Самара Каримова ырчылыкка жаңы кадам таштаган бир тууган иниси Сагынбек Каримов менен 13-17-февраль күндөрү "Кыргызымдын жүрөгүндө Ошу бар" аттуу концерт бермекчи. "Сагынбек кичинекей кезинен бери музыка жаатында билим алып келет. Аккордеон, комуз, гитара, барабан, ооз комуз өңдүү аспаптарда чеберчилик менен ойнойт. Азырынча өзүм продюсер болуп тажрыйбам менен бөлүшүп жатам. Концерттик турне менен бардык облусту түрө кыдырабыз",- дейт Самара Каримова.