ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (6-12-февралга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Карьерада, бизнесте жаңы горизонттор ачылып, айрымдарга ийгилик жылмаят. Ортодон атаандаштар, көрө албастар чыгат, ката кетирбегенге аракеттениңиз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Букачарларга аптада жаңы нерсени үйрөнүүгө туура келет. Жалкоолонбоңуз, бул ийгилик алып келет. Бейшембиде жакыныңыздын сизге ою түз эмес экендигин билесиз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Сизди кызыктуу сапар, жолугушуулар күтөт. Алар дүйнө таанымыңыздын өзгөрүшүнө таасир тийгизет. Ишембиде идеяңызды колдогон адамга жолугуп, анын ойлорун угасыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада көптөн бери чечилбей келе жаткан маселелерди чечип, жеңилдейсиз. Жума күнү кыймылсыз мүлк боюнча чыр чыгып, укугуңузду коргоого туура келет.


АРСТАН (23.07-23.08)
Жакындарыңыздын колдоосуна муктаж болуп, ийгиликке бат жетүү боюнча кеңеш аласыз. Аптанын экинчи жарымында карыз, айып пул төлөө, салык иштери менен алек болосуз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта башында өзүңүздү чарчаңкы сезип, көп иштериңиз кийинкиге жылат. Өзүңүздү колго алып чымыркансаңыз, бейшембиде жаңы киреше булагын табасыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада көпчүлүк маселелер сиздин пайдаңызга чечилип, жаңы жөндөмдөрүңүз ачылат. Шаршембиде мурун жасаган ишиңизге өкүнөсүз. Дем алышта досторуңуз менен чогуу эс аласыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Үй шартын оңдоо үчүн бир топ акча коротосуз. Апта ортосунда жакыныңыздын колдоосу менен чечилбеген маселеңиз оңой чечилет. Жума күнү кайрымдуулук ишине аралашасыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Ишкерлик, достук мамилелер бекемделет. Аптанын экинчи жарымында сизге керектүү эшик ачылат. Манчыркап кетпеңиз, беделиңиздин түшөрүн жылдыздар эскертишет.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада кирешеңизди жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бейшембиде үйдө бир аз чыр чыгышы ыктымал. Жекшембиде учтуу, курч нерселерди колдонууда абайлаңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Күтүлбөгөн жолугушууларга, позитивдүү өзгөрүүлөргө бай апта. Кызыктуу адамдар менен таанышып, оюңузду, ал гана эмес, имиджиңизди өзгөртүүгө белсенесиз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Өзүңүздү колго алыңыз, анткени аптада бир топ иштерди бүтүрүүңүзгө туура келет. Шаршембиде кызыктуу, келечектүү долбоорго чакырышат. Баш тартпаңыз, ийгилик жылмаят.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан