ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (30-январдан 5-февралга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада эмоцияңызды көзөмөлдөбөсөңүз, жумушта же үй-бүлөдө чыр чыгышы мүмкүн. Андыктан жылдыздар сизди сабырдуу жана сылык болууга чакырышат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада үй жумуштарынын айрымдарын кийинкиге калтырып, көбүрөөк эс алганга аракет кылыңыз. Ишембиде жакыныңыздан өзгөчө белек алып кубанасыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Маанилүү иштерди кийинкиге калтырып, келбетиңизге кам көрө баштайсыз. Бейшембиде жакын адамыңыз сунуш менен кайрылып, колдоо көрсөтүүгө туура келет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул аптада муктаждыктан улам үй-бүлөңүзгө көбүрөөк убактыңызды арнайсыз. Шаршембиде ден соолугуңузга кам көрүңүз, кышкы тумоо сизди жандап өтүшү мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)
Келечекке максаттарды коюуга ылайыктуу апта. Бирок маанилүү, өзгөчө каржы иштерине байланыштуу чечимдерди дароо кабыл албай, бир аз күтө туруңуз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада буга чейин топтолуп калган бир топ иштерди бүтүрүүгө туура келет. Баары оюңуздагыдай болот. Эмгегиңиздин акыбети кайтып, апта аягында жакшы сөз угуп, сыйлыкка татыйсыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сүйүү жана достук сезимдериңиз күч алат. Апта бою өзүңүздү ишенимдүү алып жүрөсүз. Апта соңунда айрымдар ашыкча салмак менен күрөшүүнү башташат.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Энергияңыз ашып-ташып, көп жумуштарды бүтүрөсүз. Үйүңүзгө келген коноктордон дарегиңизге жакшы сөздөрдү угуп толкунданып аласыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада жаралган маселе боюнча чечимди акылыңыз, жүрөгүңүз менен кабыл албасаңыз, аягы өкүнүч менен аяктап калышы мүмкүн. Ишембиде жагымдуу кабар угасыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Ийгилик алып келүүчү апта. Бирок тааныштарыңыздын арасынан сизди көрө албагандар чыгышы мүмкүн, андыктан сак болуңуз! Жекшембиде конокко барып, сый көрөсүз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта сизге кубаныч жана шаң тартуулап, жаңы нерселерди жасоого белсенесиз. Ишембиде жакын таанышыңызды тамашалайм деп таарынтып алышыңыз мүмкүн.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Сизди тынч апта күтүп турат. Убакыттан пайдаланып сүйүү мамилеңизди бекемдеп, келечекке пландарды түзүп алыңыз. Дем алыш күндөрү гардеробуңузга “текшерүү” жүргүзөсүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 743, 27-январь-02-февраль, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан