ДАНИЯР 28 ЖАШТА

Кыштын ызгаарында туулган Данияр Эрматов 1-февралда 28 жашка толду. Ырчы өздүк майрамын сахналаш досторунун курчоосунда белгиледи. Ырчылар Аваз Акимов, Алмаз Шаадаев, клипмейкер Эрнист Сыдыков сюрприз уюштуруп, Данияр мырзанын туулган күнү шаңдуу башталды.
"Саат жебеси 12ни какканда Эрнист Сыдыков менен Алмаз Шаадаев "туулган күнүңдү эртең тособуз, жүрү, бүгүн бильярдга барып келели" дешкенинен барсак досторум сюрприз кылып чыга калышып, шаңдуу тосуп алышты. Досторумдан, күйөрмандарымдан көп белек алдым. 28 жаш деп айтса башкача болуп, "үйлөнүш керек турбайбы" деп калдым (күлүп). Ошондуктан быйыл сүйүктүүмдү издейин деген план койдум",- дейт Данияр
Эрматов.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Gulzat86
2017-02-08 10:34:12
Даниярдын фанаткалары Даниярдын журогу бош экен чамдагыла!
+2
manachaka
2017-02-08 11:20:33
Данчик аябай жакшы жигит жонокой. Бар бол аман бол. Болгону бою гана кичинекей менден. Болбосо озум тийип алмакмын!
+5
Nurgazy80
2017-02-08 12:04:09
manachaka,бойго карамак беле, жатканда теңелип эле калат бой деген.
+12
manachaka
2017-02-08 17:22:52
Nurgazy80, мен деген боюна карайм жигиттердин
-5
ainura220888
2017-02-08 12:38:26
Апий данчик жаш бала деп ойлойт элем мени менен тен турбайбы
+3
Baatur7777
2017-02-08 14:42:46
30ка чыккан жигит кыз алат дечу беле)))
0
Santini
2017-02-09 10:31:38
Baatur7777,кырктагы жигит кыз алат, а кырктагы Кызды ким алат??!!
+9
Baatur7777
2017-02-09 14:17:58
Santini,))) прикол кылып жазгам
+3
Kunbeken
2017-02-10 14:02:51
Santini, азыр тескериси болтат ушу макалдын. мезгилден арта калбаныз СуперИнфо))))
0
Aruwka.89
2017-02-10 16:01:11
Нурлан Насип келбептирби?
+1
aitieva00
2017-02-11 05:13:09
Aruwka.89,Нурлан Насип ал убакта Кореяда эле
+1
Fatimnazz
2017-02-10 18:34:05
Мурда Чынзыз Мырзаевди качан уйлоносун деп тажатышты дечу эле, буларды тажатпай эле го. Омар деле журот
0
rahatmiku
2017-02-12 01:43:22
Д анияр аябай жылдыздуу бала мага ж агат.Чыгармачылык ийгилик,бакыт каалайм дагы коптогон жакшы ырларлы эле тартуулай бер
+1
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан