ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

АШКАНАДА

Жанк фуд
– шекер, туз, белок жана майлуулугу жогорку деңгээлдеги тез татым азыктары. Бул сөздү англис тилинен которгондо "jank" – "таштанды", "food" – "тамак" деген маанини түшүндүрөт. Мындай азыктарга картошка калдырканы, бургер жана башка жогорку калориялуу тез татымдар кирет. Аларды көп жеген адам семирүү, жүрөк-кан тамыр оорулары менен көп ооруп, жадакалса бул азыкка көз каранды болуп калгандар да бар. Учурда мындай азыктарды жаш балдар жана өспүрүмдөр көп пайдаланышат. Дарыгер, илимпоздор анын пайдасына караганда зыяндуулугу көптүгүн эске алуу менен "jank" (таштанды) деп атап коюшкан. Бул азыкка байланып калгандарды токтотуу кыйын.

КОСМЕТИКАДА

Глайд – эринге арналган косметиканын түрү. Бул помада эриндерге эң мыкты жардамчы. Себеби ал тез сиңип, эриндин кесилүүсүнүн алдын алат. "Глайд" англис тилинен которгондо "сыйгалануу" дегенди түшүндүрөт. Эрин боёгучтун курамында арган майы, суу лилиясынын кошулмасы жана көк чай бар. Бул каражат "Nars" компаниясы тарабынан 2016-жылы чыккан.

ТЕХНОЛОГИЯДА

Хот-спот
– кайсы бир аймак, имарат же мекемеде wi-fi аркылуу интернет таратылып жаткан аянтча. Бул сөз англисче "hot spot" деп аталып, бизче "ысык чекит" же "ысык аймак" деген маанини берет. Мындай аянттар кафе, ресторан, аэропорт, метро сыяктуу адам көп барган жерлерде болот. Албетте, хот-спот аянтчалары биздин өлкөдө да тарап баратат. wi-fi’дын жардамы менен кабелсиз туташтырылып жаткан интернет кызматынын баары ушул хот-спот аянтчасына кирет. Айрым Европа өлкөлөрүндө жана Орусиянын көпчүлүк шаарларында атайын хот-спот аянттарынын тизмеси интернетке киргизилген. Эгер бул шаарларда конок болсоңуз, жакын аралыкта мындай аянттын бар же жок экенин интернеттен издеп тапсаңыз болот.

Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 742, 20-январь-26-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан