Универсиада
КЫРГЫЗ СПОРТЧУЛАРЫ МЕДАЛГА ЖЕТКЕН ЖОК
Алматы шаарында 29-январдан 8-февралга чейинки аралыкта Кышкы Универсиадада Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары медалдарга жетишкен жок. Өлкөбүздүн атынан жалпы 10 спортчу катышып, алардын арасынан эң мыкты көрсөткүчү 16-орун болду. Сноубордчу Тимур Губаев гана мелдештин чейрек финалына чейин барып, 34 катышуучунун арасынан 16-орунга жазылды.
Футбол
"ДОРДОЙ" ЖООПТУК БЕТТЕШТЕ "БАЛКАНДЫ" 2:1 ЭСЕБИНДЕ УТТУ
7-февралда Түркмөнстандын Балканабад шаарында АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында жергиликтүү "Балкан" командасы бишкектик "Дордой" менен жооптук беттеш өткөрдү. Аталган эки команданын биринчи оюну 31-январда Ош шаарында өтүп, 1:1 эсеби менен аяктаган.
"Дордойдон" Алишер Азизов менен Авазбек Откеев айырмаланса, үй ээси бир гол менен гана жооп кайтарды. Эсеп 2:1 "Дордойдун" пайдасында.
Эми "Дордой" дагы бир тандап алуу баскычында «Хосилот» командасы менен ойнойт.
Футбол
КОНФЕДЕРАЦИЯ КУБОГУНУН БАРДЫК КАТЫШУУЧУЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ
Орусияда 17-июнь – 2-июль аралыгында өтө турган Конфедерация Кубогунун бардык катышуучулары аныкталды. 6-февраль күнү Камерун Африка Кубогун утуп, аталган мелдештин акыркы катышуучусу катары белгилүү болду. Айта кетсек, Конфедерация Кубогунда ар бир континенттин чемпион аталган курама командалары катышат. Жалпы 8 команда ат салышат: үй ээси катары Орусия, Жаңы Зеландия, Португалия, Мексика, Чили, Австралия, Германия жана Камерун кубокту талашмакчы.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg