин бюджеттик уюмдардын 93 пайызы Элкарт улуттук төлөм картасына өтүштү.

– Электрондук төлөм жүргүзүүдөгү ПОС-терминалдардын маанисине дагы токтоло кетсеңиз?
– Учурда дүкөн, ресторан, сулуулук салону, мейманкана, май куюучу жайлар жана башка айрым соода-сатык жана сервистик жайлар атайын нак эмес төлөм жүргүзүүнү кабыл алуучу терминалдар менен жабдылган. Башкача айтканда, товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы үчүн банктык төлөм карталарды колдонушат. Дал ушул жабдуулар ПОС-терминал деп аталат. Төлөм жүргүзүү же кабыл алуунун инфраструктурасы дайыма кеңейип келет. Айтсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кардарлардын укугун коргоо боюнча иш-чаралар тууралуу" 2015-жылдын 23-декабрындагы №869-токтомуна ылайык ишмердүүлүктүн талаптары каралган. Анын ичинде жеке ишкерлер жана юридикалык жактар банктык төлөм карталарын колдонуп, төлөмдөрдү кабыл алыш үчүн сөзсүз ПОС-терминалдар менен жабдылышы зарыл. Бул жерден белгилей кетүүчү нерсе, биздин өлкөдө товар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм карттарын колдонууга шарт түзүү максатында ПОС-терминал менен жабдылып, мамлекет жана калк үчүн артыкчылыктар каралган. Баарынан мурда – бул кардарлардын укугун коргоого багытталат. Андан кийин акча булагынын айкындуулугу, өлкө бюджетине салык төлөмдөрүнүн түшүүсүн көбөйтүү, жүгүртүүдө жүргөн акча каражатына көзөмөлдү арттыруу жана нак акчанын көмүскө жүгүртүлүшүнүн үлүшүн азайтуу. ПОС-терминалды коюу менен соода-сатык, сервистик мекемелерге дагы бир кыйла жеңилдиктер каралган. Анын натыйжасында нак эмес төлөм жүргүзүүлөрдө сатыкка карата салык алынбайт, нак акча менен иштегенге караганда жумуш азаят (кабыл алуу, сактоо, ташуу жана коопсуздук).

– Кийинки кезде аралыкта банктык кызмат көрсөтүү тууралуу дагы көп айтылууда, ушуга да токтоло кетсеңиз?
– Аралыктагы банктык кызмат көрсөтүүлөр – бул банк кардарга өзүнүн кызматын аралыктан туруп көрсөтүүсү аталат (дистанциондук). Бул кызматты банктык эсепке байланышкан интернет-банкинг, мобилдик банкинг, үйдөгү банкингге да киргизип коюуга болот. Интернет-банкинг – кардардын банктык эсебине интернет аркылуу кирип башкарууну түшүндүрөт. Үй банкинг (home banking) – бул дагы аралыкта ишке ашырылып, үйдөн чыкпастан туруп үй же кеңсе телефону аркылуу банктын компьютердик түйүнүнө кошулуу айтылат. Ал эми мобилдик банкинг аты айтып тургандай эле уюлдук телефон аркылуу банктык эсепти башкаруу аталат.

– Финансы-кредиттик мекемелерден сырткары кимдер төлөм кызматын сунуштайт?
– Төлөм рыногунун жеткиликтүүлүгү жана арзандыгына байланыштуу көптөгөн ишкерлер ага карата тартылып жатат. Анын негизинде чекене төлөм жүргүзүү рыногунда жаңы оюнчулар пайда болуп, төлөм жана эсептеп жүргүзүү иштерин аткарууда. "Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүүчү системасы тууралуу" мыйзамы кабыл алынганга чейин бул компаниялар эч ким тарабынан этибарга алынбай келген. 2015-жылдын башында Улуттук банк алардын көзөмөлдөөчүсү болуп аныкталгандан бери алар ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн төлөм системасынын оператору же төлөм уюму деген лицензияны Улуттук банктан алышы керек. Азыркы учурда мындай лицензияга 20дан ашык уюм ээлик кылды. Төлөм системасынын жана төлөм уюмдарынын оператору тууралуу кененирээк маалыматты Улуттук банктын
http://www.nbkr.kg/ расмий сайтынан таба аласыздар.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Suluu4a
2017-01-25 12:20:36
Мен мурда Демир банктын картасын алган элем VISA деген ...процентти шундук .. мисалы ..1000 сом снимать этсен...100 сом алып койот эле. Бир гана демир банктын банкоматынан бекер акча алаласын. Кандай карточкалар эн ынгайлуу? Годовое обслуживаниеси канча? Мумкун болсо маалымат берип койосунарбы...алдын ала рахмат!
0
altyshka_23
2017-01-25 12:37:04
Комунальный услугаларды,штпафтарды через банк кылып койсо жакшы болот корупсия азаймак
0
dmm
2017-01-26 20:13:20
altyshka_23,bank arkyluu toloonun joldoru azyr kop ele bolup kalgan.elsom kapchygy jonundo okup korgulo.internet banking jana mobilniy koshelek arkuluu da tolosonuz bolot.
0
A.Alymbek
2017-01-25 13:33:00
Анын натыйжасында нак эмес төлөм жүргүзүүлөрдө сатыкка карата салык алынбайт, нак акча менен иштегенге караганда жумуш азаят (кабыл алуу, сактоо, ташуу жана коопсуздук).--ушул жерге жакшы тушунбой калдым, ПОСТ Терминалдан толом жургузгондо алып жаткан буюмун кайсы бир денгээлде арзан болобу , нак акчага алгандан коро...?
0
Shef87
2017-01-28 21:18:44
банктар кайдан байымак эле элдин башын айлантып жан багып атышат да
0
dmm
2017-01-30 19:28:49
Aylana turgan bolso aylantaby
0
№ 742, 20-январь-26-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан