Көптөн бери көрүнбөй калган ырчы Темир Назаров чыгармачылыкка жаңы дем менен кайтты. Тагыраак айтканда, анын «Арнайм сага» аттуу жаңы ырынын клиби көпчүлүктүн көңүлүн буруп, мактоого арзып жаткан чагы. Ырчыга байланышканыбызда, ал чыгармачылыгы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
– Темир, жаңы ырыңыздын жаралуу тарыхына токтоло кетсеңиз?
– Бул ырдын үстүнөн 1 жылга жакын иштедим. Кыргыз жана орус тилинде ырдалган. Ырдын жеке жашоомо тиешеси жок, жаштарга белек болсун деген ниетте чыгардым. Өзүңүздөр билгендей, мен буга чейин эл-жерди даңазалаган чыгармаларга басым жасачумун. Бирок мезгилдин, угармандардын талабы жеңилирээк чыгармаларга жетелеп жатат.
– Жеңил чыгармалар деп калдыңыз, бул багыттагы чыгармалардын үстүндө иштеп баштаганыңыздын себеби эмнеде?
– Мен дайыма изденүүдө жүрөм. Ар кандай темаларды иликтейм, элге кандай чыгармалар көбүрөөк жагып жатканына баам салам. Айта кетчү жагдай, коомдогу абалга жараша да чыгармалар жаралат. Андан ырчынын ыр куржуну толот экен. Кийинки учурда ырчылар жаштарга, достукка, энеге, сүйүүгө арналган чыгармаларга кайрылып жатышат. Мындайча айтканда, угармандардын табитине жараша. Биз той-топурларда көп жүрөбүз, бир топ адамдар менен баарлашабыз, алардын өтүнүчү да ушул багытта болуп калат.
– Бул ырдын клибин мурункулардан башкача тартыптырсыз. Идея кимге таандык?
– Клипти белгилүү клипмейкер Александр Белов тартты. Идея, сценарий режиссёрго таандык. Бирок ишке киришердин алдында биз да ойлорубузду айтып, бир чечимге келгенбиз. Эң башкы максатыбыз – өзгөчө клип болсун деген ой болгон. Клипте биз чыныгы кыз-жигиттин ортосундагы назик сезимди берүүгө аракеттендик. Албетте, мен үчүн абдан оор болду, анткени мындай ролду биринчи жолу жараттым. Клипти бир дем менен баштан-аяк 1 күндө тартып салдык, бирок монтаж иштери көпкө созулду. Ал эми жанымдагы бийкеч модель болгондуктан жакшы ойноп берди. Учурдан пайдаланып чыгармачылык топко ыраазычылык айткым келет.
Асхат Субанбеков,
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg