"АТАМДЫ КӨРСӨМ ДЕП ТИЛЕЙМ"
– Атам Өскөнбек Беккожоевди издеп келем. Мен кичине кезимден бери атамды көргөн эмесмин, туулган жылын, атасынын атын, дарегин билбейм. Апамдын айтуусу боюнча, атам 1990-1991-жылдары Жалал-Абад облусуна караштуу Шамалды-Сай шаарчасында жашаган экен. Андан бери кабар алган эмес. Эгер мүмкүнчүлүк болуп калса атамды көрсөм деген тилегим бар.
Наргиза, тел.: 89257905447
"ДОСТОРУМДУ ИЗДЕЙМ"
– Мен 1977-1979-жылдары Москва облусуна караштуу Одинцово районунун Голицыно шаарчасындагы №420-аскердик бөлүктө Медербек, Төрөбек деген жигиттер менен бирге аскердик кызмат өтөгөм. Азыр өзүм Жалал-Абаддын Аксы районундагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Терс айылында жашайм. Жолугушуп өткөн-кеткенди эстеп, катышып турсак деген тилегим бар. Медербек, Төрөбек, окуп калсаңар мени менен байланышкыла.
Үмөталы, тел.: 0770 42 38 19
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же
koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 88-27-00