ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (13-ФЕВРАЛДАН 19-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН)

КОЙ (21.03-20.04)
Керектүү маалыматка толук ээ болбой туруп, бир иштерге чечкиндүү киришпеңиз. Жөнү жок сындагандарды күлүп жеңгениңиз туура. Ойдо жок жерден балээге кабылбоо үчүн караңгы көчөдө жүрбөңүз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Абдан эмоционалдуу жана талапчыл болуп чыга келип, үйдөгүлөргө түйшүк арттырасыз. Адамдар менен таанышууда абайлаңыз, репутациясы күмөндүүлөрдүн илмегине илинип калуу коркунучу бар.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада көп нерсени башынан баштоо тилеги жаралат. Эмнеси болсо да ойлонуп, акырында өкүнбөгүдөй иш кылган оң. Жаңы нерселерди үйрөнүп, аны жашоодо колдоно баштап сүйүнөсүз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Иште өзөктүү маселелерди чечүүдө өз позицияңыздын бар экенин көрсөтүүңүз керек. Үйдө майда иштер убактыңызды көбүрөөк алмакчы.Чоң иштерге деп аздан болсо да акча топтой баштайсыз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Жаңы сезимдерге курчала турган апта. Жаңылбаш үчүн ички туюмуңузду угуңуз. Базардан издеген буюмуңузду арзан баада алып кубанасыз. Жагымдуу жаңылык да сизди күтүүдө.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Түзгөн пландарыңызды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк чыгат, майда иштерди коё туруп, ошолорго киришиңиз. Түшкөн сунуштардын ичинен    ийгиликке кайсынысы жеткирерин анализдеп, анан чечим кабыл алыңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бирөөлөргө берген убадаларды аткарбасаңыз, чырга кабыларыңызды эске алыңыз. Улуу муундагы туугандар менен кеңешип чеччү иштер чыгат. Өнөкөт ооруңуз өзү тууралуу кабар берип, врачка көрүнөсүз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Көп нерсеге жетишип, өзүңүзгө ишенимиңиз артат. Ишиңиз киреше алып келе баштайт. Ушул себептен көрө албастар зыян келтиргилери келет, бирок тилектери ишке ашпайт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Боюңузду көтөрбөй, жакындарыңызга жардамга кол сунуңуз. Ойлонулбаган шартта жеке мекемелердин жетекчилери менен таанышып, иш ордуңузду алмаштырууну ойлооңуз ыктымал.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Ишиңиз көп болуп, эс ала албай кейийсиз. Бирок мээнеттин артында жакшы айлык жатканын унутпаңыз. Маанайыңыз түшпөөсү үчүн өзүңүзгө жакпаган адамдардын чөйрөсүндө болуудан качыңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Пайда табам деп бирөөлөргө ишенип, акчаңызды керексиз жакка чачып жиберүүгө жетпеңиз. Кубанычыңызды жакындарыңыз менен бөлүшүп, чогуу эс аласыздар. Дем алышты үйдө өткөрүүңүз күтүлүүдө.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада интригаларга аралашпай, сырттан байкоочу катары гана турганыңыз оң. Болбосо аброюңузга доо кетиресиз. Атайын чакырык менен бир жакка барып келүүңүз мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 745, 10-16-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан