Айпери Кубик кызынын «Жолуктум сага эмне деп» ырына тартылган жаңы клиби учурда көрөрмандардын бүйүрүн кызытып жаткан чагы. Клипти сындагандар да, «жакшы тартылыптыр» деп мактагандар да көп. Андыктан клип тууралуу ырчынын өз оозунан угалы.
– Саламатсызбы, Айпери? «Жолуктум сага эмне деп» аттуу ырыңыздын клиби кайсы жакта тартылды, канча каражат жумшалды?
– Саламатчылык. Клипке жалпысынан 1800 доллар акча сарпталды. Бишкектеги эмерек салондордун биринде алты сааттын ичинде тартылган. Бирок 2 күн мурун даярданганбыз. Клиптеги башкы каарман хореограф, мыкты бийчи Эрмек Керимбаев жана өзүм болдум.
– Клиптин идеясы кимге таандык жана бий менен эмнени айткыңар келди?
– Идея мага таандык. Клиптин режиссёру, клипмейкери Санжар Юлдашев. Ал эми мааниси тууралуу айтсам – бул сүйүү. Сүйүү эки адамды байлап турган жип сымал. Алар бири-биринен ажырайын десе да сүйүү коё бербейт. Адамдардын ортосундагы мамилени, махабатты, таарынычты, бири-бирине тартуулаган жылуулугун, көңүл калуусун бий аркылуу көрсөтүү клиптин өзөгү. Бий аркылуу турмуштагы нерсени чагылдыруу биздин башкы максат болгон.
– Сиздин башка мырза менен бийлегениңизди көрүп жолдошуңуз кызганган жокпу?
– Мен жумуш менен үй-бүлөнү аралаштырбайм. Жумушумда үй-бүлөмдү, үйдө жумушумду сөз кылбайм! Ал эми бийчи мырза тууралуу айтсам, ал адам менен клипте образ жараттык. Бул менин катардагы клиптеримдин бири, бул жумушум. Андыктан жолдошум түшүнөт.
Асхат Субанбеков,
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg