"ИНДИЯДА ЖЫЛЫНА 3000ДЕЙ ТАСМА ТАРТЫЛАТ, АНЫН ИЧИНЕН ИРГЕЛИП 1000 ТАСМА ЭЛГЕ ЖЕТЕТ". БОЛЛИВУДДАН КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТААНЫШКАНЫ КИНО ИШМЕРЛЕР КЕЛИШТИ

25-январь күнү борбор калаабыз Бишкекке Индия өлкөсүнүн кино ишмерлери келишти. Чыгармачыл топту мекенибиз менен тааныштырып жүргөн режиссёр Сүйүн Откеев төмөндөгүлөрдү айтты:

– Келген топтун ичинде сценарист, режиссёр, продюсери да бар. Алар мекенибизге 5 күнгө келишти. Бул аралыкта биз индиялыктарга Ысык-Көлдү, Ала-Арча жаратылыш паркын жана башка биз мактана алчу жайлардын баарын көрсөтүүгө аракет кылабыз. Мекенибизге келген коноктордун максаты – биздин жерибизди көрүү, балким, келечекте тасма тартуу үчүн идеялары жаралып, биздин режиссёрлор менен кызматташуу жөнүндө ойлонуп көрүшөр. Бул сапар алар өлкөбүздүн кыш мезгилиндеги жаратылышын көрүшмөкчү.

"БЕШ БАРМАК ЧЫН ЭЛЕ БАРМАКТАРДАН ЖАСАЛАБЫ?"

Келген топтун арасынан 40 жылдан ашуун Болливуддун тасма талаасында эмгектенген продюсер Вивек Синганияны кепке тарттык:

– Саламатсызбы, Кыргызстанга келип үшүгөн жоксузбу?
– Азырынча көчөдө көпкө жүрө элекпиз, ошондуктан суук билине элек. Сыртка чыкканда үшүп баштасам керек.

– Бул жакка келгендеги алгачкы сезимдериңиз кандай?
– Элиңиздердин меймандостугуна таң калып жатам.

– Кыргыз ашканасы менен тааныштыңызбы?
– Жок, индиялыктардын эле тамагын жедик. Азыр кыргыздын улуттук тамактары жасалчу жайга барат экенбиз, ошондо даам сызып көрөм.

– Анда беш бармакты даамдап көрүңүз...
– Макул, аталган тамак чын эле бармактардан жасалабы (күлүп)?

– Эми Индия тасмалары тууралуу сөз кылсак. Жылына 1000ден ашык тасма тартылат деген кеп чынбы?
– Жылына 3 миңдей тасма тартылат. Анын арасынан, албетте, көрөрмандардын табитин эске алып, калың элге 1000дей тасма жетет. Бул Болливудда эле эмес, бүткүл Индиядагы тартылчу фильмдерди кошкондо.

– Индиялык кинолордо каармандар мушташкан жерлери чындыктан алыстап кетет. Ушундай учурлар өзүңүздөргө билинеби (ред.: бул суроомо продюсер көпкө чейин күлүп, анан жооп берди)?
– Бул кадрлар Индиядагы карапайым калктын талабына ылайыкталат. Биз тасма тартып жатканда чындыкка жакын же алыс деп ойлонбойбуз. Эң негизгиси көрүүчү кинотеатрга кирип эс алып чыксын деген максатты көздөйбүз. Элдин талабы деп ошол мушташып жаткан сценаларды атайын жай кадр менен көрсөтөбүз.

– Эмнеге тасмаларда сөзсүз түрдө ыр жана бий болушу керек? Ансыз болбойбу?
– Бул Индиядан чыккан тасмалардын өзгөчө белгисине айланган. Ансыз деле тартса болот, бирок өзгөчөлүк жоголот. Мисалы, фильм тууралуу такыр эч нерсени билбеген адам андагы ырдалган ырды бир жерден угуп калышы мүмкүн. Ошентип адамда "бул кайсы кинодо ырдалган ыр болду экен?" деген ой жаралат. Жыйынтыгында тасманы издеп таап көрүшү мүмкүн. Ыр жана бий менен коштолгон фильмди жарнамалоо жана элге жайылтуу бир кыйла оңой.

– Режиссёрлор көбүнчө пакистандык актрисаларды тартышат, себеби алар сулуу болушат дешет...
– Актёрлордун катарында пакистандыктар бар. Бирок атайын антип тандабайбыз. Кыргыздын сулуу кыздары турганда пакистандыктарды тартып эмне кылабыз (күлүп).

– Маегиңиз үчүн рахмат.

Жолугушууга кыргыз кино жаатында эмгектенген көп инсандар келишти. Алар тараптан кино тууралуу толтура суроолор жаап жатты. Индиялык коноктор чарчаганын жашырып жакшы эле жооп берүүгө аракеттеништи. Салтка айлангандай маектешүүнү коноктор менен чогуу тартылган селфи жыйынтыктады.


Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Attila88
2017-02-01 16:23:55
дыш дыш дышдыш.деп мушташканыле озунчо прикол
+3
burulka1959
2017-02-01 19:58:05
Мени тартса жан дилим менен ырдап-бийлеп берет элем "Кара жоргону" баш кылып. Митхундун ырларын "обожаю"!
+1
Suluu4a
2017-02-05 04:27:21
Ээ ушу индийский кинолор эч эле жакпайт. Ааааа деп ырдап...оптом бийлеп атып бутот! Аябай "предсказуемый" кинолору.
+1
nizami
2017-02-05 13:34:11
admin: жазып коесунарбы кайсыл шилтеме менен тапсам болот, квргыздын оюларынын маанисин билесизби деген макаланы толугу менен таба албай жатам, супер инфонун 744-санынан окуйсанар болот Шейшенбек Монолдоровдун маеги ?
+1
Alinokka
2017-02-05 16:05:39
сонун кинолору бар бирок
+1
kanykei95
2017-02-07 00:47:33
боливуд,голивуд
+1
№ 743, 27-январь-02-февраль, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан